Абдылдажан Акматалиев

Арслан Койчиевдин мистикасы жана реализми

Абдылдажан Акматалиев

Соңку мезгилдерде Чыңгызхандын образына, анын адамдык, жоокердик, мамлекеттик башчылык ишмердигине карата позитивдүү баа көбүрөөк орун алып келе жатат. “The Washington Post” гезити Чыңгызханды “соңку миң жылдыктын эң улуу адамы” деп атаган. Ал эми америкалык окумуштуу, антропология илиминин профессору Джек Узерфорд  Чыңгызхандын батыш жана чыгыш өлкөлөрүн басып алууда  кетирген кыйроолору, каршылык көрсөткөндөрдү аёосуз кырган  таш борлугун эске алуу менен  тарыхый өнүгүү, өсүү жолунда анын өтөгөн кызматынын оң жагына басым жасаган. “Чыңгызхан жана жаңы дүйнөнүн жаралышы” аттуу илимий эмгеги 400 миң нуска менен чыгып бестселлерге айланган, 30 өлкөдө которулуп басылган, 2011-жылы китептин аудио версиясы жылдык конкурстун жеңүүчүсү болгон, “жылдын китеби” аталган.

Эмне үчүн мен жогоруда Чыңгызхан жөнүндө позитивдүү көз караштарга токтолуп жатам?! Себеби, Арслан Койчиев “Бакшы жана Чыңгызхан” романында каарманына карата оң позицияда  экендигин жана Чыңгызхан тууралуу ошол толуп-ташыган көптөгөн илимий, көркөм маалыматтарга  А.Койчиев өзүнүн оригиналдуу салымын кошо алгандыгын белгилөө болуп саналат.

Чындап келгенде роман Чыңгызхан жөнүндө эмес. Романдагы окуялардын өнүгүшүнө Чыңгызхандын кыйыр гана тиешеси бар. Болгондо да Чыңгызхандын өзүнүн эмес, арбагынын, элесинин. Роман Чыңгызхан түзгөн Улуу Империя кантип бытырандыланып, урпактары кантип майдаланып, кантип кумга сиңген суудай жок болуп, ар түрлүү калктар менен ассимиляциялашып, өз тегин унутуп, чанып кеткендиги жөнүндө. Улуу Чыңгызхандын мына ошого кейигендиги, өздүгүн танган, түп атасын унуткан урпактарына Чыңгыз Айтматовдун  “Кылымдан да узак созулган күн” романындагы  Дөнөнбай куш  сыяктуу “Атың ким, атаңды эсте” деп ата-баба осуятын эске салууга аракет кылгандыгы баяндалат. Бир караганда өз урпактарынын келечеги үчүн тынчсыздануу, алардын келечегине кабатыр болуу, өзү туура деп эсептеп, жасап келген иштерин, карманып келген ишенимдеринин тууралыгын кийинкилерге далилдөө жакшы да, жаман да эмес, табигый көрүнүштөрдөн.

Чыңгызхандын образы – романдын сюжеттик курулушундагы окуялардын өнүгүш ыраатын, образдар системасын жөнгө салып, уюштуруп, бир түйүнгө бириктирип турган  образ жана чыгарманын башынан аягына чейин кызыл сызык менен сызылып өткөн элестүү, жандуу образ.

А.Койчиев Чыңгызхандын портретин өтө элестүү тартып, мындайча сүрөттөйт: “...нооча бойлуу, бети багжайган, көгала жука сакалчан, жука муруттуу, көзү жымшык болуп көрүнгөн киши, ии, үстүндө узун этектүү боз чапанчан, башында чымкый ак топучан...”

Мына ушул портреттик элес чыгарманын  башынан аягына чейин улам бир каармандарга эскертүү берет, ой-сезимин козгойт, жолугат, кемчиликтерине капаланат, таарынат. Чыңгызхандын арбагы ал каармандардын жан дүйнөсүн, психологиясын бүгүнкү күндөгү томографиялык рентген сыяктуу ачып берет. Мындай караганда А.Койчиев Чыңгызхандын портреттик элесин улум-улам ар кайсы окуяларда кайталап, байлап отурушу айрымдарга тажатма катары сезилиши мүмкүн, бирок ошол портреттик элес каармандардын кимдин ким экенин ачык, дапдаана аныктап турат.

Бактыгерей Избасаров – бул сталиндик (Хрущев маршал Рокоссовскийге Сталинди жамандоо жөнүндө тапшырма бергенде: “Сталин для меня святой” – деген экен, азыркы мезгилде Чыңгызхан сыяктуу эле Сталинге да оң көз караштар көп пайда боло баштады) репрессиядан жапа чеккен, ата-бабаларынын тарыхындагы нарктуу, даңктуу окуяларды эскерүү, эскерме калтыруу укугунан ажыратылган, тыюу салынган, жеке инсандык умтулууларына, өнүгүүсүнө жолдор жабылган жарандардын типтештирилген бир өкүлү. Ошол үчүн ал өзүнүн төрөнүн тукуму экендигин эсине бекем сактаганы менен сыра (пиво) саткан сары бочкени шынаарлагандардан алыс бараар чөйрөсү деле жок. Коллективдештирүү кезинде анын атасы малын ортолукка берип, жалгыз күлүк тору айгырын да тарттырып, андан соң тап катары Сибирге айдалган. Боз улан Бактыгерей жер которуп кутулган, согуш учурунда туткунга түшүп, кийин ошол үчүн соттолуп, карыганда Сибирден кайтып келген. Ал табиятында сезимтал жан дүйнөлүү, намыскөй адам экендигин байкоого болот.

15.10.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.