Фатима Абдалова

Ташка тийип, ат туягы үзүлөт, сапар соңун билсе билер Ай гана…

Фатима Абдалова

 

МЕН КАЧАНДЫР ЖАШАП ӨТКӨН ӨҢДӨНӨМ

Мен качандыр жашап өткөн өңдөнөм…
эс учумда кызыл талаа өрттөнгөн…
Кызыл талаа… Күн алыстап мен өчкөн?

 

Жоогазындуу жолду карап турамын,
мен бир убак аны басып өткөндөй…
Чоочун жолдун кайдан тааныш булагы?
мен качандыр даамын татып көргөндөй…

 

Сени көрүп жүрөгүмө не «зырп» этти,
беймаал, жолдо бараткан бир бейтааныш?
Эски сүрөт карегимен «үлп» этти,
качандыр бир болгондойбуз биз тааныш…

 

Мен деңизде болуп көргөн эмесмин,
терметкен да эмес мени кемеси.
Делбиретип деңиз мынча сагынтат,
толкунунда калган өңдүү элесим…

 

…Эс учумда эс учурган айталаа?
Айды ээрчип мен бараткан араба?
Ташка тийип, ат туягы үзүлөт,
сапар соңун билсе билер Ай гана…

 

Эс учумда гүл төшөлгөн күнталаа?
гүлдү кечип мен бараткан араба?
Гүлгө оролуп, ат туягы жоголот,
сапар соңун билсе билер Күн гана…

 

Кылымдарда кабат-кабат пардалап,
эгер мага пардаларын ачса алар,
Айнегинен «жарк» этчүдөй өңдөнөм,
жаңырчудай менин үнүм аскадан…

Мен качандыр жашагандай өңдөнөм…

 

* * *

Караңгыда катып турсам нестейип,
маңдайыма учуп түштү Ак чекит…
Сүйөм дебей, сүйдү ыйлаган көзүмдөн,
сага жолдош болом деди жан шерик.

 

Ак чекиттин кудурети күч эле —
мени өзүнө ишендирген түз эле.
«Түрсүлдөбөй», салкын соккон жүрөгүм,
эми эч кимге ишенбейм деп жүрдү эле.

 

Ак чекитке калдайган түн жыгылып,
жанбооруман чыкты бир ыр сызылып.
…Ал Ак чекит — жарыгынан айныбас,
Айдын жерге учуп түшкөн сыныгы…

 

ОЙ САПТАР

Жер-Океан каптап турат дүйнөну,
Сүзүп жүрөт биз отурган Жер кеме.
Качан түштүк, кайдан келип отурдук,
Жүрүп деле жетпей койдук жээкке…

* * *
Булуттар тоолорго токтоп эс алышат…

* * *
Суктанып карап сулуу, эстүү адамды,
Мунун да бир кун өчөөрүн ойлоп,
Көңүлүм тартты караңгы…

* * *
Антип анча көңүлүңдү чөктүрбө,
Мындай кездер келет, кетет өмүрдө.
Беките бил бетиңдеги бейтынчың,
«Кыйындарга» кыйналгандай көрүнбө.

* * *
Жүрөгүмдүн күңгөй жагын көргөзүп,
Тескей жагын жашырдым.
Капалыкты калп күлкүгө көмкөрүп,
Келсе дагы жышыгым…

* * *
Көтөралбай чөксөм ыксыз бир сөзду,
Бир унчукпай барып тоону көтөрдүм.
Адам байкуш жаман сөздөн түгөнүп,
Жакшы сөздөн турат экен көгөрүп…

* * *
Жүрөктөгү көзүм сенин дайныңды,
Мелтиреген мейкиндерден көрчеле.
Шаталында учуп-учуп сан жылдын,
Сагынычын сага ичинен төкчеле…

* * *
Жүрөгүм көп нерседен өйүй берип,
Жукарды, бошоң тартты бурамасы…
Нени эңсейт, нени күтөт – көңүл бөлүп,
Же анын датын бирөө угалсачы.

* * *
Көңүлүмдү сурадың көрушкөндо,
Көп аракет кылбадың өбүшкөнгө.

* * *
Көп эле жолу көңүлдү койдуң оорутуп,
Ушу анан сага колумду кантип берейин,
Салынбай калсам, салынбай калдым жоолугүң,
Бир чети буга жеңилдей түштү көңүлум.

* * *
Башкалыгың, өзгөлүгүң эсимде,
Байрактарды илип кеткен сезимге…

* * *
Мейли эл менен, мейли жалгыз болоюн,
Сен тарапка чуркай берет ойлорум…

* * *
Чектелүү болгон менен менин дүйнөм,
Теңирдин аңдатары түмөн-түмөн…

* * *
Ак булуттар асманда токтоп турат.
Чекесине жибектей жел тийселе,
Жолго чыккан кербендей жөнөйт чубап…

* * *
Байлоосунан бошой түшкөн жоолугуң,
Шыпырылып барып учту шамалга,
Кармаймын деп чуркап жүрүп отуруп,
Өзүң дагы учуп кеттиң шамалга…

* * *
Эңсейсиң да деңиз жарган кемени,
Алымсынбай калагы бар кайыкка.
Так төбөңдө Күн турса да нетмексиң,
Калсаң эгер калагы жок кайыкта…

* * *
Айнеги жок терезенин тушунан,
Жалгыз терек үйдү көздөй умтулат…

* * *
Байпактарын жамап атып баламдын,
Бактысы бүтүн болсо дедим, каралдым.

* * *
– Таарынганың жокпу, – деп сурайсың улам,
Таарынтып койгонуңду туйганыңан…

* * *
Жүрөгүм «тыз» деп кызгандым сени кыздардан,
Бурулуш жолдон, бурулуп сага кылчайган,
Түйтөйө түшпөй, суктандым сага ансайын,
Сулуулук жайын баалаган менде ыр бардан.

* * *
Кыш келип дагы мээнет басканында,
Теңирдин алыскы бир асманында,
Тагдырдан өмүр бою күтүп жүргөн,
Таалайым даярдалып калган тура…

08.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.