ҮМҮТ КУЛТАЕВА:
КЫРГЫЗ ТАРЫХЫЙ РОМАНДАРЫНДАГЫ ТИПТҮҮЛҮК: ЭПИКАЛЫК САЛТ ЖАНА МОТИВДЕР
Улуттук адабий процессте роман жанрына болгон кызыгуу жанданып бараткансыйт. Бирок адабий сыныбыз “оор уйкудан али ойгонбой”, кыргыз романы канткенде улуттун жан-дүйнөсүн тазартуу касиетине ээ болот? – деген маселе күн тартибинде кыймылсыз туруп калды көрүнөт.
“Роман жаралганда эле улуттук түскө ээ болду – дейт, А.Гулыга – , Англияны Диккенс баяндай билет, анын китептери ушул өлкөдө гана пайда болушу мүмкүн; “Адам тамашасы” – бир гана Францияда. Германияда такыр башка интеллектуалдык роман калыптанды. “…Романдын европалык тиби немистин улуттук мүнөзүнө туура келбеген жат көрүнүш” — дептир Т. Манн. “Биздин мыкты романдар — кайра кийинген философия”(Гулыга А. Мудрость трагедийного эпоса. // Литературная газета, 1987, 25-февраль) — дейт, бул пикиринди колдогон Г. Гессе.
Демек, кыргыз романдары кыргыз адабиятында гана жаралышы мүмкүн. Эгер андай болбосо, башка таасирлер, таңууланган теория, идеологияга “баш ийген” көркөм туундулар мезгил сыноосуна туруштук бере албастыгына совет доорундагы бир топ чыгармалардын тагдыры далил. Албетте, бул адабий таасирди тануу дегендикке жатпайт. Ал болгон жана боло берет. Ошол эле совет доорунда Ч.Айтматовдун чыгармаларды ааламды чарк айланган темп менен окулуп, башка тилдерге которулуп, миңдеген нускада жарык көргөндүгү да кыргыз адабиятынын адабий тажрыбасы. Ошентсе да роман жаралуу үчүн турмуштун өзүнүн романдашуу зарылдыгы (К.Даутов), тарыхый жанрда өзгөчө актуалдуу мүнөзгө ээ. Анткени “…адабий жанр өзүнүн табиятында адабияттын өнүгүшүндөгү туруктуу, түбөлүк тенденцияны чагылдырат. Жанрда архаиканын өлбөс элементтери сакталат. …Жанр бүгүнкү күн менен жашайт, бирок өз башатын, өткөндөгүсүн дайыма эстеп турат” (Бахтин М.М. Проблемы поэтики Достоевского. 4-е изд. – М., 1979. – 121-122-б). Өзүбүздүн төл сөз менен айтканда жанр “жети атасын” унутпайт. Ушул маселе кыргыз тарыхый романдарында кандайча орун алганын “Көк асаба” (1989), “Көчмөндөр кагылышы” (1993), “Сынган кылыч” (кайра иштелген варианты) (1998), “Хан Ормон” (биринчи китеп-2000; экинчи китеп-2001) романдарынын материалында карап, типологиянын туруктуу сакталганына таң калбай коюуга болбойт. Албетте, тарыхый чыгарма жазган жазуучулардын ортосунда бул типтүүлүктү сөзсүз берели деген “келишим” жок деңизчи. Андай болсо эмне үчүн бул эпикалык салт жана мотивдер бардык тарыхый романдарда туруктуу сакталып келет? Алар кайсылар? Чогуу ойлонолу.
Санжыра
Кыргыз тарыхый романдарында активдүү колдонулган эпикалык салттардын бири – санжыра. Башка элдин тарыхый романдарына архивдик документ кандай зарыл болсо, кыргыз тарыхый романына санжыра ошондой эле зарыл каражат. Анткени санжыра кыргыз элинин этнос катары калыптанышынын генетикалык башаты, “элдин эн тамгасы жана анын таануу белгиси” (Ч.Айтматов). Анын үстүнө санжыранын чыгармадагы эң улуу, нарктуу адам тарабынан айтылышы да бир жагынан кыргыз турмушундагы реалдуулукка төп келсе, экинчиден ал т а р ы х ы й э с т у т у м д у н милдетин аткарат. Санжыранын мазмунундагы тарыхый чындык менен көркөм чындыктын синтези көчмөн турмушта тарыхый инсандар, турмуш окуялары жөнүндөгү реалдуу чындыкты негиз кылып, ага элдик көркөм аң-сезимдин жардамы менен нравалык идея берип, кийинки муунду тарбиялоого мыкты курал катары пайдаланган. Ошондуктан санжыра кайсы бир деңгээлде көчмөн эл үчүн тарыхый романдын милдетин аткарган.
Биз аталган романдардагы санжырага саресеп салып көрөлү. “Көчмөндөр кагылышынын” биринчи эле бөлүмү Жумгал өрөөнүндөгү Кулжыгач элин башкарган Качыкенин жашы жүзгө таяп калган Ниязбек карыя (Ормон хандын атасы) менен жоолугушунан башталат. Адабий салт боюнча (көбүнчө реалдуу турмушта деле) карыяга жолуккан соң, карыя жаш адамдын тегин же жети атасын сурайт, болбосо өзүнүн жетеси-жотосу тууралуу түшүнбөгөн суроосун кичүүсү суроого тийиш. Чыгармада Ниязбек Качыкенин уруусунун генетикалык башатынан баян салды: “Тээ алыс бир заманда Тагай бий хандын каарына калып ордого камалган. Кийин бошонуп чыкканда калыңсыз үйлөнгөн кош бой аялын ээрчиткенден намыс көрүп аманат айтат: