Мадина Тураева

ЖҮРӨГҮҢ МЕЙМАНКАНА

Мадина Тураева

Жанда ырым бар. Жалгыз эмесмин.
Мени аёого кандай акың бар.
Кыз намысы деген жигиттин
Кылычына, билсең барабар.

… Туш болбогун мага экинчи.
Кандай жаза алдың?! Билдиңби?

 

* * *

Жаап жатат жамгыр. Сыртта түн.
Мен жалгызмын жерде. Көктө — Ай.
Кыйгачынан жааган жамгырдай,
Жандап өттүң мени эмне үчүн?
Жүрөгүмдөн азыр кеч күздүн
Согуп турат муздак шамалы —
Элесиңди эчак саргайган
Жалбырактай күүдү… Карачы!
Жүрөгүмдөн өтүп турат сыз,
Барсыңбы сен? Үнүң угузчу.
Ыргыткандай үзүп гүлбү кыз?!
Ташталгыдай ал бир буюмбу?!
… Кези келсе жооп айтармын,
Үнү менен акын аялдын.

 

СҮЙҮҮНҮН ТУУЛГАН КҮНҮ

Белгилейли сүйүүбүздүн туулган күнүн,
Чокусунан сезимдин жолук бүгүн.
Кел,
Кагыштырып коелу эриндерди!
Градусу көңүлдүн көтөрүлсүн
Ден соолугу чың болуп жана дагы,
Түбөлүгү түз болсун сүйүүбүздүн!

 

КЕЧ КҮЗ ЫРЫ

1.

Жутуп алып чөптөр шамалды,
Чүчкүрүшүп жатат боз чаңды.
Узун буттуу арык суналып,
Карап жатат үнсүз асманды.

Тикесинен турган бир буттап,
Дарактардын кийими жамаачы.
Жалбыракты шамал ургулайт,
Жок ортого түшкөн арачы.

Айды карап көктө бараткан ,
Кирпиктерим чабат алакан.
… Түн бир оокум. Өчпөй жарыгы,
бир үй турат бакка курчалган.
Уктай элек жан бар калыбы,
Жүр, ошого кеттик окурман.

 

2.

Жолоочулап жаштык үмүтү,
Ырга капкан коюп түнкүсүн.
Башка жандын жоктой кереги,
Кыз отурат кармап калемди,
Шүүдүрүмгө толуп кареги.
Күү-шаа түшүп ичте зор толкун,
Тынчын алып жаткан болбосун?!
Бирде толкуп, бирде басылган,
Деңиз болуп көбүк сапырган.
Кыз тынчтыгын издейт бороондон,
Кеме болуп жалгыз калкыган.
…Бөтөн жандын тарткан толгоосун,
Кыз жүрөгү акын болбосун?!

 

3.

“Бул ааламда болсо жалгыз күн,
Эки көзүң катар эки күн.
Батканынча күнү көзүңдүн,
Өмүрүмдө болбос бир да түн.
Балакай ай, жаштык азарым,
Жүрөк куса, күтүп казалын.
Бирок, сен деп жарык дүйнөдө,
Жаз аяган жаштык жашарын,
Кеч туйганмын, кечир азабым”.
Кыз ырына кулак сал шамал,
Деңизге айт аны бу сапар.
Кор кылдырбай анын азабын,
толкун алсын. Жетти кез жөнөр,
Жол киреңди, шамал, ыр төлөр.

 

4.

Суу желиндүү булут курсагын,
Сүзүп кирди жалгыз мүйүз ай.
Дарактардын чечип кол кабын,
Шамал өөп чыгат бирден жай.
Баш көтөрүп туман ар жерден,
Чыга келет чылым түтөтүп.
Тараталбай бутун шишиген,
Булут жылат көктө бүркөлүп.
Дарактардын чачын бир четтен,
Кырып кирди шамал ышкырып.
Жердин бетин басып кирдеткен,
Чаңды жамгыр кетти шыпырып.
… Күз элеси кирген тыгылыш,
Ыр кербенин нары жылдырыш.

 

5.

Токтой турчу, кербен сен бир аз,
Үн чыккансыйт арттан жолулаш.
Шуудурубу талдын угулган,
Же шамалбы жортуп улуган?!
Дарак чыгар кара денелүү,
Шамал бийин көрүп кол чапкан,
Жалпак тамчы эрин көп кептүү,
Сууга айткандыр муңун бир баштан.
Тишин чукуп шамал асканын,
Күңгүрөшүн күтүп жатпасын,
Көңдөйүнө кирип дарактын ,
Шамал чоорун балким тартпасын.
…Жашык үндүн нымы кургашын,
Күтүп калем тоңуп турбасын.

 

6.

Мен күз менен таңган ыр жүгүн,
Жүрөктөргө жүктөр келер күн…
Мен ырымды оттон угуздум,
Төкпөс үчүн сууга өмүрүн.
Эрте жаап кары жылдардын,
Ыр түшүмү калды жыйылбай.
Барган сайын ырдаш кыйындай
берет. Чыйралт жүрөк кылдарын.
Мен сүйүүнү ырга жугузбай ,
Чаң сыяктуу силксем болбостур.
Бороондордо үнүм буюкпай,
Ырдап өтсөм бул чоң олжодур.
… Кайрылып кой, ырым чакырса ,
Сөзү бардыр айтар сага да.

 

* * *

Байпак кийип бутка боз чаңдан ,
Шамал менен белди курчангам.
Өз өңүмдү бузбай тарткын деп ,
Күз көзүмдү кыстайт туш-туштан.

Жерге батып кеткен белинен,
Тоо отурат турар буту жок.
Ай тоголойт көктүн бетинен,
Денеси жок баштын өзү окшоп.

Тоонун башын туман бир паста,
Жеп коюптур. Мейли, аш болсун.
Качан гана көзүм ач калса,
Кое берем күзгө. Бир тойсун.

… Чөнтөктөрүн ырдын аңтарып,
Күздү таптым кеткен саргарып.

 

* * *

Маршруту тынбай алмашкан,
Шамал – шофер, чаңдар – жүргүнчү.
Тормозу жок шамал алыстан,
Сигнал берип жатат, тү-тү-тү:
Кол көтөрүп дарак шамалга,
Чаң-түтүнүн бүркүп аларга,
Сарык менен ооруп жүдөгөн,
Жалбырагын алып колуна,
Энеге окшоп бала көтөргөн,
Дарак калды жолдун боюнда.
…Алыс болсо сапарың шамал,
Турмушка сен жолго чыгып ал.

10.12.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.