Үмүт Култаева
ЗАЙЫРБЕКТИН ЖАН-ДҮЙНӨСҮНДӨГҮ КАРАМА-КАРШЫЛЫК

Көрсө, алмустактан бери өткөөл доордо руханий баалуулуктар наркын жоготуп, жан-дүйнөсүндө абийир көрөңгөсү бар адамдарды ойго салат экен. Коом менен адамдын ортосундагы гармония бузулуп, келечек бүдөмүк болгондон улам, максат-мүдөөсү талкалангандай абал алдыңкы көз караштагы адамдардын көңүлүн чөктүрүп, жашоодон ордун таба албай калган абалга алып келиши анын чыгармачылыгына түздөн-түз таасир эткен факторлордон. Сократ менен Платондон башталган мындай психологиялык кризис кыргыз даанышмандары Калыгул, Арстанбекке чейин кайталанып, “заман” темасы, анын карама-каршылыгы инсандын жан-дүйнөсүндө күзгүдөй чагылып, улут тагдыры, урпак тагдыры санаага салып келгени белгилүү го.
Бирде ташып, бирде кайра бөксөрөм,
бирде куурап, бирде кайра көктөгөм.
Ызгаар окшойм – өзүмдү өзүм тоңдурган,
жалын окшойм – өзүмдү өзүм өрттөгөн…[1]
Зайырбектин өз дүйнөсүндө “ ташып, кайра бөксөрүп, куурап, кайра көктөшү”, “өзүн-өзү тоңдуруп, кайра өрттөшү” − бири-бирине келишкис карама-каршылыктагы психологиялык абал акын болууну эңсеген Ажыматовго эмне берди? – деген суроо туулат.
1. Жалгыздык сезимин баштан кечирүү руханий “илдетине” чалдыкты. Кубулган жаңы доордо өзүн ашыкча сезүү, коомдон ордун издөө, келечегин үмүтсүз элестетүү маанайы бул типтеги чыгармачыл адамдарды жалгыздык көйгөйүнө кабылтышы да салттуу көрүнүштөрдөн. Болбосо, 20 жашында тун сүйүүдөй көңүл көтөрчү ийгилиги – алгачкы чыгармачылык дебюту болгон ырлар жыйнагын Зайырбек “Жалгыздык” (1996) деп атайт беле?! Жалгыздык феномени кимдердин эркин сынабаган... Зайырбекти да жалгыздык туш тарабынан калчады көрүнөт, калемгер өзүн бүтүн эмес жарты сезди, толук эмес, өксүк сезди. Натыйжада жалгыздык концептин “жарты” жана “жесир” сөздөрүнүн туюнтмасы аркылуу түшүндүрүп, бул дүйнө деңиз болсо, өзүн “жарты кайыктагы” адам сезди.
От болуп келген эле жанып тургум,
Очоюп отуз беште карып турдум.
Дардаңдап дос, жар күттүм деген менен,
Дагы эле жалгыз[2] бойдон калыптырмын.