Жоомарт БӨКӨНБАЕВ
Менин ырым: Тандалмалар
– «Карыганда төрөгөн
Сыргамды көрбөй өлөмбү?
Карыган өмүр жашарган
Жыргалды көрбөй өлөмбү?
Кагылайын эрмегим,
Эстесең боло энеңди?»
Айтканда кемпир бул сөзүн
Асмандан дабыш угушту,
Жашы дебей, карт дебей
Жабыла чуркап чыгышты.
Чагылат күнгө самолет,
Таңыркап карап турушту.
Күркүрөп чыккан үнүнө
Жайылып жаткан мал үрктү,
Кишинешип айгыр, бээ
Айлана чуркап тай үрктү.
Желедеги кулундар
Тыбырчылап туйлады.
Сайгак кууган эмедей
Чуркап барат уйлары.
Чырылдап торгой асманга
Көтөрүлүп ал учту,
Уя басып уктаган
Канаттуунун бары учту.
Уламдан улам жакындап,
Үнү кулак тундурду.
Илгерки тааныш жерине
Имерип келип кондурду.
Туш-туш жактан айылдан
Бары чуркап келатты.
Келин, кызы, кемпири
Чалы чуркап келатты.
Энтигишип жаш балдар
Дагы чуркап келатты.
Айласы жок оорудан
Кемпир калды туралбай,
Карыя да барбады
Кемпиринен чыгалбай.
Калган жандын бардыгы
Түп көтөрө келишти.
Тосуп чыккан алдынан
Эки киши көрүштү.
Көздөрүндө айнеги,
Башында бар тумагы,
Көп жыл көрүп жүрсө да
Таанышпады Сырганы.
Тууган элин көргөндө
Сүйүнүчү батпады.
«Мен Сырга» деп бек күлүп,
Тумакты алып таштады.
Кучакташып, өпкүлөп,
Курчап алды Сырганы
Курбу, курдаш, жеңелер
Кубангандан ыйлады.
«Ким ооруду мында?» – деп,
Сырга акырын сурады.
– Ооруп жаткан энекең
Кейибегин, чырагым.
Оору киши кайсы деп,
Кайдан билип сурадың?
Иреңи кетти кумсарып
Укканда тууган энени,
Аркасын кылчак карабай,
Айылга басып жөнөдү.
– Биздин үй кайсы, көрсөтчү,
Энемди барып өбөйүн.
Алдейлеп баккан апакем
Аманында көрөйүн.
Эшикти ачты бир келин,
Эңкейип кирди Сырга жан.
Ак сакалы жайкалып
Атасын көрдү ыйлаган.
– Айланайын атаке,
Алдыңда турган Сыргамын,
Сагынып келген кызыңды
Ый менен капа кылбагын.
– Чынбы, кулак укканы
Ата деген үнүңдү?
Кучактап алып Сырганы
Шолоктоп ыйлап сүйүндү.
Апасынын башынан
Муңайып Сырга жөлөдү.
Ким берилип сүйбөсүн
Көтөрүп баккан энени!..
– Актайын ак сүт карызыңды
Көзүңдү ачып сүйлөгүн.
Тилеги катсын өлүмдүн,
Жыргалын көргүн дүйнөнүн.
– Талыкшып жатпай, энеке,
Таанысаң боло балаңы!
«Энемдин жайы кантет?» – деп,
Доктурга Сырга карады.
Жүрөгүн тыңшап оорунун
Жылмайып доктур сүйлөдү:
Учалы азыр кечикпей
Муңайба, Сырга, жүр, – деди.
– Өлүмдөн алыс бул киши,
Куттуктап кармайм колуңду.
Өз колу менен энекең
Өткөрөт сенин тоюңду.
Бетинен нур чачырап
Толкундай Сырга кубанды.
Колуна алып энесин
Көтөрүп үйдөн чыгарды.
Жадырап күлүп баарысы
Жабыла калбай барышты,
Этият менен кемпирди
Самолётко салышты.
Күркүрөп мотор айланды
Тетигин Сырга басканда,
Ак шумкар эргип учкандай
Айланып чыкты асманга.
Көк зоонун башын кыдырып,
Көкөлөп Сырга жөнөдү.
Катуулап урган шамалга
Көздөрүн ачты энеси.
Асмандан көзүн айырбай
Карыя турду кубанып,
Калтырак басып сүйлөдү
Добушун катуу чыгарып:
– Айланайын калайык,
Абайлап дагы карачы.
Асмандап сызып бараткан
Ардагым Сырга канаты.
Талпынып куштай садага,
Таалайлуу кылдың атаңды.
Өкүнүч болбос дүйнөдө,
Өмүрүм кайра жашарды.
Канаттуу кылган адамды,
Учурган көккө баламды.
Кагылам ошол кишиден
Жасаган ушул заманды!