Алым Токтомушев

Кудайдын тизмесинин катасы бар

Алым Токтомушев

Жан бирге, биз жабышкан кеме бирге –
Чырмалам чыргоок ойдун келебине…
Дүйнөгө батпай турган күндөр болгон…
О, азыр анын мага кереги не?
1970-ж.

 

* * *

Олтурасың азганым да, безгеним,
Омок кылып жайдын узак кечтерин.
Күндөр өтүп жатканына сүйүнүп,
Күйүнөсүң күйөөң калса кеч келип.

Олтурасың булбулум да, кургурум,
Ороп алган бир тирликтин чындыгы;
Топук кылып азан менен базардан
Толтурганга үйбүлөнүн куржунун.

Шамал тийбес, жамгыр өтпөс, өзгөрбөс,
Окчун жолдо, отсуз чоочун көздөрдө.
Олтурасың, – тереңим да, кереңим
Боюңда бар, оюңда жок эч нерсе.

Жакаң – колдо, жаның дайым уяда,
Келалбайсың – бералбайсың убада.
Чыңырыктай төгалбайсың жашыңды.
Чын дилиңен кагаз, калем сыяга.

Кез болгонсуң кайсы доордо, кай күндө
Куркулдайдын уясындай жайлуу үйгө,
Кездер кайда – чакырыкка чайылган,
Көздөр кайда – түнөк таппас, жай билбес.

Айлар, жылдар, аралыктар өттү көп,
Өтөт дагы – күз эчкиерт – кеч кирет.
Караан үзүп калкылдаган асмандан
Калат жалгыз каркыралар өтчү жер…
1979-ж.

 

КАЗАК АВАЗЫ

Мамбет Койгелдиевге

Оомелжиген кең дүйнө,
Оолжуган азаттык,
Агыйыктар жөнүндө
Айтып ырдайт казак кыз.
Туйлайт тулпар таң ашып,
Оо, казактын талаасы!

Асман агат дайрадай,
Аңыз кептей узайт көч.
Куюндай үн айланат
Кумарынан куса көп.
Кайда каңгы – жол ачык,
Оо, казактын талаасы!

Инген ыйлайт илээлеп,
Илеп тартпай айталаа:
Алыс кеткен бирөөгө
Аба акырын чайпалат.
Таңдан тагдыр талашкан,
Оо, казактын талаасы!

Аттар өтөт шатырап,
Алакөбүк тер менен.
Айтпайт кайда ашыгат,
Асман бийик, жер кенен.
Өмүр кыска, санаа узун
Оо, казактын талаасы!

 

ДОСТУ ЭСКЕРҮҮ

Беганастын эстелигине

Баарыбыз барар жай шол. Бардыгыбыз
бу жерге убактылуу калтырылдык.
качандыр күндүн күмүш кирпигинен
кулайбыз коз жаш сындуу, тамчы сындуу.

Канчалар келип жатат, узап жатат,
Айрылат, кайрылышат, кучакташат.
А дүйнө асман менен, жамгыр менен,
жер менен бир керемет китеп жазат.

Биз анын бир жөнөкөй арибиз.
Да бир жаз, дагы бир жай, дагы бир күз
кетти өтүп. А сен тарап дале тымтырс.
Кетти өтүп. А сен тарап жарык, үнсүз.

Азыр кыш. Айлана аппак, айлана кар.
Азыр түн – бубак бутак саймалаган.
Кыш өтсө барам деймин бейитиңе,
баралбайм, баралбайм го? Кайда маган

Барышка. Тирлик жайын сен билесин,
багыш парс экендигин эр бүлөөсүн.
Унутуп кеткен сымал алда нени,
Анда не мага мынча телмиресиң…

Азыр кыш. Мен жакында отун алдым.
Агарат терезеси кошунамдын.
Ыжылдап жанды жеген көкүрөктүн
Ысымын, ыгын таппай отурамын.

Сен анда жардам бергин. Кезегинде
сокурдай бир таяктын жетегинде
жетилдик. Жардам бергин, ишендиргин
бул үйдө сен экөөбүз экениме.

Сөздөрдү сүйлөп сөзгө окшобогон
биз калдык. Калды сансыз дос, жоролор.
Жалпак тил, жалган кайгы, козжаш түгүл
сени эми козгой албайт боздоп алар.

Анда не аянычтуу кашымдасың,
кардай ак, кыштай муздак азил досум.
Биринчи сен билдиңби, сайран менен
сан иштин кайнап каны кошулбасын.

Билбеиз бардыгыбыз. Тоодой ишке
тирликтен бийик туруп эрегишкен
эрк гана жетпейт бизге. Ошондуктан
түшөбүз түбү-учу жок белен изге…

Сен мага жардам бергин, чыгар андан,
бүтүргүн бүтпөй калган чыгармаңдай.
О андай жокпу катаал салтыңарда?
Кантели. Алда нени сурагандай

не мынча телмиресиң. Аласаңды
турмуштан албай калсаң, алат алар:
тек ушул сенин үнсүз кетишиңди
балдардын тазалыгы таразалар…

 

ҮЗҮНДҮЛӨР

* * *

Каны кастай кайрадан,
Кайра булут, кайра жаан.
Келечек да, өткөн да,
Бир жамгырга айланат.

Шыбыш какмак ким мага,
Шек-шооратсыз мүнөттө.
Эзет жамгыр бир гана
Ээсиз калган жүрөктү…

 

* * *

Күдүк ой, күлүк санаадан
Дүүлүккөн каным суудубу?
Күүгүмгө чөккөн талаада
Күлүк ат чайнайт суулугун.

Жабышып жалга чапсамбы,
Жаштыктын жанса эпкини.
Жамгырдан күндөр картайды,
Жамгырдан түндор эскирди.

 

* * *

Аман Токтогулов каза болгондо

Каз элек катар учуп каркылдаган,
Канаттар күн нуруна жаркылдаган.
Кайдадыр айып болуп жок болдуңар,
Калтырып калп дүйнөнүн артын маган.

Тиленип, тийбей калган бата сыңар,
Тирелип аркай жерде жатасыңар.
Арбириң кеткен сайын ойлоп келем:
Кудайдын тизмесинин катасы бар.

 

13.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.