Иоганн Вольфганг фон Гёте
Асман бейпил көмкөрүлүп жатканда, Аба сындуу жутам сени, Балжаным.
Табияттын ачып жан.ы сырларын,
Жыйнагыла, үйрөнгүлө бүт баарын.
Жүрөм азыр өзүмдү өзүм табалбай,
Тагдырымдан мен адашып калгамын.
Турмуш сырын албайм анча дааналай
Байлык берип, сезем арбап салганын.
Тагдыр мага тил берген соң сүйлөөгө,
Сүйлөйм күн, суу түгөнгүчө дүйнөдө.
III. ЫНАКТЫК
Шайдооттонуу оңой эмес. Кыйналган
Жүрөгүмдүн кайгысын ким басалат?
Өткөн мезгил кайда барып жыйналган?
Эси жоктор эч жөнү жок жасанат.
Көпкө тоскоол көңүл кирдеп турганы,
Акыр өчөт өңдүн кызыл нурлары.
Эгер турса үндү бир үн коштоолоп,
Мукам үндүү музыкага айланат.
Ага адамдын табити да козголот,
Сезимиңди ырахаттуу аймалап.
Музыка үнү көрүнбөстөн көзүнө,
Көңүл сергүү алып келет өзүңө.
Ар бир адам музыкага кумарлуу,
Жүрөк толкуп, табат учкул элести.
Музыка угуп, музыкага кубануу
Же түшүнүү — бул чоң өнөр эмеспи.
Музыка үнү жаңырыктап түбөлүк,
Болсун асыл махабатка күбөлүк.
3. Херуб — христиан дининде бейиштин эшигин кайтаргандар.
Адис редактор: Абдыкерим Жолдошбеков
Түзгөн: Мырзаян Төлөмүшев
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.