Күздөгү жаандар
Мар Байжиев
Улгайган аял каттарды көпкө чейин кармалап, тааныш кол жазган тамгаларды карап отурду, бирөөнү да окуган жок, анткени алардын мазмунун Айша небактан жатка билип алган.
Мынакей уулунун каты:
Баланын колу. Ал пионер лагеринен жазган: тамгалары бийлеп жаткансып ийри-муйру. Балдар менен кайыкка түшүп ойногонун үч баракка баяндайт. Экинчи каты татынакай кол менен жазылган. Анысы аскерге чакырылып, Чаджоуга барган жеринен келген. Үчүнчүсү, Праганын жанынан жазылган кат. Анан… андан кийинкиси – суук кабар.
Айша каттарды сарамжалдуулук менен бүктөп, целлофанга ороп, сыртынан лента менен байлай баштады да, байлоосун кайра чечти, – машинкага басып койсомбу деди, анткени – мезгил өткөн сайын кагаздар саргарып, кээ бирөөсү химический карындаш менен жазылгандыктан, өңдөрү өчө баштаптыр. Айша шашпай машинканы столдун үстүнө коюп, чүпүрөк менен чаңын сүрттү, эринин биринчи катын ачып, эски жез сызгычты үстүнө койду, орундукка жайланышып отурду да басмакчы болду. Бирок биринчи беттин жазуулары өчүп калыптыр, сүйлөмдүн бирин да окуп болбойт – аларды Айша жатка окуп, машинкесине басмак болду.
Айша биринчи арипти басты эле, тамгасы жукпады, көрсө тамгасы эскирип кетиптир, жаңы тасма салып. «Кымбаттуу» деген сөздү жазды. Ал керээли кечке иштегенсип колу талып, шалдая түштү. Башын муздак машинкага коюп, терең ойго чөгүп отуруп калды…
Айша башын көтөргөндө, бөлмөгө бүүрүл күүгүм кирип калыптыр. Эртеден бери теректерден күбүлүп жерге түшүп жаткан жалбырактар эми терезеден көрүнбөйт. Каш карайып, думугат. Ал эшикти чоң ачып, балконго чыкты. Күздүн салкын сыдырымы улгайган аялдын бетин аймалап, буурул чачын сеңселтти, бөлмөгө кирип, терезе, эшик жапкычтарды делбиретти. Жамгыр жаңы эле жаап өткөн окшойт, табият да өтүп кеткен жаз күндөрүн эстеп ыйлап жаткансып чатырдан мөлтүр тамчылар мончоктойт. Терезелердин жарыктары биринин артынан бири өчө баштады. Төмөндө асфальт жаркырап, бетинен газ лампалуу узун мамылардын жана имараттардын карарган караандары көрүнөт. Маңдайындагы студенттердин жатаканасынын балконунда мойнун созуп бир кыз турат. Анын сөлөкөтү жарык фонго туш менен тартылган сыяктуу. Артында эшик чоң ачылып, радиодон музыка угулат. Шаардын, үйлөрдүн үстүнөн виолончелдин коңур дабышы сызылып, айбаттуу жумшак үн сүйүү, сагыныч, бакыт жөнүндө ырдайт.
Ысык сүйүү, куса болуу,
Өтүп кетер бир кезде…
Ырчынын үнү басыла калганда заңгыраган үйлөрдүн, жалтыраган асфальттын үстүнөн виолончелдин коңур дабышы жайкы булуттай калкып, созолонуп небак унутулуп калган терең ой-сезимдерди козгойт.
Кайгылуу сагынычтар баштан өтөр
Кайрадан илгеркидей жолугарбыз.
Бул романс магдырай баштаган шаарды, сары алтындай кулпурган коңур күздү, айланадагы табиятты, түнкү бейкуттук менен жылдыздуу асманга суктанып, өзүнчө кыялданып, балкондо турган жалгыз кызды термелтип эркелеткенсийт.
«О, кагылып кетейин кызым, алдыдагы өмүрүңдө сени кандай тагдыр күтүп турат болду экен? Мен да бир кезде так сендей эмес белем, мен да боз үйдөн чыгып, тоонун жумшак желаргысына бетимди тосуп тунжурап, далай жолу таңгы Чолпон жылдызын күткөмүн. Бирок, эми минтип… Сенин тагдырың меникиндей болбосун?» – Айшанын эриндери титиреп, көзүнө жаш тегеренди.
– Жок! Жок! Эч качан сен мендей болбойсуң. Эч качан! Сенин бактың үчүн менин уулум курман болгон! Жеке гана менин уулум эмес, миңдеген миллиондогон сонун адамдар кан төгүп, көбү жерде калбадыбы. Алар сени дал ушинтип терең ойлуу асмандагы жымыңдаган жылдыздарды тиктеп, өз бакыты, сүйүүсү, турмушу жөнүндө ойлонсун деп самашкан, ошон үчүн ажалдуу майданга барышкан. Сен ошону билет болдуң бекен, кызым! Же согушта кимдер эмне үчүн курман болгону менен эч кандай ишиң жокпу? Алар жөнүндө сен албетте билесиң, китептерден окугансың, мектептен сабак алгансың. Мүмкүн анын баары муундардын биринин ордуна кийинкилери келген жөнөкөй гана эзелтен бери келе жаткан турмуштун алмашусу сыяктуу түшүнөрсүң… Бирок андай десең өтө жаңыласың, кызым.. – Айшанын башындагы жоолугун күздүн жумшак шамалы тыткылады… Чатырдан тамчы шорголоду. Жаан кайра башталды. Балкондогу кыз үйүнө кирип, эшикти жаап койду. Музыка тумчугуп, күздүн жаандуу шамалы шуулдады…
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.