Абдылдажан Акматалиев
Арслан Койчиевдин мистикасы жана реализми

А.Койчиевдин романындагы жүрөк титиреткен драматизмдин дагы бир күбөсү чон апасы Карагыз менен Мукайдын Беделдин ашуусундагы жолугуш окуясы. Падышалык солдаттардан качып келе жаткан Мукай эл азап-тозоктуу кыйроого учураган Беделдин ашуусунан кытай жакка кете албаган чоң апасына күтүлбөгөн жерден кездешет:
– Апа! – деди Мукай, – Кетели!
– Мага каралаба, сен кач, балам! Мисмилдирик болобуз, катыгүн! –деп какшанды кара кемпир. – Күн жарыкта Беделден аш!
Жаныңды сакта, жаныңды! Тилегеним сенсиң! Сенин амандыгыңды
тигил дүйнөдөн да тилейм!
“Апалаган” Мукай Карагыз апанын жеңинен тартты. Кемпир жеңин тартып алды.
– Кач, балам! – деди.
Ый менен муңга жүрөгү канжалаган Мукай жалгыз кетүүгө аргасыз болот. Мындан ашкан трагедия барбы, көз көрүнө айласыз чоң апасын өлүмгө калтырып жатат. Ызгардуу Бедел ашуусунда жалгыз калган кемпирдин элеси окурмандардын сезимине катуу таасир этпей койбойт.
А.Койчиев Камбар болуштун уулу Мукайдын кийинки тагдыры да оор болгондугун көркөм сүрөттөйт. Автор 1937-жылдагы репрессияны көз алдыга Мукайдын образы аркылуу тартат. Ж.Абдрахманов, И.Арабаев, А.Сыдыков, Т.Айтматов сыяктуу кыргыздын жаш коомдук жана мамлекеттик чыгармачыл ишмерлеринин өмүр трагедиялары эске түшөт.
“Мисмилдирик” романынан тарыхый бир топ каармандарды кездештиребиз; Калыгул, Арстанбек, Радлов, Сагымбай ж.б. бул каармандар чыгарманын башкы окуяларына жуурулушуп берилгенин байкоого болот.
Бул романда 1916-жылдын тарыхый окуяларын көркөм баяндап берген гана жок, элдин аң-сезиминин ойгонушунун эволюциясынын ишенимдүү сүрөттөгөн чыгарма деп эсептесе болот.
Дегеле, Арслан Койчиевдин “Мисмилдирик”, “Бакшы жана Чыңгызхан” романдарын ж.б. чыгармаларын окуп отуруп мындай жекече тыянакка барып такалдым. Автор падышалык Россия болобу, советтик идеология болобу – позициясы ачык-айкын, алардын жүргүзүп келген саясатын түп-тамырынан бери жактырбаганы байкалат. Бул автордук ойго, позицияга толук кошулуу кыйын...
“Мисмилдириктен” (“Беделдеги ашуу”) көп узабай 2012-жылы “Айта бар менин кебимди”, 2014-жылы “Бакшы менен Чыңгызхан” аттуу романдары жарык көрдү. Көпчүлүк учурда жазуучулар аңгеме, новелла, эссе, анан повесть жанрларында чыгармаларды жаратып, андан кийин жанрлардын эң татаалы романга өтүшөт. “Чу” дегенде үч романды жазып салган Арслан Койчувге мен алгач таң калып, адабий-көркөм көрөңгөсү, ой жүгүртүү масштабдуулугу кандай болду экен деп, “Бакшы менен Чыңгызхан” романын колума алып окуганыма бир топ мезгил болуп кетти. Бул чыгарма өзүнүн оригиналдуу табылгалары, кызыктуу сюжети, автордун өзгөчөлүктүү позициясы менен мени кызыктырса да, өз учурунда роман тууралуу пикирими билдирип, макала жазууга мүмкүнчүлүгүм болгон эмес эле. Ошентип, жакында иш-сапары менен Казакстанда, Азербайжанда жүргөндө чыгарманы жаныма алып, кайра башынан барактоого туура келди.
Арслан Койчиев адистик билими боюнча тарыхчы. Романдарында да аны тарыхый темалар кызыктырары мыйзамченемдүү. Бирок, ал тарыхый жанрда чыгарма жаратууну көздөбөйт. Ал тарыхый каармандардын, окуялардын өзүн эмес, алардын тарыхый натыйжасын, сабагын эркин, көркөм фантазиянын жемиши болгон шарттуу окуялар, каармандар аркылуу сүрөттөп ачууну туура көрөт.
Чыңгызхан жөнүндө өз пикиримди Ч.Айтматовдун “Чыңгызхандын ак булуту”, И.Калашниковдун “Каар заман”, И.Ясашинин “Бөртө Чоно” А.Кекилбаевдин “Талаа балладалары”, С.Раевдин “Жанжаза” чыгармаларын талдап жатканда да билдирген элем. Ар бир чыгармага авторлордун позициясы аркылуу анализ жүргүзүү керек. Бирөө Чыңгызханды жактайт, бирөө сындайт. Белгилүү болгондой, Чыңгызханга байланыштуу көз караштар нечен кылымдар өтсө дагы талаш-тартыш туудуруп келет. Айрымдар аны баскынчы, көп шаарларды, мамлекеттерди кыйраткан, адамдарга кыргын салган зулум катары жек көрүшсө, айрымдары аны күчтүү личность, таланттуу аскер башчы, айлакер саясатчы катары сый-урмат менен мамиле жасашат. Ал гана эмес, аны казак же кыргыз деп да өз энчилерине ыйгарып жиберишет.