Шайлообек Дүйшеев

Жинди кашка

Шайлообек Дүйшеев

 

Биздин балалыктын асманынан

эстелик катары токойчу досум

Сазыкбай Турдумалиевге арнаймын.

 

         (поэма)

Тарта элек кез а кезде ат көйгөйүн,

Тамызгыдай бала кез, Таш-Төрдөмүн.

Жиниктирген алайды-далайды да,

Жинди Кашка деген бир ат көргөмүн.

 

Султан өмүр шам болуп кулагында,

Суктанган жок ким гана убагында.

Кайгысы да, муңу да, жыргалы да,

Кайран аттын калды эле туягында.

 

Кашкасы бар болучу жаркылдаган,

Кара ат болчу көмүрдөй жалтылдаган.

Кара ат болчу капкара көкүлү бар,

Кара жердин үстүндө калкылдаган.

 

Жип-тизгини шамалга багыналек,

Жиликтери азапка чагылалек.

Короодогу ат эле алчаңдаган,

Кордугуна турмуштун кабылалек.

 

Оомал-төкмөл дүйнөнү унуттурган,

Оргуп-ташып ооматы уруп турган.

Ок жыландай ат эле ойноктогон,

Омуроодо дейди күч уюп турган.

 

Арыш керип түгөнгүр суналчу эле,

Аргамжыдай ак карда чубалчу эле.

Аялды да анчалык ардактабас,

Ай тийелек булактан сугарчу эле.

 

Канды-жанды качанкы козгочу эле,

Кашайгыр-аа, кайып мал окшочу эле

Катынды да мынчалык карабастыр,

Каркыралуу жайытта отточу эле.

 

Байлык менен бийликти бириктирген,

Башкарманын аты эле минип жүргөн.

Башкарманын аты эле, башкарманын,

Батыш менен Чыгышты жиниктирген

 

                       ***

Санаасы жок, иши жок киши менен,

Самсып учкан күндөрдүн изи менен.

Салып уруп келчү элек бир топ бала,

Сайды көздөй айылдын ичи менен.

 

Томурая чечинип, шакмак жолдон,

Топуракка шыбанып баткак болгон.

«Эй мен деген, мен деген башка ат эмес»,

Эстен кетпейт баарыбыз Кашка ат болгон.

 

Бала кез ай, бала кез акмак болгон,

Башка ат эмес, баарыбыз Кашка ат болгон.

Сагынычсыз, санаасыз кайран мезгил

Сайда калды наристе аппак бойдон.

 

Кашка жолдон чаң көккө сапырылып,

Катын-калач көрүнсө жашырынып.

Кара күүгүм түшкөнчө ойноор элек,

Кашка ат болуп ыргыштап, атырылып.

 

Арабанын кашаң, жоош кыгы менен,

Аттарынан танганда сыры белен.

Сүлүк курттай сойлогон Жинди Кашка

Сүйүүбүзгө толгондур сыны менен.

 

Арабанын жүдөгөн, шөмтүрөгөн,

Аттарынан танганда, мөлтүрөгөн.

Балбылдаган түнгө окшош Жинди Кашка

Балким, бизге жаккандыр көркү менен.

 

Кудайдан биз күткөндөй, жалынгандай,

Куюндаган бул атты сагынгандай.

Ырахаттуу кез эле кашка ат болуш,

Ызадан да, ыйдан да арылгандай.

 

Бакыт башка өзү эле куюлгандай,

Баарыбызга ошол ат буюргандай.

Кичинекей дүйнөнүн алкагында

Кишенеген кез эле кулундардай.

 

                   ***

Байыш  шымын суу болгон сыгып аткан,

Балык  уулап, суу бойлоп жылып аздан.

Баратканда үн  угуп  жалынычтуу,

Бак түбүнөн үн угуп шыбырашкан.

 

Күкүк үндүү күү угуп жанга муңдуу,

Күтүүсүзден ушалап майда кумду.

Күүгүмдөнгөн бак түбүн карай калып,

Күтүүсүздөн түшүрдүм кайырмагымды.

 

Бактын түбү... Жылжыган аппак булак,

Бактын түбү... Жылаңач аппак кулач.

Бактын түбү... Жылаңач аппак келин,

Бак... Башкарма... Байланган Кашка ат турат.

 

Бак түбүнө калтырып сулуу кебин,

Балык болуп туйлап тур сулуу келин.

Тынып турдум, шырп эткен үн чыгарбай,

Тыңшап турдум булардын улуу демин.

 

Менден бөлөк жок сенин башка жиндиң,

Мен эртең да келемин, бакка киргин».

Кайнап-күйгөн келиндин алсыз сөзү:

«Кашка жиндим... Берекем... Кашка жиндим!..»

 

Баёо тынчтык «чарт» этип сөгүлгөндөй,

Бак түбүнө күн кулап төгүлгөндөй.

Жумурткадай денелер жупталышкан,

Жуурулушуп жатышты өбүлгөндөй.

 

 - Байыш, — дедим акырын. Көпкөк асман,

Баятан ал курганып чөптө жаткан.

Байыш келип карады, карай берди,

Бактын түбүн... Кашканы көзгө баскан.

 

 - Эненди! - деп баратып оңдоп кебин,

Эй тетигил... Биз жактык бойдок келин.

...Бүктем жолдо эрчишип келаттык биз,

21.04.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.