Кадыркул Даутов

КАНДАЙ АКЫН ОРИГИНАЛДУУ БОЛОТ, ЖЕ АНАТАЙДЫН АЧЫЛЫШЫ

Кадыркул Даутов

Агартуучу, саякатчы акын башынан өткөргөн окуяларга туш кылган күндөрдүн баарына тиешелүү жаратылыш жана Адам өмүр жолунун орчун проблемаларын көтөрүп чыккандыгы аркылуу гана эмес, аларды чыныгы эстетикалык асылдык баалуулукка айлантып бергени менен өлчөнүп-ченелет. Дегинкиси, бийик Памир дүйнөсүнүн сырын жакшылап билиш үчүн ал жөнүндө угуп, же жандап көрүп өтүш жетишпейт, абдан аздык кылат. Анын ичине чындап кирип, жашап көрүш керек болчу. Табигый талант ошондо гана чындап ачылат. Өзүнө кайталангыс оригиналдуу дүйнө табат. Кыргыз адабиятына жаңылык киргизет.

Анатай Өмүрканов да улуу-кичүү акын-жазуучуларына өз сөзү, өз үнү, өзү гана ырдаган темасы менен келип кошулуп жатыптыр. Бирок, мындан да чоң, мындан да баалуу дүйнөсүн алдыда көрсөтөбү, айтканын угуп, жазганын жакшылап окучу:

 

Көп керемет боло берет турмушта,

Жүрүп-жүрүп эч билинбей, угулбай,

Бир көрүнсөм көрүнөрмүн кыргызга

Капилеттен чыга калган куюндай.

 

Мен таң калып, мен суктанып турмушка

Аз-аз жазып, көптү байкап баамдай,

Бир төгүлсөм, төгүлөрмүн кыргызга

Күтүлбөстөн жаап кирген жаандай.

(36-бет).

 

Табият тартуулаган талант бар, ички даярдык бар, ишенич бар. Күтүш гана зарыл. «Бир төгүлсөм, төгүлөрмүн кыргызга» – деп бекерден күүлөнүп албаса керек.

 

 Октябрь-ноябрь, 2015.

 

24.12.2025

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.