Касым КАИМОВ

АНАРБАЙДЫН КӨПҮРӨСҮ

Касым КАИМОВ

Ошентип, талаштын акырын ташкындаган өзөн өзү чечти. Аны улап, тургандардын бири күңк этти:

– Анарбайдын көпүрөсү азыркы шартка жарабайт. Жаңыча көпүрө жөнүндө капкачан ойлоо керек эле.

Калгандар анын сөзүнө макул болушуп, унчугушпай калышты.

Ооба, ал жөнүндө өз убагында ойлошпогондуктан, суудан өтө албай, иштери, сапары өксүп ара жолдо калышты.

Суу тартылмайынча бул жерге көпүрө салууга мүмкүн эмес. Мынчалык катуу кирген суу оңой менен тартылабы? Эки чакан өрөөндүн жана аларды бириктирген бүткүл чоң өрөөндүн катнашы токтолду...

* * *

Курулуш жумуштары, адаттан тышкары, суу тартыла электе башталды. Мындай окуяны мурда кезиктиришпеген айыл кишилери, айрыкча, карыялар менен балдар эртели-кеч курулушчуларга келип, алардын иштерин таң калуу менен карашат. Өйүз-бөйүздө өңчөй техника: таштарды, курулуш материалдарын жүктөгөн машиналар, бульдёзорлор, крандуу машиналар. Аларды өзгөчө таң калтырганы – курулуш материалдарынын арасында жыгачтын жогу. Баары темир, уютулган таш. Айылдагылар арасында «таш көпүрө», «темир көпүрө» салынат экен деген сөз тарады.

Абышкалар айланчыктап кетишпей, урчуктун көлөкөсүнө отуруп алышып, илгеркиден жана азыркыдан кеп салышат, курсактары ачканда гана үйүн эстешет. Балдар үчүн темир көпүрө өзүнчө кызык. Ушул жерде ойношот, жеңил материалды көтөрүүгө жардам беришет, жүк ташыган машинанын шофёрлорунун жанына отуруп, арыбери сайрандашат.

Абышкалардын бири гана өзүн башкача кармайт. Ал көбүнчө көпүрөнүн кантип куруларын баамдагысы келет. Бирде долбоорду тиктеп отурган адистердин, бирде жумушчулардын жанына келет. Көпүрөнү тез бүтүрүү үчүн ашыккан кишилердин аны менен жумушу эмне?

Анын ак топусуна, чычайган аппак мурутуна да көңүл бурган эч ким жок.

Жумушчулар менен техника Анарбайдын көпүрөсү бузулгандын эртеси эле келишкен. Адегенде алар өйүзбөйүздү байланыштыруу үчүн асма көпүрө орнотушту.

Жумушчулар менен катар зарыл иштери бар кишилерди биринчн кезекте өткөрүшмөк болушту.

Курулуш инженери көп кишилердин арасынан алиги ак топулуу абышка менен балалуу аялды асма көпүрөгө биринчи чакырды. Балалуу аял келди. Абышка баш тартты. Убакытын эптеп өткөрө албай жүргөн бекерчи экен, – дегенсип, аны ошондон кийин таптакыр капарга албай калышты. Жүргөн бир ак топу деп коюшту.

Жумуш күнү-түнү кызыды. Жээктин эки четине жумушчулар үчүн чатырлар тигилип, ар кандай аркайган темирлер, темир бетон калкандары жыйылды. Экскаваторлор тынымсыз иштеп жатты.

Башка карыялар келбесе да, баягы ак топулуу, чычайган аппак муруттуу абышка чыккан күн менен кошо келип, кошо кетип турду. Кебетесинде анчалык бырыш жок, жүрүш-турушу тыкан болгону менен, ал сексенден ашып калган эле. Көзү да кадимкидей. Кулагы гана каңырыш. Аны менен сүйлөшпөгөндөн кийин кулагынын жайын кайдан билишсин.

Абышка өбөк тартып, бөжөңдөй басып, дайыма жөө келет. Колундагы таягына да анчалык күнү түшө электей. Басканда анысын коомай шилтеп же аркасына келтирип, эки колтугуна кыпчып коёт. Отурганда, турганда гана таягы жөлөк.

Ал адегенде эле оңурайган көпүрөнүн ордун тиктейт.

Суу бир калыпта жошодой кызарып, жыландай ийрилип акканын, агындылар бирде көрүнүп, бирде көрүнбөй тарбалаңдап кетип баратканын көрөт. Башын чайкап коюп, анан курулушчуларды тиктейт. Суу кирип жаткан учурда кандай неме көпүрө салат? Булар өтө айлакер же болбосо, тажрыйбасы жок балдар. Балким курулуш материалдарын жыйнап, камылганы бүтүргүчө ташкын басылар. Антип ойлоюн десе, аларда суудан ырайым күтүүчү кебете байкалбайт. Пландарына ишенет окшойт. План деген кагаз. Тилсиз жоо планга баш ийеби? Абышка аларга оюн ачык айтайын десе, ишке биротоло чечинип кирген балдар мени алжып, акылынан ажыраган экен дешпесин деп чоочулайт.

Абышканын тажрыйбасы боюнча көпүрөнүн сапаты бийиктиги жана түркүгүнүн бекемдиги менен аныкталат.

Болочок көпүрөнүн түркүгү шек туудурбайт. Анткени ал темирден болоруна көзү жетет. Эмки максат – жерпайынын бийиктигинде.

Ак топучан адам жээкте таягына жөлөнүп, жумуштун чаркын байкап отурганда бульдёзорчу жигит көпүрөнүн бир жаккы башын каза баштады.

04.11.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.