Кадыркул Даутов
КАНДАЙ АКЫН ОРИГИНАЛДУУ БОЛОТ, ЖЕ АНАТАЙДЫН АЧЫЛЫШЫ
Ошол үчүн ал каттан «...өзүнө тааныш демин угуп, ...жылуулугун сезип, ...каттарынан өзүн көрүүгө, ...элестетип кайта-кайта дале каттарынан өбүүгө» кумарланат. Махабатты көксөгөнү көксөгөн, кайра катуулайт. Акындын сүйүүгө берилгени ушунчалык керектүү экен: «Каттын барагы бүт дүйнөнүн ысыгын кармап турат». «Ар бир катын ...тагдыры менен бир бүткөндөй күтүп» келет. Мында дил тазалыгы, махабат күчү, адамдын мүнөз сапаты, эстетикалык асылдык дүйнө жаратууга жасалган аракет, баары бирин бири толукташып келип, куру калдырак жасалма пафос, жалган боёк, саясый шаңдуулуктан сырт, табигый түрдө ичкертен түйүлдүк байлап өнүп чыгып, табигый түрдө ой-сезимди козголой алчу нукура поэзия үлгүлөрүнө өзүнүн оригиналдуу ырларын кошуп жүрүптүр.
Анатай Өмүркановдун ушундай эстетикалык баалуулукту жаратууга жетишкен талант кудурети менен олуттуу изденүүдө келаткан иш-аракети махабат ырларынын көпчүлүгүнө таандык экендигин өзгөчө белгилеп өтөөр элем. Ошондой сапатка ээ болгон үчүн, алар жарым кылымга жете убактан бери нарк-насилин жоготпой окулуп да, ырдалып да келаткан чыгар. Узак аралык. Мындай сыноодон акын аттуунун баары эле өтө бербеси чын. Акындыктын бактысы да, трагедиясы да ушунда болот.
Эне мээри башкача го. Баласы ал үчүн дайым бир ишин бүтүрө албай курсагы ач калгандай, көрүп турбаса көңүлү такыр тынчыбайт. Ал чоңоюп, «уул, кыздуу болсо да, апакесине балтыр бешик балапандай көрүнөрүн» билет (43). А баласы алыста жүргөндө энесин эстебей коёт дейсиңби. Санаа тартып сагынганда «...ылдый көздөп сапырылган сайдын ташын карап, көңүлү бук ылаачындай ойлонуп отуруп, менден түшкөн жандуу элес жоголбой жалбырактай айылыма агып барса – уулунан кат келбегенине муңайган апакеси сузуп алышын» тилейт. Ошондо «...Дир-дир этип чайпалбастан төгүлмөкмүн Ай жүзүнө, Күн жүзүнө өбүлмөкмүн» деп айтканындай, бар дүйнөсү толуп, көңүлү көтөрүлүп калат.
Экинчи ырында («Окшоп жүрөм») акын апасын катуу эстегендеги абалын «Сагынычтан саргайган убакта, окшошомун бир жак учу жалбырттап, бир жак учу күйө элек жыгачтай» элестеттирет (43). Акын жүрөгү назик, баарын тез жана түз кабыл алат. Албетте, сөз чыныгы акындар жөнүндө баратат. Негизинен Анатай Өмүркановдун «Мөлтүр сезиминдеги» ата-энеге арналган ырлары да көптөн бери көңүл тереңинде, жүрөк кагуусунда жетилип келип акырында токтотууга таптакыр болбой калганда табигый түрдө «тарс!» жарылып чыккан жандуу саптардан курулганы менен окурман жан дүйнөсүнө таасирлүү кабыл алынат. Андай болсо атасына арналган ырлардан деле окуй кетсекчи:
...Андан бери жылдар суудай агыптыр
Эчен соолуп, эчен ташып күүлөнүп, –
Атам азыр бала болуп калыптыр
Алда нени өз алдынча сүйлөнүп...
Ойноо кезде мен өзүмчө сүйлөнсөм
Атам анда сүйүнгөн ээ жетинбей?!
А азырчы, мен өзүмчө башкарсам
Таарынат да, жатып алат чечинбей.
Байкабастан машинанын жолуна
Басып кетет...
Кармап калам колунан, –
...Жолго чыксам, менден корккон атамдын
Ошондогу сүйүүсүнө жолугам.
– – – – – – – – – – – – – – – – –
(37-бет).
Төрт тарабынан келип кылдат баам жүргүзүп көр. Дүйнөдө бир да күчкө, бир да заң-законго баш ийбеген табияттын өзүнүн бийлиги бар экендигин, ата-бала өмүр жолунун ортосунда кандай өзгөрүштөр болгонун конкрет турмуш далилдеринен апачык эле көрүп, жандуу элестетип турбайбызбы. Акын кичинекей көркөм штрихтердин күчү менен жеке адам мүнөзүнүн белгилерин ачып беришти жакшы үйрөнүп келатыптыр. Мындай сапат белгисиз көркөм образ кайдан жаралат. А көркөм образсыз адабияттын өзү жок жана эч качан жашабайт.
Экинчи жагынан, балага төгүлүп турган эне мээри болсо, ата мээри да бар. Бекерден ата көргөн бала деп айтылып калыптырбы. Акын жылдар жылып, кечээки шатыра-шатман жүргөн атасы «...азыр бала болуп, ар нерсени өзүнчө сүйлөнүп», «...кээде байкабай машинанын жолуна басып кеткенде... колунан кармай калган» учурларда жасалган жылуу да, жооптуу да анык перзенттик карызын таза аткарып жатканы ушул саптарда жашап калган.