Иоганн Вольфганг фон Гёте
Асман бейпил көмкөрүлүп жатканда, Аба сындуу жутам сени, Балжаным.
Көз карашың эстетип.
Мен жөнөдүм, а сен калдын,
Көздөрүңөн жаш ирмеп.
Сүйүү — бакыт, эсине алгын,
Түшүн жана жыргал деп.
АЙГА
Ай нурун чачып турат бу
Аймалап токой, шиберди.
Ай, укмуш! Ушул убакты
Арттырат кубат-жигерди.
Талаанын моокун кандырып,
Таралат сенин нурларың.
Элжиреп, анда, албырып,
Эсиме түштү мурдагым.
Өткөндүн кайгы-кубанчы
Өзөктө жанат турбайбы.
Келечек күтөт уланчу,
Өткөн иш — демек кур кайгы.
Ага бер, булак, ага бер!
Мөңкүштөп, туйлап, талпынып.
Бара бер, алга, бара бер!
Кеткенди артка калтырып.
Менде да болгон бир нерсе
Мерчемге, ойго жетпеген.
Мертинип алып бир кезде
«Эх!» дегем, кейип «эх!» дегем.
Ага бер, булак, ага бер,
Жүрөктүн коштоп согушун.
Дарыдай болот мага эгер
Дем берип турса добушун.
Кычырап келген кышта да
Кайыгып изде күн көзүн.
Жаз келип турат тышта ана,
Жаш бүчүр сенден бүрдөсүн.
Турмушта такыр болбосун
Кекенүү, кытмыр такмаза.
Күтүүдө мени жан досум,
Көңүлү айдай таптаза.
ТАБЫЛГА
Жай гана аралайм
Токойдун черлерин.
Эч нерсе карабайм,
Сейилдөө эрмегим.
Көлөкө бир жерден
Гүл көрдүм жапайы.
Көзгө окшоп ирмелген
Тажысы башайы.
Үзсөм деп эңкейсем,
Сүйлөдү үн катып:
Сындырып жүрбө сен
Алууга кургатып?
Тамырын кыйбастан,
Гүлдү алып кеттим мен.
Багымдын гүл ачкан
Жерине эктим мен.
Өсүп гүл тынч жерде,
Жалбырак байлады.
Күн нурун көргөндө
Көздөрү жайнады.
СУКТАНУУ КАЙРЫКТАРЫ
I. ВЕРТЕРГЕ
Ыйга баткан пенде дале умтулат,
Ар убакта жарык күнгө, жашоого.
Биз жолуксак турган жерде гүл бурап,
Сенде болбос менден чоочуп, тайсалдоо.
Кең асманда тынбай сүзгөн сүзүлүп,
Эң алгачкы күндүн чыккан нурлары ай!
Талаа, түздө шүүдүрүмдөр тизилип,
А сен андан лаззат алып тургандай.
Кала берем, айрылууну тоготпойм,
Сен кетсең кет, а мен көптү жоготпойм.
Ар адамдын тагдыры бар өмүрдө,
Кээлер ачык, кээлер өтө түнт келет.
Өскөн өңдүү кээлер бейиш төрүндө,
Ар бир күнүн үлпөт менен өткөрөт.
Көрүшүү бар, а бирок баш-аламан,
Кээде жанын өзү менен өзү алек.
Бул турмушта боло бербейт каалаган,
Адамдардын ичи, тышы ар бөлөк.
Жалтырагы болсо жаман тышында,
Алар көрбөйт колдо бакыт кушун да.
Биз билебиз аял заты бат гана
Сүйүү менен бизди чырмап аларын.
Анда бозой жүргөнсүйт гүл бакчада,
Жазгы күндөй жаркылдатып кабагын.
Анын жаны кубанат да, кулпурат,
Жашоо үчүн шашат, алга умтулат,
Бүткүл дүйнө энчисине тийгендей.
Сепилдерден, тоскоолдордон ийменбей.
Куш учкандай токой үстүн айланып,
Бозой калат сүйгөнүнө байланып.
Ашыгынан көз карашын албайт ал,
Кайда барса, аркасынан калбайт ал.
Эрте туруп же кечигип калгандай,
Эргүү, чөгүү абалында ар кандай.
Эң кыйыны — ажырашуу азабы,
Жолугушуу — демек, жыргап, тазаруу.
Мезгил анда аткан октой тезделет,
Бирок дале айрылышчу кез келет.
Досум, мынча кылмындайсын кубанып,
Даңк келдиби айрылууга уланып?
Кырсыгыңды түшүрүү жок арзанга,
Сен тозокко бизди түртө салсан да.
Калдык кийин чоочун тагдыр колунда,
Баш айланып ашыглыктын жолунда.
Акыр анан болдук биз да бөлүндү,
Ага жалаң теңесек жөн өлүмдү.
Болбос үчүн ошол өңдүү айрылуу,
Уккулуктуу, назик ырлар кайрыйлы.
Жан кыйнайбы, тозок отко чырмайбы,
Тагдыр жазса, биз баарына чыдайлы.
II. ЭЛЕГИЯ
Эгер адам кайгырса,
Көнүу керек — тагдыр да.
Жолугуулар мага эмине беришти,
Эмне күтөм ачыла элек гүлдөрдөн?
Ачып койгон сага тозок, бейишти,
Акыл, сезим жай табалбайт бир жерден.
Тагдыр сени кийриш үчүн бейишке,
Же көтөрөр, же чөктүрөр кейиште.
Эгер жетсең сен турмуштун баркына,
Ошол болор бейиштен жай алганьщ.
Же жашынып үмүтүңдүн артына,
Максатына тебелетсең ал жагын,
Анда такыр билет экен дебегин
Сагынычтын, аккан жаштын себебин.
Зып-зып этип күндөр учат канаттуу,
Мүнөттөрдү айдап улам алдыга.
Сүйүшкөндөр өбүшкөнү адат бу,
Көпкө кетпей калат анын даамы да.
Мезгил чууруп, саат болуп ириде,
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.