СҮЙҮНБАЙ ЭРАЛИЕВ
Есенинден котормолор

Сергей Есениндин «Парс ыргактары» түрмөктөрүнөн
***
Ушул бүгүн мен сурадым сараптан,
Жарым жүзгө канча бир сом келерин,
Лалам үчүн жанды тартып бараткан
Перси тилде «сүйүү» кандай делерин?
Ушул бүгүн мен сурадым сараптан,
Ван шарынан басмырт тартып эгерим,
Лалам үчүн тагдыр мага жараткан
Перси тилде «өптүр» кандай делерин?
Анан дагы мен сурадым сараптан,
Араң кармап сүрдөп турган денемди,
Лалам үчүн мага кумар тараткан
Кантип айтам: «өптүр мага» дегенди?
Сарап мага жооп берет кыскарак:
Ашыглыгын эч ким айтпайт сөз менен
Өз ичинен үшкүрөт да кызганат,
Карайт анан күйгөн эки көз менен.
Өбүү деген кирбейт сөзгө, санатка
Ат жок анда, жашайт жалаң дээринде.
Өз кезинде кызгалдактай жанат да
Лепестками тая на губах.
Ашыглыкты сурап алуу жок жана,
Сен ал үчүн зар какшоого милдеттүү.
«Сен меники» деп айталат кол гана
Сыйрып жатып жүзүн жапкан чүмбөттү.
***
Саади төштөн өпчү деп,
Сөзүң уктум сүйлөгөн.
Бир аз сабыр эт чүрөк,
Ага мен да үйрөнөм.
Ырдайсың кээ күндөрү:
«Кыздан бетер көрктүү – деп
Ефраттын гүлдөрү».
Антпейт менде көкүрөк.
Минтип ойлоп жатканым,
Ал гүлдөрдү мен үстүм.
Шаганэмдей таппадым,
Арытсам да жер үстүн.
А-бу деген жөрөлгөң
Жакпайт, аны кат ары.
Акын болуп төрөлгөм,
Өбөм акын катары.
***
Мен эч качан көргөнүм жок Босфорду,
Бирок бир аз карай калсам токтолуп,
Сенин көзүң кудум деңиз окшоду
Күйүп турган көгүш түстүү от болуп.
Мен Багдадга кербен менен барбадым,
Буюм-тайым алпарбадым сатууга.
Бирок ичке белиң ийип ардагым,
Уруксат эт тизеңде уктап жатууга.
Мен канчалык сурансам да, сыягы
Эч бир элес албайт окшойт акылың:
Билбей койдуң алыскы Россияны,
Жана дагы анын даңктуу акынын.
Жүрөгүмдө жалаң орус гармону,
Үргөн ити жаңырыктайт ыр өңдүү.
Персиянка эч болбосо бир жолу
Көрсөң боло биздин жашыл өрөөңдү.
Мен келбегем зериккенден бу жакка,
Сен алдыртан азгырганга окшодуң.
Мени акырын кысты жылуу кучакка
Эки бирдей канат өңдүү кош колуң.
Өткөн өттү, эскергенде аны эмне,
Жаным жалаң тынчтык тилейт кээ күндө.
Эч болбосо анча-мынча аңгеме
Айтсаң боло а сен өлкөң жөнүндө.
Гармонь тартчы, бул авалым түшүнүп,
Бачымыраак эрит көңүл муздарын.
Куса болуп башты жерге түшүрүп,
Сагынбайын мен түндүктүн кыздарын.
Мен эч качан көргөнүм жок Босфорду,
Ойго ылайык мен өзүмчө ойлогон:
Сенин көзүң кудум деңиз окшоду
Көгүш-жашыл толкундарда ойногон.
***
Саргыч күрөң өрөөн жакта күүгүмдө
Гүлдөр жерге тарайт элпек аяңда.
Асылкечим, ырдап койчу бу күндө
А баягы жаккан ырды Хаямга.
Гүлдөр жерде тарайт элпек аяңда.
Шираз ана ай нуруна бөлөнгөн.
Шыгыратып жылдыздарын түн көктө.
Персиялык салтты жаман көрөм мен
Катын-кызды катып алган чүмбөткө.
Шираз ана ай нуруна бөлөнгөн.
Алар антсе муздайбы же ысыктан,
Чүмкөп алып коло түстүү денени?
Же болобу жигиттер көп кызыккан?
Же күйбөсүн күнгө бети дегени,
Чүмкөп алса коло түстүү денени?
Асылкечим, ал чүмбөттөн кыскана
Айтам сага: алып ташта, кат муну.
Ансыз дале биздин өмүр кыска да,
Ансыз дале аз сезебиз бактыны.
Асылкечим алып ташта, кат муну.
Билсең бардык жарашыксыз өңдүн да
Бар өзүнчө жарык берчү нурлары.
Демек жүздү сен жашырбай көнгүн да,
Калсын ошо калыбында мурдагы.
Табияттын бергени да бул дагы.
Кең талаада гүлдөр жайнайт күүгүмдө,
Чоочун өлкө козгойт ички сырларды.
Асылкечим, ырдайм сага бу күндө
Хаям такыр ырдабаган ырларды.
Кең талаада гүлдөр жайнайт күүгүмдө.
***
Ава таза, тунук көгүш түспөлдө,
Гүлдөрү көп жерге келем кеч убак.
Сен жолоочу ушул жолго түшкөндө
Чөл талаага жеталбайсың эч убак.
Ава таза, тунук көгүш түспөлдө.
Көк тулаңдан өтсөң бактан өткөндөй
Бакта болсо гүл шыкалат жапайы.
Жыты бурк деп мурун жарып кеткендей,
Жата калып сен искейсиң атайы.
Көк тулаңдан өтсөң бактан өткөндөй.
Жаңырыкпы же шырп эткен давышпы,
Назигиндей кудум Саади ырынын.
Сакталгансыйт көз ирмемде дал ушу,
Жарашыгы айдын саргыч нурунун.
Назигиндей кудум Саади ырынын.
Перилердин добуштары жаңырат
Сывызгыдай Гассанда жай тартылган.
Жанды кайра койгон окшойт жаңылап
Кучак гана кымча белге артылган.
Сывызгыдай Гассанда жай тартылган.
Өмүрүндө максат кылып ал муну,
Сен сапарда азап чегип куураган.
А мен болсом жыргатар жел аргыны
Жутам тынбай тамак менен кургаган.
А мен жутам жыргатар жел аргыны.