Үйдүн чырагы өчпөсүн...

ҮМҮТ КУЛТАЕВА

Үйдүн чырагы өчпөсүн...

(«Атанын керээзи» көркөм фильми жөнүндө ой толгоо)

         2016-жылы адаттагыдай эмес, жөнөкөй актер менен оператор аталып, Дастан Жапар уулу менен Бакыт Мукул тарткан  «Атанын керээзи» тасмасы жаралганда коомчулук андан «керемет» йгиликти күткөн эмес. А бирок ошол эле жылы үч айдын ичинде Эл аралык гана эмес, Дүйнөлүк кинофестивалдарда: Канаданын Монреаль шаарында  өткөн эл аралык кинофестивалда дебюттук фильм катары баш байгени  «Алтын Зенит» (2016, сентябрь),  «Борбордук Азиянын мыкты фильми» номинациясында «Тулпар» сыйлыгын  (Алматы, Казахстан. 2016, сентябрь), Тажикстанда «Теманын актуалдуулугу, мазмун менен форманын жаңылыгы» номинациясында «Дидор»  сыйлыгын (2016, октябрь), Минск шаарында өткөн  «Листапад» фестивалында катары менен 3 сыйлыкка ээ болгондо (Беларусь. 2016, ноябрь) «кыргыз кереметинен» үмүт үзүп бараткан эл элее түштү. Ошондон бери бул тасма эл аралык сыйлыктарга байма-бай катышып, бактыга жараша  куру кол кайтканы сейрек. Айрыкча Италиядагы "Лукания" аталышындагы Маркония шаарында 9-августтан 13-августка чейин өткөн кинофестивалда режиссерлордун эмгеги "Мыкты сценарий" жана "Мыкты толук метраждуу фильм" номинациялары боюнча байгеге ээ болушу, Африкада өткөн эл аралык кинофестивалда баш байгеге, Индиядагы эки эл аралык фестивалдын баш байгесине татыганынын сыры эмнеде? Анын сыры адамдын адамдыгын сыноочу МЕКЕН – АДАМ, ӨМҮР – ӨЛҮМ, АТА – БАЛА ортосундагы түбөлүктүү ПАРЫЗ маселесин коркөм аңдоого алгандыганда. Көрсө, Мекендин ыйыктыгы, муундар ортосундагы байланыш, баланын ата-эне алдында өз парызын аткарышы бир эле кыргызга эмес, бүткүл адамзатка таандык руханий баалуулук тура.

        

Фильм тартылган кезде болгону 28 жаштагы  Дастан Жапар уулунун идеясы менен актер Бакыт Мукул авторлош болуп тартылган фильмдин жаралганына  10 жылга жакын убакыт өттү. Бир көргөндө көңүлгө кыттай орноп калган бул тасманын элеси, анын маани-маңызы  эл башынан өткөн өзгөчө учурларда эске түшө берет. Аэропортто, поезд вокзалда агыла кетип жаткан миграциялык толкунду көргөндө, бөтөн жер, бөтөн элде жан таслим болгон жарандардын сөөгүн алып келүү азабы жөнүндө жарыяларды окуганда, мекендеги эркиндиктин баасын билбей мектеп балдары бирин-бири өлтүргөн шумдукту укканда, ата-эненин мээриминен ажырап, көрүнгөндүн колунда калып кордук көргөн бактысыз балалыкка ич ачышканда, 5-6 баласы туруп, каралбай калганда карылар үйүнөн башпаанек издеген ата-энени көргөндө, дагы, дагы жүрөк ооруткан кырдаалда «Атанын керээзи» көз алдыга тартылат. Бул — чыныгы искусствонун касиети...

 

          Фильмде өзгөчө шаан-шөкөт, укмуштуу окуя, «мекен» деп, ага күйүп жаткандай көрүнгөн калп кыйкырык, саймедиреген куру чечендик жок. Тескерисинче, ата-энеси Америкага акча табуу үчүн миграцияга кетип кароосуз, чалдыбарга айланган үйдүн абалы: сынган терезе, көчкөн дубал, кирдеген үй ичи,  чөп басып, жапайы талаа кейпиндеги короо, сабагында кургап калган короодогу жемиш-бак... Ушул  көрунүш  баш каарман Азаттын Мекенине келгендеги ичинен кандайдыр санаа эзген,  түнт маанайына шериктеш... Үнсүз пауза – каармандын санаалуу  чоң кайгысынын метафорасы. Мындай көркөм ыкма Б.Жакиевдин «Атанын тагдыры» драмасында да жыш колдонулган. Бул фильмдеги пауза өзүнүн өзгөчөлүгүнө ээ. Аталган драмадагы паузанын себеби улам ачыкка чыгып, көорүүчүгө даана билинип турса, бул фильмдеги пауза ичине туюк сыр катып турат.

 

  Мелтиреген баш каармандын жаш курагына туура келбеген ичтен тунжуроосу, ойго тунуусу, көңүл маанайын басып турган белгисиз бир оор жүк, жанын кыйнаган көйгөй копкө ачыкталбайт. Ушунун өзү көрүүчүнү да ойго салат. Азаттын жалгызсыраган абалы менен ээнсиреп, таштанды кейпин кийген  үйдүн кебетеси түнкү дүлөй тынчтыкка «жолдош»... Каармандын ушул абалы көрүүчүнүн да дүлөй тынчтыгын  шарттап, кинозалдагы жымжырттыкта «чымын учса» угулат.  Көрүүчүнүн жан дүйнөсүн ээлеген дал ушул тунжуроо фильмдеги психологизмди улам тереңдетип, сюжеттик окуянын чиеленген түйүнүнө жетелейт.

12.10.2025

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.