Рысбек Эшматов

«Атажурттун сокмо жолдору менен...»

Рысбек Эшматов

“Айгүл тоо” аңгемесинде лирикалык каарман (автор-баяндоочу): “Кийин Иса ал аппак чалды (дервишти) өзүнүн «Атажурттун сокмо жолдору менен» деген китебинде кыстарып кетти. Али аваны да киргизген. Бул китепте мындай ыймандуу адамдар толуп жатат. Өзүнүн дайдилик турмушунда Иса жалаң жакшы адамдарды жадына тутуп, сулуу аялдар менен кооз жерлердин элестерин гана эстеп келет. Мунун китеби – жакшылыктын китеби, сулуулуктун китеби. Бирок китеп али жарык көрө элек, жазылып бүтө элек. Мүмкүн ал анын өмүрүнүн аягына чейин жазылар. Бул анын өмүрлүк китеби, башкы китеби...” – деп баяндайт... Бул – Мурза Гапаровдун сыр төгүүсү.

Ошол сыр окурманына жакындатып, калемдеш курбусу Кеңеш Жусупов айткандай, “... жазуучу жеке башынан өткөнүн жана ички сырдүйнөсүн жазса гана чындыкты айта алат деген нуска кепти эрте түшүнүп, бул ынанымды (чыгармачылыгында) өмүр бою сактап келгенин” кыйыта билдирип турат. М.Гапаровдун чыгармаларында жан-дүйнөсү менен жашап өткөн чыныгы нерселер көркөм чагылып, көркөм сүрөттөлгөн, башкача айтканда, өзү жакшы билген турмуштун көркөм көрүнүшү – М.Гапаровдун чыгармалары автобиографиялуу элементтерге чулгана жаралганы адабият таануу илиминде азырынча айтыла элек.

Чыгарма жаратууда негизги принципке айланган бул табылга жөн жерден жаралган жок. Жазуучу, баарынан мурда, Батыш-Чыгыш адабияты менен маданиятын терең үйрөнүп; жан-дүйнөсүнө жакын, жүрөктөш, духташ акын-жазуучулардын жазгандары менен өмүрүнөн сабак ала, көздөгөнүнө умтулуудан – таасирден улам жаралды.

Жапон акыны Басё сыяктуу дервиш болуп, түштүктүн сокмо жолдору менен атажуртту аралап (таасирин сезиңиз, Басё Жапонияны кыдырып, хокку жаратып, беш китептен турган күндөлүк жазса, эң эле таанымалы – “Түндүктүн сокмо жолдору менен” деген күндөлүгү болгон. М.Гапаров болсо башка китебин ошого үндөштүрө, «Атажурттун сокмо жолдору менен» деп атагысы келген), түштүктүн жашоосу менен салтын, кооз жерлери менен табиятын колориттүү баяндап, сүрөтүн кооз тартат. Таасир маселесине келгенде, жазуучу Жапониядан мурда Батышка кайрылып, адегенде Америка, адабиятына – эң алды менен Хемингуэйдин чыгармаларына таасирленген.

Хемингуэй – XX кылымга мүнөздүү адабий стилди жаратуучу. Ага таандык стилдик белгилер – окула баштаганда, сөздөрдө сүрөттөлгөндөр элеси тартыла, абасы билине, окурманда жандуу сезимдерди жарата баштайт. Чыгармадагы сүрөттөлгөндөр жай темпте тартылган кадр сыяктуу кыска, ачык фразаларда үндөр, жыттар сыяктуу эле сезүүнү жаратып, кебелбес оъективдүү дүйнө жаралып турса – бизде (окурманда) сүрөттөлүп-чагылдырып жаткан объект менен түздөн-түз аралашып, байланышып тургандай иллюзия жаралат. Ошонун өзү болмушту чыгармачылык менен үйрөнүп, кайра жаратуудагы хемингуэйлик-гапаровдук ыкманын өзгөчөлүгүнөн – объективдүүлүк менен субъективдүүлүк органикалуу айкалыштырып берүү ыкмасынан жаралган.

Автор каарманынын артында көрүнбөй тургандай болот да, дүйнөнү анын көзү менен карай баштайт, ошол эле мезгилде адам аң-сезимине чогуу келүүчү анын күндөлүк ыбырсыган нерселерин, тез келип, тез унутулуучу (мимолетный) таасирлерин ажырата баштайт.  

Аналитикалык ажырымдуу келген ушул кабыл алууну жазуучу кыймыл-аракеттердин элементтеринде жана сырткы дүйнөнүн даана тартылган образдарында объективдештирет, ошон үчүн биз Хемингуэй-Гапаровду окуганыбызда, каармандын аң-сезимине ал кандай чагылса, дүйнө биздин алдыбызга ошондой эле ырааттуулугу жана объективдүү реалдуулугу менен бирдикте ачылат. Каармандагы ошолорго ылайык реакцияларды чакыруучу “образ-кадрларды” кабыл алуу менен, каарман эмнени сезип-туйса, биз да ошону сезип-туябыз; ошол образдар – реалдуу дүйнөнүн ошол көрүнүштөрү. Ушундай стилди кынаптап сүрөттөгөн “образ-кадрларды” М.Гапаровдун “Киотого кеткен жолдо” драмалык чыгармасынан мисалга тарталы:

“...А поезд тоо арасында баратыптыр... Бир маалда ал туннелге шумкуп кирип кетти. Бирок, туннель жарык, аппак экен... Көрсө, поезд тешкен тоонун ичинде эмес, гүлдөп турган сакураларды аралап келатыптыр... Сакуралардын шактары вагондордун үстүн чийип, ачык турган эшик-терезелерден ичкери баш багып, гүлдөрү коридор-купелерге күбүлүп атты... Мен бирпаста баш-аягыма чейин аппак болуп жаап аткан кардын астында калгансыдым... Ошондо бул сулуулук менин жүрөгүмдү эритип, көзүмө жаш толтурду. Мен бул күтүлбөгөн кубанычымды бирөө менен бөлүшөйүн десем, жанымда жан жок... А поезд жай жылып кетип баратат... кетип баратат... а сакура-туннель такыр түгөнбөй койду... Канча убакыт өткөнүн билбейм, бир маалда карасам, маңдайыма бир жапон аял отуруп калыптыр... Жапжаш... супсулуу...”

09.12.2025

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.