Күздөгү жаандар
Мар Байжиев
Ооба, ошондо Айша күйөөсү Мукашты кечирбей койгон! Анан ал аргасыздан кийинки жолуккан аялына кайра кеткен. Ал эми Мукашы менен жашап турганда кандай гана сонун, мээримдүү күндөр болду эле! Айрыкча уулу төрөлгөндө жаркырап жайнап, сүйүнгөндөрүчү! Анан тырмактай Эркини катуу ооруп, экөө тең күнү-түнү көз ирмебей, бири-биринен жашыруун ыйлап, үмүттөрүн үзүп турганда профессор келип балага жаңы дары берип айыктырганда кубангандарычы! Ал кандай бактылуу күндөр эле! Бирок, Мукаш анын бардыгын унутуп, садага чаап, башка аялга кетип калды. Айша ошондо өзүнүн да, баласынын да ызасына чыдабай боздогон. Мукаш чоң шаарга окууга кеткенде жап-жаш Айша кичинекей уулу менен жалгыз калып, кыштын ызгардуу узун түндөрүндө сагыныч жашын канча төктү, жалынып-жалбарып жазган каттарычы! Анан ал каникулга келгенде уулун көтөрүп вокзалдан тосуп чыккандагы сагынган жүрөктүн дикилдегеничи! Ошондон Айша өзүнүн тунук сүйүүсүн, мээримин, ишеничин, өмүрүн – иши кылып бүткүл жашоосун Мукашка арнап койбоду беле. Бирок ал мунун баардыгын баалаган жок. Өтө таш боордук кылды. Эч нерсеге карабай башка аялга кетип калды. Балким, бара-бара Айша сабырдуулук кылып, күйөөсүнүн жоругуна анчалык кейибей, кечирет беле! Балким, ал чоң шаарда окуп жүргөндө жалгызсырагандыр? Мукаш жанында дайым жакын көргөн, ысык-суугуна чыдап, кеңешин, чайын берип, кийим-кечесин карап, эш болуп жүргөнгө көнүп калган адам эмес беле. Балким, ал жанында Айша жок болгондуктан, жалгызсырап жанагы аял менен жакындашып кеткендир? Ал түгөнгүрү да Мукашты абдан сүйүп бапестеп баккандыр. Анын өңү-башы да ыймандуу, акыл-эстүү, көп окуган неме турбайбы. Буга Айша ого бетер ызаланып, күйөөсүн кечире албады. Анан күтүлбөгөн жерден согуш башталып, Мукаш майданга кетип каларын ал кайдан билди. Тылга калтыруучу бронь берсе болбой, суранып жатып, согушка кетип калбадыбы. Мукаш жөнөп жатканда Айша вокзалга барып узатпады, уулу Эркинден гана жылуу мээлей берип жиберди. Күнүлөшүн көргүсү келбедиби, же элден уялдыбы – азыр эсинде жок.
Айша күйөөсүнүн күнөөсүн кечирбей, үйүнө киргизбей койгонунун дагы бир себеби бар эле. Согуш башталардын алдында Мукаштын жаш аялы Айшага келип: «Эже, сиз мени жек көрбөй, кеп-сөзгө келиңиз. Мукаш ичинен өтө кайгырып жүрөт, анда-санда ичип койчу да болду, сизди да, мени да, өзүн да бөйдө кыйнап жүрөт окшойт, мен кайда кетсем да оокатым өтө берет, жалгыз боймун, ден соолугун бузуп майып кылып коебу деп корком, намысыңызды коюп, үйүңүзгө алып кетиңиз, мени да, аны да кечириңиз», – деп жалынган. Бирок ошондо Айша, мисирейип туруп:
– Аныңдын бизге кереги жок, ал уулум экөөбүздү сатып кетти, өзүңө буюрсун! – деп, эшикти шарт жаап, тиги байкуштун шагын сындырган, ыйлаткан. Ошондо Айша туура иш кылдыбы, жокпу?.. Кеп мына ушунда…
***
Мукаш согуштан аман-эсен кайтып келди. Эркин майданда курман болгонун ошол жактан угуптур, кийинки аялы жазган окшойт. Ал Айшаныкына келип, эч нерсе сураштырган да жок, көңүл айтып сүйлөгөн да жок. Эркиндин кара кагазын, Праганын жанында өзүнө окшогон жапжаш аскерлер менен түшкөн сүрөтүн көпкө дейре тиктеп отурду, анан кичинекей Эркин орундукка чолок штанчан минип, фотографтын кулагынан чымчык учуп чыгат деп, көзүн алайтып карап отурган портретин алды да өзүн-өзү кармай албай, шолоктоп ыйлап жиберди. Анан экөө көпкө дейре унчугушпай чай ичип отурушту. Кайгы-муңга чөгүп, жалгыздыкка баш ийген Айшанын да айтар сөзү болгон жок. Башынан далай түйшүктү өткөрүп, мыкаачы согуштун кандуу жаңжалын өз көзү менен көрүп, от кечип келген Мукаш мурда эле көп сүйлөбөгөн, бир аз түнтүрөөк адам эле, эми таптакыр унчукпас болуп калган сыяктуу. Кеч кирип, көз байлаганда ал өз үйүнө кетти, киийнки аялынан майданга кеткенде, курсакта калып төрөлгөн кызы бар экен…
Экөөнүн жалгыз уулу Эркиндин курман болушу күкүктөп аккан турмуштун зор дарыясынын эки өйүзүн кошуп турган жалгыз аяк былкылдак көпүрөнү бир заматта сел алып экөөнү түбөлүккө бөлүп жибергендей болду. Согуштун кыяматтуу сели…
Мурда редакциянын жумуштары белинен басып, алаксытып турган кезде Айша эрин чанда гана эстечү, ачыгыраак айтканда; «Ошондо Мукашты кечирбей койгонум туура беле, жок беле?» – деп, өзүнө-өзү суроо бергенге байланыштуу эстечү.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.