проза
Абдиламит Матисаков: Тандыр
(Апамдын жаркын элесине)
Апамды көргөнү алыстан ат арытып келген тууган-туушкандарыбыздын да, айыл адамдарынын да аягы үйүбүздөн узакка үзүлбөдү… Апам бак ичиндеги сөрүдө. Астында калың төшөлгөн жумшак төшөк. Көргөнү келгендер менен баш ийкеше, жылуу учурашат. Жакшы элесиңби? Өткөндөгүгө караганда саал өңүң да түзүк, догдурдун колунда көп болдуң да. Берген дарылары деги жага турганбы? Дарт дабасын ошолор билчү эле, эмне дешет?..
Апамдын көңүлү айнып, жаны сыздап жатканын туюп атышкандай, жүздөрүндө кейиштин изи калып, узаткан суроолору аяр, ары жумшак. Тегеректей олтуруша калып, оозунан кеп чыкса илип алышып, баш ийкей коштоп олтургандарга апам жай гана:
– Жакшымын, – деп жооп кайтарат.
Ушул тапта түн уйкусун кыйнап, көкөй эзген кыңкысы пастай, жүзүнө аёо карек тигишкен аялдарга жай айткан, шыбыр айткан жалгыз сөзү чын эле айыгып келаткандай жышаан туйгузуп, жүрөгүмө сүйүнчү кабарын берчү. Анан бүткүл жан-кубатына, дарманына салып, жанында бүйрө тартып олтургандардын үй ичи, бала-чакасынан өйдө тегиз сурамжылап чыгат.
Адатынча биздин үйдүн босогосун аттап, башбага калган катын-калачтын алдына ой-боюна койбой, тапкан-ташыганын жайнатканга маш апам, эми ал-жайын сурап келгендерге чай суна албаган абалына ариеттене калгандай жүзүндө кыжалат.
Келгендер узакка олтурушпайт. Шашып турушат. Сөрү алдына чечишкен кепичине эңкейе ары-бери чуркап жүргөн бизге, үй-турагыбызга аёо карек кадап, бут учтарына кепичин илишкен соң, апама дагы келип турушарын, “тагдыр жазганын көрөрүн” көп эле балдарды коркутуп, ташпишке салбоосун муңайыңкы өтүнүп чыгышат. Кай бири жаныбызга токтой калып, апабыздын кеселинен куландан соо айыгарын, келин жумшап, ал тургай небере көргөн ырыстуу байбиче болорун сүйкүм божурап мээримдүү.
Турмуштун сансыз калбаасы аларды тымызын алаксыта өз өкүмүнө моюн сундуруп, эмелеки бейтап адамдын көңүл кушун көкөлөткөн жароокер сөздөрүн көкүрөктөрүнөн шыр түшүрүп ийишкендей, биздикинен түз эле тамеки талаасына, бири дүкөнгө, дагы бири той камылгасын көрүп, туугандарыныкына жол алышат. Курчу кайта түшкөн көздөрү алардын ээрчише баскан караандарын тээ өзү суу көтөрүп кайтчу чоң арыкка чейин кусалуу карашта узатып, ылдый бурумдан көрүнбөй калганда гана оор улутуна артындагы жаздыкка кыйшаят апам. Тынчтык саамга созулбай, үшкүрүк соңунан дене сайгылаштырган кыңкыстын үзүгү тээ түпкүрдөн сызылып чыгат.
Ушундан уламбы, апамды жалгызсыратпай, дагы кимдир бирөөнүн кирип келишин көрсөк, сай-сөөгүбүзгө баткан онтоосун басып, “шүгүр, жакшымын” деген сөзүн дагы уксак деген үмүт үйдөгү ар бирибиздин ниетибизде турчу. Биз күткөн ошол адам узакка кечикчү.
Үйгө кишилер түшө калганда, кепке сөзсүз атам аралашат. Үнүндө кейиштин залдары сезилип турса да, сөзүнүн баш-аягы сабырдуу:
– Ооруң түшкүрдүн карыгабы, жашкабы жүзүн ары кылсын. Кызыл жүгүрүктү капарга албай жүрүп, өтүштүрүп ийди… Догдурга көрүнбөй анан, туура беш ай замдап дарылашты го. Дарт өтүшүп кетсе, дарынын деле жардам-пайдасы аз окшойт, эми минтип адам болору арасат…
Кээде ылгабай чыгарган сөзүнө, киши кеткенден кийин карындашымдын кейигенин айт:
– Кебиңизди таап сүйлөсөңүз, ата. Бекер айтыпсыз, апам айыгат эле.
Ал тургай апамды көргөнү келгендердин жумшак сөздөрүнө көкүрөгү толуп кетчү Каныштын ушул тапта карегин жаш чаят. Атам осолдой түшүп, түшүрүп ийген сөзүн кайра алмакка:
– Сенин ыкыбалың болсо, апаң сакайбай анан. Пендеси түшкүр, жаманчылыгын дайыма ала жүрбөсө, кызым… Көп кейий бербегиле, бешенеңерге не жазганын кайдан билесиңер. Ырыскысы түгөнбөсө, энеңер дагы көп жыл жашап берер, – деди.
Шашпай ордунан турмакка обдула берип, апама эңкейе калат. Бир калыпта чыккан демин дабагердей тыңшый калат:
– Анар, Анар дейм, ач көзүңдү, беймаалда көп жата бербей, туруп ары-бери бассаң. Бүткөн баданың1 да кыймылдабай бир жолу куурап бүткөндүр, аа… – Акыркы сөзү ылаажысы түгөнгөндөй какшап чыгат.