Иоганн Вольфганг фон Гёте
Асман бейпил көмкөрүлүп жатканда, Аба сындуу жутам сени, Балжаным.
Ал сааттар окшойт бири-бирине.
Коштошордо өбүү таттуу канттан да,
Кое бербей жолду бирөө буугандай.
Бут дирилдеп, босогодон аттаарда,
Тышта Херуб3 кылыч кармап тургандай.
Улам тиктеп көз карашың далбаса,
Көргүн ана, жабык турат дарбаза.
Ачылбаган дарбазадай жүрөк да,
Тынчып калды кабарсыз жок болгондой.
Жылдыз менен тең жарышып жүрөт да,
Эч үн катпайт, кубанычка толгондой.
Каптагандай салкын, ачык абаны,
Күлкү, өкүнүч, жабыр тартуу абалы.
Бүт дүйнөнү каптап эми жыш кайгы,
Аска-зоону булут чүмкөп торгойбу?
Эгин-тегин мындан ары бышпайбы?
Чөп чаппайбы, көк тулаңды орбойбу?
Көз мелжиген мейкиндиктер түбөлүк
Бүтөт бекен, учу-кыйры түгөнүп?
Жеңил, назик, суйкайынкы жаш сулуу,
Ай сыяктуу булуттардан суурулган,
Көзгө түшүп, түшпөй ава аркылуу,
Бийлеп жатса, а сен ага урунган
Учурда ал, миң буралып жанса да,
Дүйнөдө жок асыл окшойт ал сага.
А бирок сен закымга кол сунбагын,
Жете бербейт умтулгандын баары да.
Жүрөктү тый, далай селки — курбалың
Кез келишер эми мындан ары да.
Анык дечи арасынан алардын,
Сен бирөөнү жакшы көрүп каларың.
Сен үйүңдөн чуркап чыгып жүгүрүп,
Бек кучактап өпкөн кезиң эсимде.
Өөп жатып, табынып да жүгүнүп,
Бир так калды кош айтышар кезимде.
Кээде үшүнтүп, сүйгөнүндүн элеси,
Жүрөгүнө так да салат эмеспи.
Сактай билгин жүрөктөгү тамганы,
Өз элесин калат бөтөн жүрөктө.
Эстегенде толкуп-ташар жан дагы,
Бир элесин окшоп өчпөс сүрөткө.
Ал жүрөктүн атыңды атап какканын
Угар дайым кулагы да башканын.
Алда кимге жаны күйгөн сүйүү отун
Жалындатпай, койсо бирөө өчүрүп,
Демек, үмүт, кубанчыңды жоготтук,
Анда ошону иште сен да көчүрүп.
Сен сүйгөндөй сүйүп ичиң жылытса,
Анда колун жеткени да жылдызга.
Эгер тартып сүйгөнүндун азабын,
Денең муздап, кайгы ээлесе жүрөктү,
Билалбасан кантип чериң жазарын,
Уйкуң качып, түштөр кирип күн өттү —
Анда чыда, чырагындай дүйнөнүн
Бет алдыңдан чыгар жарк деп сүйгөнүн.
О, жараткан, адам кантип билбесин,
Салып көрсө акыл менен сезимге:
Махаббатка эч нерсе тең келбесин,
Өткөн кезде же бүгүнкү мезгилде!
Качан болсо бир калыпта турганы,
Селкилерге бозойлордун кумары.
Байкуш жүрөк көөдөнүмдө муштумдай,
Туталанат жалаң сүйүү аркылуу,
Алда кимге далбас уруп эч тынбай.
Атын айтпайм, ал жүрөктө катылуу.
Ырас ага албууттанып шашканым,
Кыйын сүйүү ашууларын ашмагың!
Сен тиктесең, нурун мага чачырап,
Сен дем алсаң жазгы жыпар жел келет.
Күлсөн кошо менде кумар жазылат,
Жүрөк музу аны менен эмделет.
Сен караган көзүндөгү жоодурдан,
Мен айыккан окшойм сары ооруудан.
Селки айткандай, алга жылса убакыт,
Келбесе да кечээ кеткен күнүбүз,
Жүрөктөрдү коет бир топ кубантып
Эртең эмне, айталабыз кимибиз?
Кеч кириши — болсо да көп кейиштүү,
Батар күндөн сезгенсийбиз бейишти.
Мени менен бирге таап жыргалды,
Сүйүүн менен мени кошо жылыткын.
Катарымда жалгыз гана бир жанды —
Сени сезсем, сезем жыпар гүл жытын.
Келчи бери, ортодо өмүр гүлдөсүн,
Мага кымбат баскан издер бир өзүң.
Тагдыр сага берген назик көз караш,
Бал кошкондой ширин, таттуу ар сөзү.
Сунган колу сага жеткен ар бир жаш,
Болгон өңдүү тагдырынын эркеси,
Жалгыз гана сен окшодук таалайым,
Өлсөм өлүп, ажырабай калайын!
Айрылыштык! Оордугун ошонун
Сага айтууга тилим жетпейт ардагым.
Жыргап жүрдүм өзүң болуп кошогум,
Азыр ал жок, ичим толо арманым.
Сагынч мени алды курчап саргайтып,
Көз жаш төгүп жатам аны сага айтып.
Жүрөк байкуш тынчый албай булкунат,
Ичим жалын, ичте толо көк түтүн.
Кубанч, азап көкүрөктө бир турат,
Өмүр, өлүм окшоп мага бир бүтүн.
Дары болсо азабымды дарылаар,
Эрк, акылдын болсо менде баары бар?!
Бозой үчүн калат селки жетишпей,
Көз алдында дайым болуп элеси.
Бирде оолактап, бирде жандан кетишпей,
Аптаптагы закым окшойт ал өзү.
Селки жандын тынчын ала береби,
Жээкти урган толкун өндүү береги?!
Азиз достор, жөн койгула жайыма,
Тоодо, түздө өзүм жалгыз болоюн.
Силердики болсун дүйнө дайыма,
Асман, жерди талашпай жөн коёюн.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.