Фатима Абдалова
Ташка тийип, ат туягы үзүлөт, сапар соңун билсе билер Ай гана…
* * *
Кайран гана сенсиз өткөн жаштыгым,
Сага акыры жолукканда түгөнгөн.
Жымыңдаган жылдар артта калышып,
Жылып булут, асман бат-бат бүркөлгөн…
* * *
Эски баары, эски баары, бүт эски,
Кантип эми жаңылаймын бул эсти…
Эскилерди жаңылаймын деп жүрүп,
Өзүңдү өзүң эскирткениң бил эми.
* * *
Карызга пул сурасаң, бир сом чыкпайт,
«Ycтөккө» – деп сурасаң, жайнап чыгат …
* * *
Чоң эркекпи, жаш жигитпи, балабы,
Көрө калып туруп калган аялды,
Орун берсе автобустан, көптөрү
Отуруп алат унутуп ырахмат айтканды.
* * *
Оро-пара чыга калып оюбуз,
Бири-бирине бой таштады боюбуз…
* * *
Укугуңду жакшы билип, милдетиңди билбейсиң,
…Кудай жазган укугума териң тарып, терстенип,
Милдетимен мизилдеген ар кынтыкты издейсиң…
* * *
Билмексенге салаарыңды күтүп, айтсам бир сөздү,
Билмексенге салбагандай бир мулуюп күлгөнүң…
* * *
Сен жарыксыз, караңгыдан кыйналсаң,
Ал жарыктан, караңгысыз кыйналат.
* * *
Арамзаңды сезгендей болуп ичимен,
Өзүмдүн гана «арамзам» деп иригем…
* * *
Биз баладан үмүттөнүп ишенсек,
Кудай дагы бизге, балким, ишенет…
* * *
Сезем, туям… Таза эмессиң сен деле,
Таза ойлонуп, тазалаган мен эле…
* * *
Тогуз кабат бир үйгө тогуз күркө.
* * *
Көз да жетпей, эс да жетпей чексизге,
Көзүм жетти менин байкуш чегиме.
* * *
Жаз келгени качан, жазды жүдөтүп,
Суук шамал жаз акысын талашат.
Жаз унчукпай, жаз мелтиреп, үрпөйүп,
Чапан чечпей түгөнүп да баратат…
* * *
Өлбөстүктүн дарысы табылыптыр…
Кимдер ичип аны эми, кимдер ичпейт?
Табылганы өлбөстүн жаңылыштыр,
Өлүм гана адамды ылгап, иргээр…
* * *
Kөп адамга карыздармын өмүрдө,
Дары куйган дарманы курган көңүлгө.
АЙНЕКТЕ ТУРАТ ТУМАН
Айнекте турат туман, Күн жок, Ай жок,
Ал неге айнек тушка аяды токтоп…
Оюм да «азып-тозуп» бир жерде эмес,
Алыста ооруп аткан агамды ойлоп…
Агам ай, ак көңүл бир, момунум ай,
Көргөнү барып сени чоочудум ай,
Каралжын ойлор басты жүрөгүмдү,
Апамдын түшүмдогү жоолугундай…
Атан-соо ушу кыштан чыгып алсаң,
Бел байлап кетер белең жашыл жаздан…
Бойлогон айнек тушту туман кетип,
Болсокен түшүм жалган, түшүм жалган…
* * *
…Суук деле кетип калды жаз келип,
Бирок суук алып кетти агамды…
Кышы бою кар каралжын жаай берип,
Кышы бою туман ороп айламды…
Бир карайкы жүрдү айланып үйүмду,
Далым менен туйдум анын жүргөнүн…
Шайтан-шабыр аралады түшүмдү,
Эчен жолу чоочуп турдум түндөрү…
Карайкыда камаланган күндөрү,
Кайгыргандай чыкты итимдин үргөнү.
Мен көрбөсөм, көрдү балким макулук,
Көз алдымда көрунбөгөн дүйнөнү…
БИЗ КАЙДАБЫЗ
Биз бир Күчтүн жетегинде турабыз…
Турган менен бизде деле айла көп…
Тиктеп турат бизди көгүш мунарык,
Жадагалса тыңшайт жерде жаткан чөп…
Ооба десең, бизде деле айла көп,
…Айлаң келип бир бутага байланган.
Сан жылдарды чиркештирип барган көч,
Артты көздөп кайрылалбайт кайтадан…
Ооба десең, бизде деле айла көп,
Айлаң келип тизгинделген, чектелген…
Караңгыдан парда тарткан кайран көз,
Тирүүлөргө жер бетинен кезикпейт…
Биз бир күчтүн жетегинде турабыз,
Айласы көп айлабыз да, айласыз…
Өзүмду өзүм чоочуй карап турамын,
Айтчы досум, биз кайдабыз, кайдабыз…
БАЛДАРЫМ АЙ
Балдарымды жетелеп барам жолдо,
«Балдарым» – деп эзилген санаам бойдо,
Жыртык, суук күндөрдү жылаңаяк,
Баратабыз калтырып баскан жолго…
Үйсүз калган күндөр да өттү баштан,
Келе бердик жол менен жамгыр баскан.
Талып туpcaм кайратым кете түшүп,
Тагдыр бизге тар жолдон эшик ачкан…
Балдарым ай, балдарым, балдарым ай,
Жалгыз жаным үч бөлгөн кан-жаным ай.
Көп нерсени силерге бералбадым,
Көртирликтен көп өксүп, аксадым ай…
Бирок силер жакшы адам болосуңар,
Эсиңерде биз көргөн жолдогулар…
Жолдогулар, мен айткан жаңы жомок,
Жол көрсөтүп силерге, ойдо турар.
ДЕҢИЗ МОНЧОК
«Деңиздердин өлкөсүнө баратам,
Деңиз мончок ала келем өзүңө» –
дегениңде таң калыштуу карагам,
Таң калгамын мындай капыс сөзүңө…