Азада Бегимкулова
Сен мага кат жазчы кайгырганда...
Өзүмө ант
Адилдикке баш ийип тепселейин,
Жамандыктан жан ачып жектелейин.
Касымдын таттуу сөзүн укканчакты,
Досумдун ачуу сөзүн эп көрөйүн.
Жалгандын гүлзарында көктөбөйүн,
Жашоонун тегиз жолун көксөбөйүн.
Караны ак деп эптеп күн көргүчө,
Отуна акыйкаттын өрттөнөйүн.
Ак жерден күйгөнүмө өксүбөйүн,
Өмүрдү гүл ачкандай өткөрөйүн.
Байлыгым бир нан болсо тең жарымын,
Бөлүшүп башкаларга жеткирейин.
Жакшыга жаным чаап тартылайын,
Жаманды жаман дебей бар кылайын.
Жолума арам ойлуу торун жайса,
Чалынбай өтүп кетип дал кылайын,
Же мени бир көрүүгө зар кылайын.
Мээримим адамдарга
Сезим гүлү соолуса арык кайда,
Жүрөк сыздап ооруса табып кайда.
Азап турса кишендеп бут бастырбай,
Абалыңды сурарга карып кайда.
Жалгыздык жанга батса достор кайда,
Жаздым болсоң жашоодо жоктоор кайда.
Күлүк аттай чыгаарда байге жиреп,
Кайрат берип сүрөөндө коштоор кайда.
Чарчаганда түз басар кадам кайда,
Түз басканда бут тосоор чабал кайда.
Чабал атайы чалганын байкай коюп,
Чаңын кагып тургузаар адам кайда?
Күүгүм жапса көңүлдү таңы кайда,
Куса болсоң күлкүнүн шаңы кайда.
Кээде адамдар аябай аз убактың
Абал сурап олтурар чагы кайда?
Шашып жашоо өмүрдү шашып жүрүп,
Иштеп калмай шашылып белиң бүгүп.
Бир сырдашып олтураар баарлашып,
Кайда деги турар кез мээрим төгүп?
Үмүт
Өмүрдү өлчөө керек эмне менен,
Өкчөлүп өткөн күнгө суроо берем.
Өлчөмгө толчу кызмат өтөбөпмүн,
Бергенден алганым көп бул дүйнөдөн.
Жашоонун кең талаасын кезип келем,
Жүгү оор, кээде чарчоо сезип келем.
Жылмаюу ууртумдан улам кемип,
Жаштыктын жээгинен безип келем.
Ийнимди мөндүрүнө тосуп коюп,
Жаз айын өмүрүмдүн узатыпмын.
Көз жашым ызгаарга кошуп коюп,
Аязына тоңупмун кусалыктын.
Күлкүнү карегиме түнөтпөстөн,
Кайгыга жашоомду ороптурмун.
Сезимим азгырбаган күн өтпөстөн,
Аңдабай акырындап короптурмун.
Өмүрдү ченөө керек эмне менен?
Өзүмчө эртеңиме суроо берем.
Көргөндөн көрөлегиң алдыда деп,
Сооротот оту өчпөгөн үмүт деген.
Мендеги суроо
Куса болсом кубантып сүйөөрүм ким,
Кайгырсам көңүл улап күйөөрүм ким?
Жыгылсам капысынан жаза басып,
Жылмайып мыйыгынан күлөөрүм ким?
Өйдөгө умтулганда өбөгүм ким,
Жакын деп боор тартсам бөлөгүм ким?
Чарчасам бул жашоонун сокмогунда,
Чарпылып дарман болоор жөлөгүм ким?
Алсырасам арка болчу тирегим ким,
Асырап аздектөөчү түнөгүм ким?
Айыпка жыгып турса көрө албаган,
Арача түшүп берчү зирегим ким?
Досумду душманымды иргээрим ким,
Күлгөндө ыйлаганым билгеним ким?
Ишенсем адамдарга дилимди ачып,
Оорутуп жүрөгүмдү кирдээрим ким?
Баалап, баркым билип байкаган ким,
Тазалыгым ылай сууга чайкаган ким?
Оюмдун тизмектери күндөн – күнгө,
Суроо болуп ийилет бир эмес миң.
Кайра жаңыруу
Бир сезим өзүңдөгү, өзүмдөгү,
Жалганбы сүйүү болуп сезилгени?
Жалбарбай намысты туу туткандыгым,
Жанымды жай алдырбай эзүүдөбү?
Баш кошпой бир өзүңдөй асыл жарга,
Бушайман болдум канча таппай айла.
Бурулбай анан сапар улап кеттим,
Башканы жолдош кылып тагдырыма.
Элесиң бирге болуп дайым жанда,
Эчкирип ыйлап коюп анда-санда.
Кербенин жалгыздыктын тартып калдым,
Көңүлүм ийибестен бөлөк жарга.
Кезиктик капилеттен кай бир күнү,
Жаңырды өткөн күндүн жаштык үнү.
Жан дүйнөм жаштыгыма сүңүп кетип,
Арналды бир өзүңө кумар түнү.
Бирок да өмүрлүк жар боло албадым,
Жагынып көңүлүңө толо албадым.
А балким ачылышты менден күттүң,
Намысты тепсеп кадам коё албадым.
Сен жокто
А… га.
Эки жаздык катар коюлган,
Жакшы тилек, жакшы оюмдан.
Бирин жатам өзүм жазданып,
Экинчиси кимге буюрган?
Катар жаздык бири бош калат,
Бир жаздыкка ысык жаш тамат.
Бир төшөктүн жарымы жылуу
Жарымында өксүү муң жатат.
Бир жаздыкка башым жазданып,
Буркураймын демим капталып.
Өзөгүмдү өрттөйт өксүүм
Өзүң жаткан жаздык бош калып.
Аманыңды тилеймин