Фатима Абдалова
Ташка тийип, ат туягы үзүлөт, сапар соңун билсе билер Ай гана…
Деңиз мончок ала келем дегени,
Ооба, мени «сүйүп калдым» дегени,
Тилеги болсо деңиз мончок берери,
Анда ал мончок жүрөгүнүн белеги…
Кызыл бекен, жашыл бекен ал мончок,
Ичтен ойлоп, күттүм кыйла күн болжоп,
Деңиздердин өлкөсүнө көп бардың,
Бирок сенден алигече кабар жок…
КЫЗГАНЫЧ
– Aпa, мени кызганыч ээлеп алды…
– Кызганычка кызым көп алдырбагын.
Пайдасы жок түбу ошол кызганычтын,
Сала бербе дайрага кайырмагың…
Сала берсең дайрага кайырмакты,
Балыктыбы, чөп-чарды илип чыгат.
Байкасаң да күйөңдүн «жашынганын»,
Түшүп алып артынан турба сурап…
…Мен да атаңды жаш кезде кызганчу элем,
Бирок ичтен кармагам сабырымды.
Түз айтпастан, «айлантып» айткан элем,
Бир аз күлүп, «түзө» деп басышыңды…
– Болбой эле күйүгүп атам aпa,
– Анда барып теректи карма, балам.
Мухаммед да ушинткен Фатимага,
Дилдиреген барикке өтсүн санааң…
АТА ЖУРТ
Ата журтум дүйнөдөгү борборум,
Эстен кетпейт өзүңө зар болгонум.
Түркияда алты күндөй болом деп,
Алты жылы жашагандай болгомун…
Мүнөт өтпөй, саат өтпөй, күн өтпөй,
Ата журтум дүйнөдөгү күнөстөй.
Сени көздөй кача берип ойлорум,
Сезилгенсиң кала берген жүрөктөй…
Анда көрүп түрккө тийген кыздарды,
Ого бетер кусам артып кыйналдым.
Алар мага бактысыздай көрүндү,
Алар мага муңайгандан муңайды…
Алар мага муңайгандан муңайды,
Кантип жашайт көрбөй биздин Күн-Айды.
Кантип жашайт көрбөй ата-энесин,
Кантип жашайт тагдыр жазган жылдарды…
СҮРӨТЧҮ БАЛА
(поэмадан үзүндү)
…Үч миңинчи жылды көрдүм, — дейсиң да…
Үнсүздүктөн — «үл-бүл» парда түрүлгөн.
Он жыл эмес, он кылымдын алдында,
Оңуп кеткен булуттардан — сүзүлгөн…
– Сен каякта, о ал кылым каякта…
…Кандай экен ал кылымда адамдар…
Кандай экен Ай, Күн, Асман, Жер бети,
Жаңыларды жаңы болуп караткан…
Бүгүнкүдөй жашыл бекен дарактар?
Эскирбеппи Асман, мейкин талаалар?
Өлүм дабаа табылыппы же жокпу,
Өлбөйт бекен, өлөт бекен адамдар?..
– Ушул Асман, ушул эле Ай, аалам,
Болгону анда жүрөт бизден башкалар…
Биз сыяктуу өлөөрүнө кейишип,
Биз сыяктуу өмүрдү издеп бараткан…
ЖҮРӨКТӨГҮ ГҮЛДӨР
О, жүрөктүн гүлдөрү көрүнбөгөн,
Күзбү-кышпы бүрлөрү төгүлбөгөн,
Көлөкөдө көңүлүң калса бирок,
Соолуп калган солуктап, өчүп өңдөн…
О, жүрөктүн гүлдөрү көрүнбөгөн,
Угуп турган ааламды, көрүп турган,
Күлкү жааган, гүл жааган өткүндөрдөн,
Өмүр болуп өмүргө өсүп турган…
О, жүрөктүн гүлдөрү көрүнбөгөн,
Сезип турган жаманды, кейип турган,
Тышы жылтыр, ичи жок төгүндөрдөн,
Өзгөрүлүп өңүнөн кетип турган…
О, жүрөктүн гүлдөрү көрүнбөгөн,
Көрүнбөгөн дүйнөнү көрүп турган,
Суук кептен сустайып, өчүп өңдөн,
Көңүл менен көрүнбөй өсүп турган…
О, жүрөктүн гүлдөрү көрүнбөгөн…