Күздөгү жаандар
Мар Байжиев
Айша уктап жаткан кызды көпкө чейин тиктеди, бирок уулуна эч бир жери окшобойт, кирпиктери, көздөрү гана капкара экен. Бирок буга окшогон кара көздөр азбы? Веранын келген жеринде мындайлар өтө көп кезигет эмеспи.
Айша эмне кыларын билбей, башы маң болду. Ишенгиси келип эле турат, бирок турмушта эмнелер гана болбойт дейсиң? Эмне үчүн кызда атасына окшогон бир да белгиси жок? Уялчаак жана кишиге көп жугуму жок жапжаш Эркин аз гана мезгилдин ичинде өзүнөн улуу аял менен кантип байланыша калды? Бул жерде ал сүйгөн, аны сагынып күткөн колуктусу бар эмес беле? Кээ бир жесир аялдардын өлгөн эрлери жөнүндө элден сурап билип алып, аларга келип капкайдагы жөө жомокторду айтып, алдап, ишенимге кирип, үйүндө жашап, тамак-ашын ичип, анан бир күнү дурусураак буюмдарын көтөрүп алып жолго түшкөндөр жөнүндө, кайсы бир шүмшүк сокур кемпирди мен сенин аскерден келген уулуңмун деп алдап, үй-мүлкүн өз атына жаздырып алгандыгы жөнүндө жакында газетага да жазылбадыбы. Согуштан кийин мындай окуялар көп кездешчү. Бул келген келинди ошондойлордон экен деп Айша эч ойлогон жок, анын сөзүнө караганда Эркин менен жолугушканы ырас окшойт, бирок кызды Эркинден төрөгөнүнө көп ишенген жок. Согушка жакын жерлерде эмнелер гана болбоду дейсиң…
Кандай болбосун, Вера кызы менен Айшанын үйүнө туруп, заводго кызматка орношту. Бир күнү ал кызматтан кеч кайтып, хор кружогуна жазылдым деп келди. Бир нече күндөн кийин дагы баягысынан да кеч келип киного бардым деди. Жекшемби күнү Вераны кандайдыр бир эркек узатып келиптир. Бул өзү табийгы нерсе экенин Айша билип турса да ичинде жактырган жок. Акырында чыдабай, бир күнү:
– Сени жеткизип жүргөн жигит ким? – деп сурады.
– Ал экөөбүз бир цехте иштейбиз – деди Вера.
– Ал сага үйлөнөм деп жүрөбү?
– Билбейм!.. – деди Вера
«Билбесең аны менен бирге эмне басасың?» – деп суроого Айша батына албады. Анткени, Вера башка үй-бүлөдө, башка шарттарда тарбияланган, европалык аялдардын жорук-жосун, кылык-жоруктары башкачараак эмеспи. Вера менен жанагы жигиттин ортосунда кандай мамиле бар экенин Айша билген жок, бирок эртеси эле ал жигит келинди узатпай калды. Анын ордуна погонсуз китель кийген, ордендердин эки катар ленталарын тагынган кырктар чамасындагы жигит пайда болду.
Аны байкаган Айша Вера менен ачык сүйлөшүүнү чечти.
– Сен мени туура түшүн, – деди Айша. – Экөөбүз ачык сүйлөшөлү. Сен жапжаш, мөлтүрөгөн татынакай келинсиң, сенин келечегиң алдыда. Мен болсом сенин турмушуңа кедерги болуп жатат окшойм. Сен өзүңдүн келечегиңди ойлон, балам. Каадалуу, сени туура түшүнүп, баш кошо турган кишиге жолуксаң, ойдогудай үй-бүлө курсаң, менин эч каршылыгым жок.
Вера эч нерсе айтпастан, шолоктоп ыйлап жиберди. Бул жерге Эркиндин өтүнүчү боюнча, анын кызынын айынан келгенин айткысы келди көрүнөт, бирок, Айша-апа кыздын өз небереси экенинен күмөн санап, ага чыныгы энелик мээримин толугу менен бербей жүргөнүн эстеп унчуккан жок. Бул сөздөн кийин Вера дагы бир аз Айша-апаныкына жашады да акыры кызын алып кетип калды. Дайыма кат жазып турам деген, бирок фабрикага орноштум, жалпы жатаканада турабыз деп, Ташкенттин түбүнөн бир жолу кат жазып, ошону менен үнү өчтү…
***
Айша зериккенинен үйүндө сакталып жүргөн эски каттарды окумакчы болду. Алар анчалык деле көп эмес эле: кагаздары саргарып калган бир нечеси эринен, үч кат уулунан жана дагы бир алакандай кат Верадан келген. Биринчисин Мукаш түштүккө иштеймин деп кетип, кайсы бир кыштактан жазган. Алар анда үйлөнө элек болчу, ал катында иштериндеги кыйынчылыктар, жергиликтүү элдин ырым-салты жөнүндө жазып, ал эми сүйүүсү жөнүндө эң акырында гана «күт» деп коюптур. Андан соң ар кайсы жерден жиберген бир нече кичинекей ачык каттар, аларда Айшанын ден соолугу жөнүндө (Айшанын боюнда бар эле), анан экөөнүн: аялынын жана уулунун ден соолуктары жөнүндө тынчсызданган. Чоң шаарга окууга кеткендеги жазгандары жок: аларды Айша кийин тытып салган, бирок согуш майданынан жазган – биринчи жана акыркы каты сакталуу.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.