Кадыркул Даутов
КАНДАЙ АКЫН ОРИГИНАЛДУУ БОЛОТ, ЖЕ АНАТАЙДЫН АЧЫЛЫШЫ
Анатай Өмүрканов ал кездерде газета, журналдарга анча деле жарыяланбай, башка республикалардан бери келишчү жаш акындардын фестивалдарына катышып жүргөндөрдүн арасынан да учуратпаптырбыз. 1964–1966-жылдарда Университеттин адабий кружогуна канчалаган акын-жазуучулардын чыгармаларын талкуудан өткөрбөйт элек. Бирок, Анатай деген жаш акынды окубаптырмын да, билбепмин да. Ал турсун Анатай иштеп, жашап жүргөн Памирдин дал ошол Мургабында туруп калышкан жакын абалардын чакырыгы менен эки жолу (1967 жана 1970-жылдары) болуп келсем да, аны учуратпапмын. Эгерде көрсөм, балким, бул ырларды Мургабда кол жазма түрүндө окуур белем. Анткени, «Мөлтүр сезим» ошол кезде эле сезондук саясый кампаниялардан сырт, партиялык чакырыктар менен буйруктардын таасири анча тийбеген шарттарда жаралып, тамырын бекемдетип келаткан экен. Тагдыр-буйругу акындын ажайып сырдуу көрүнгөн экзотикасы менен бийикти сермеген романтикасын сыйрытып салып, мурда түшүнө кирбеген катаал турмуштун катаал шартында жашатып баарын өз көзүнө көргөзүп койду.
Чыныгы Ата Мекен, тууган жер деген эмне, ата-эне, тууган эл деген ким экендигин бирөөлөрдөн угуп, китептен окуп жүргөндөгүдөй эмес, тээ ыраактын ыраагында салт-санаасы, психологиясы, тили, жашоо ыңгайы бөлөк, өз жакындары жок, бөтөн элдердин ичинде калган адамдын тагдырындай тагдыр күттүрүп таанытыш керек окшобойбу. Акындын Памир ырларынан жасалма эрдик менен жасалма патриотизм кыйкырыктары каардуу чындыктын капшабында үнү чыкпай, аты угулбай тымып калышыптыр. Майда очерк менен газеттик кабарлар гана объект болуп берчү факты-материалдарды бийик стилде жазылчу поэзияга айланткысы келген жеңил-желпи көрүлчү иш-аракеттер да байкалбайт.
Эң негизгиси – алдыңкылар стандартташтырып салышкан конформизмдин алкагында тегеренип жүрө бербей, жылаңач турмуштун накта өзүн ырдатып алганы. Муну акындын изденүүсүндө жетишкен чоң ийгилиги десек болот. Эч кимди кайталабайт. Жашап, иштеп турган жердин табияты башка, эл башка, жашоо ыңгай башка. Андай болсо жазылчу тема да, берилчү идея да, сүрөттөлчү ландшафт да башка. Анда ырдын жазылышы да башкача болот. Ошентип жаңы турмуш шарттары Памирге келгенге чейинки өткөндөрдү кайталоодон үзүлө элек үйрөнчүк жаш акын Анатай Өмүркановдон жекече оригиналдуу ой жүгүртүп, оригиналдуу ырлар жазууга жетишкен чыныгы профессионал акын АНАТАЙ ӨМҮРКАНОВДУ бөлүп алышыптыр.
Эгерде ал мындай абалда калбаса, тууган жердин, тууган элдин, ата-эненин ыйыктыгын дал ушунда жүргөндө түшүнүп чыкпаса, булар жөнүндөгү жогоруда белгилеп өткөн жакшы ырлар кайдан жаралмак. Күндө почтадан кат сураткан махабат ырларын жаратышка күч бердиртип келген күч да ушул аралыктын алыстыгы болууда. Мисалы, койчуман иниси Каныбек менен бирге окуган классташтарынын, же курсташтарынын жанында жүрсө, ушундай катуу сагыныч, боор толгоолор жаралат беле?
Таланттын формага келишине ыңгайлуу шарт түзүлүп, ырастап жаркырап ачылып беришине тынымсыз түрткүгө алдыртып турган зарылчылык болуш керек. Жогоруда айтып өткөндөй, тагдыр күтүлүш керек. Тагдыры жок талант эч убакта ачылып жарыбайт. Дүйнөдө эң эле зор иш жасоо – чындыкты айтуу болсо, атайын кылмышка баруу – өз талантын өзү өлтүрүү. Поэзияда жасалма туюнтулган бир сабың – майып төрөлгөн бир балаң. Ага өтө кылдат, өтө назик эстетикалык жандуу сезим, терең адабий билим керек. Анан үзгүлтүксүз изденүү, ак эмгек, табият тартуулаган тубаса талант...
Анатай Өмүрканов өмүрүндө бул жолку абдан маанилүү, абдан татаал да, катаал да, абдан зарылдыгы бар узак сапарга аттанып чыгып чоң олжолуу кайткан экен. Бийик жоопкерчиликтин, өзүн-өзү тарбиялоонун, көркөм образдар менен ойлоонун, жеке өз стилин табуунун, башкача айтканда, өз ырларынын ичинен өзүнүн «МЕНИ» көрүнүп туруштун белгилерин өздөштүрүүгө алгылыктуу арым таштап кайтыптыр. Эгерде беш жылга жакын кой кыркым, пахта терим, кызылча казуу, адабияттын партиялуугу, соцреализм, тап күрөшү өнүккөн социализм, шаар менен кыштакты теңдештирүү делген сыяктуу сезондук саясый, идеологиялык, чарбалык катмарлар жүргүзгөн үндөөлөрдүн таасиринде жүрө берсе, балким, мындай оригиналдуу ырлар жазылбай, Анатай Өмүрканов аттуу белгилүү акын чыкпай калышы мүмкүн эле. Андайларды көп көрдүм.