Үмүт Култаева

ЗАЙЫРБЕКТИН ЖАН-ДҮЙНӨСҮНДӨГҮ КАРАМА-КАРШЫЛЫК

Үмүт Култаева

жаткан эле. З.Ажыматов өз атынан зар какшаган  азыркы турмуш көрүнүштөрү бир адамга тиешелүү эмес, коомдук типтүүлүк экени айтпаса да түшүнүктүү. Окурмандар жылуу кабыл алган “Нөлү көп жылдар” ачуу чындыкты, катаал реалдуулукту чынчыл айта алгандыгы менен Зайырбектин өзүнө жакшы көрүнбөгөн караңгы келечегине жарык чачкандай болду. “Нөлү көп тегеренген жылдар” бир эле кыргыз коомун эмес, бүтүндөй зор империяны, коңшулаш, киндиктеш геочөйрөнү алдастатканы ырас. Бирок ошол топто биз, кыргыздар, бөтөнчө  сазга батып, андан чыга албай жатканыбыз, азыркы кыргыз турмушунун  опурталдуу  жексур көрүнүштөрү калемгердин ыр жандуу жүрөгүн  “селт” эттире сезгендирген экен, Зайырбектин үмүтсүз маанайы улам тереңдей,  мезгилдин күрөө тамырын, заман көйгөйүн жүрөк менен сезимтал кабылдай берди. Мындай сапат жер жарылса, жүрөгүнөн өткөргөн нагыз акын болчу адамга таандык экени белгилүү.  

Заманына (астын сызган - биз) жан дүйнөсүн талаткан,

зарын катып, ичтен сызып бараткан,

Зайырбекмин – ысымы бар, өзү жок,

закымдарды кууп жүрүп адашкан.

Жаның дайым турса миздүү азапта,

жашоо кээде болот экен жадатма.

Жалын, табын өчүрөм деп жүрөктүн,

жаштыгымды жуттум кошуп шарапка.

 Зайырбектин “заманына жан дүйнөсүн талатышы” жашоодон көңүл калуубу? Коом жана адам, адам жана бийлик коллизиясыбы?  Акындын жанын кыйнаган “миздүү азапты” шарттаган факторлор кайсы? Эмнеге Зайырбек өзүнүн курбалдаш калемдештери сыяктуу  сүйүүгө мас болуп, сулууга суктанып, жаштыгына манчыркап “жыргайлы, ырдайлы, гүлдөйлү” ырларын жазбайт да, өзүн-өзү тааныбай, өзүнөн-өзүн таба албай, өзүнөн өзүн эмне үчүн издейт?

“Заман” көйгөйүнө жүрөк оорутуу жумуру баштуунун  баарына эле буйруган тагдыр эмес. Мындай тагдыр, “Кылым азабын, доор салмагын”[1] “көтөрүүгө” кудурети жеткен, жок дегенде жан-дүйнөсүндө ошондой жөндөмдүн данеги бар инсандарга гана таандык экенин ашыкча  далилдөөнүн кереги жок.



[1]  Суровцев Ю. Люди и время:Судьбы человеческие, судьбы народные, судьбы трагические //Новый мир, 1984, №9. – С.236.

11.10.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.