Мадина Тураева

ЖҮРӨГҮҢ МЕЙМАНКАНА

Мадина Тураева

 

* * *

Сүйүүнүн майданына чакырамын
Жүрөктүн сыясына
Каптатып чөктүрсөмбү?!
Көр казып жүрөгүмө,
Тирүүлөй көмдүрсөмбү?!
Ызанын күрткүсүнө
Бастырып өлтүрсөмбү?!
Керектен чыккан жандай,
Архивге өткөрсөмбү?!
Колумдун сагынычын,
Сага бүт таратсамбы?!
Көзүңдү дүрбү кылып,
Жолума каратсамбы?!
Сүйүүнүн майданына
Кармашка чакырсамбы?!
Канымдан жүрөгүңдүн,
Кагышын тыңшасамбы?!
Эрдимден башка эриндин,
Өбүүсүн жыттасамбы?!
Кайгынын түтүнүнө,
Каптатып ыштасамбы?!
Денеңди жүрөгүмдүн,
Тоосунда кыштатсамбы?!
Түбөлүк тургун болуп,
Сен мага катталсаңчы,
Жоготуп алгандан соң,
Издейсиң таппасыңды.

 

КЕЛЕСИҢБИ?

Кечигип калдың ушул сапарыңда,
Айрылуу себеп болгон жолугууга.
Сагыныч санаамда уюп гүл окшоду,
Түшүргөн шүүдүрүмүн жаңы гана.

Түшүмө жылдыз болуп жаап келип,
Таң менен кошо ойготуп элесимди.
Сагыныч тамчы болуп уюп калган,
Гүлдөгү шүүдүрүмгө келесиңби?

 

* * *

Жүрөгүмдөн алып жүгүмдү
көтөргөнгө ырым жаш али.
Күлкү менен боёп жүзүмдү
шамал бийлеп кирди. Оп, бали!
Жүрөгүмдө дагы чогулуш.
Ырлар жатат күздү талкуулап…

 

* * *

Мен отурам азыр тагдырдан,
Күз жөнүндө бир сап ыр сурап.
Чачым кара болгон менен да,
Ойлорумду баскан ак бубак.
Көргүң келсе мени жакшылап,
Ырларыма жакын кел, бери.
Ыр сурасам колго таш салып,
Көрсөтпөдү тагдыр эмнени?!
Сүйгөнүмдүн таштап кучагын,
Ыр табына келип ыктадым.
…Шүүдүрүмгө толгон гүл сымал,
Жүрөгүмдө дайым ырым бар.
Жашка айланып ошол ырларым,
Карегиңе барса алып кал.

 

АЛЛО, АЛЛО!

“01”би?
Өрт өчүргүч!
Жүрөгүмдөн өрт чыкты
Алоосу күч,
Куйкаландым.
Ар демим буркүп жалын,
Коркунучта!
Сактап кал сүйүү шаарын.
Өчүргүчү өртүмдүн!
Келчи бачым!

 

КЫЗЫЛ КАЛЕНДАРЬ

Өмүрүмдүн өтүшүн билдирүүчү –
Календарсың! Жапжалгыз нускадагы.
Кызыл менен белгилеп
күндөрүмдү,
Түндөрүмдү түбөлүк майрамдатчы.
Дуулдайын…
Жасантып жүрөгүмдү!

 

МЕН САГА ТАЛГАКМЫН

Мен сага талгакмын…
Башкага – орозомун.
Орозомдун ач келип оозун.
Эң жогорку сорттогу бул тандалма,
Жыйган демди жүрөктүн термосунда
Ысык бойдон турамын сактап сага,
Мен сага жокчулукта…

 

* * *

Өткөндү көп эстебей калган үчүн,
Келер күндү көп ойлоп жашайм бүгүн.
Бир жараатым азайса жүрөгүмдөн,
Бир жаңы ырга көбөйүп чыгат үнүм.

Өлгөн сайын көмүлө берген сүйүүм,
Толуп кетти мүрзөгө бу жүрөгүм.
Ырларыман шам жактым ар түн сайын,
Жарык кылып турсун деп жүрөк–көрүн.

Ташка баалап алтынын жүрөгүмдүн,
Арзан саткан достордон  көөнүм калган.
Ичтен үрүп сыртынан калптан күлгөн,
Жалган достон мага артык жалгыз калган.

 

* * *

Бийик болуп өзүмдөн айткан сөзүм,
Жашап жүрөм эл болуп жалгыз өзүм.
Ырдап бермек эле ким мендей болуп,
Ырдабасам эгер мен өзүмдү-өзүм.

Тазарат дейт күнөөсү сүйгөн жандын,
Мен эч качан өзүмө күнөө артпадым.
Ыр кирген соң башкага орун бербей,
Жүрөгүмдү ичинен култтап алдым.

Жалгыздык бул жанына энчилеген,
Алда кимдин а көрсө бактысы экен.
Эркин болуп жүргөнчө жаман менен,
Туткунунда жакшынын жүргөн кенен.

 

* * *

Аз өмүрдө көңүлгө тийип бүттү,
Көбүк ырлар чубурган ооз учунан.
Сезилбейт же алардын толкун күчү,
Бороон сокпойт күрүлдөп ыр сабынан.

Калеминен акындын суу тамчылайт,
Учкун чыкпайт жылтылдап көзгө урунган.
Башы ырынын бет алдынан караса да,
Буту артына бурулган баса турган.

Беттеп урган өмүрдү бороону жок,
Анык турмуш акында болбосу чын.
Кайдан жүрүп ырлары оттуу болмок,
Табылса ал жүрөктөн күлгө толгон.

 

* * *

Жаштыгымды өз билгендей чапкылап,
Жүрөгүңдүн ай-талаасын чаңдаттым.
Аскасына камап коюп азаптын,
Менден жүргөн көчкүлөргө каптаттым.

Карегиңден сел жүргүзүп канча ирет,
Канча ирет кайгы менен жаа тарттым.
Ошондо да, сен кебелип койбостон,
Жүрөгүңдү бута кылып карматтың.

Жаштыгымдын туягынан от жанып,
Жүргөн жерден от чыгарып, от чачтым.
Көп учурум махабатка алаксып,
Ырларыма сен кечигип баш бактың.

Тагдырыңдын таш кесесин кемирип,
Тагдырыңдын суу кесесин шимирдиң.
Ошондо да кабак-кашым дебестен,
Турмушуңду отто отуруп кечирдиң.

Бир дагы жан билбейт мени сенчелик,
Сендей болуп түшүнө албайт мени эч ким.
Курбалымсың – жаштыгыма  сырдашкан,
Акынымсың – өмүрүмө ыр жазган.

Канышасың аптапка бай аймагың,
Күңгөйүңдө жуушап өттү жаш чагым.
Сен бар үчүн адам сүйүп өмүрдө,
Сен бар үчүн келет менин жашагым.

10.12.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.