МАР БАЙДЖИЕВ

БИР КЕМПИР

МАР БАЙДЖИЕВ

Ак чокулуу улуу тоолордун кең коктусунда, калың карга белчесинен баткан чакан айылда, жепирейген боз тамда чүкөдөй болгон бир кемпир өлүм алдында жатты. Анын өлө баштаганы көп болду. Бул тирүү жан кутулбас кыянат согончогу канап, биринчи перзентин көргөн күндөн башталбадыбы, кыз кийимин чечип, зайып болгон түндөн башталдыбы, же андан да мурдааракпы – аны өзү да билбейт.

Кемпирдин эсинде өткөндүгү менен азыркы, күз менен жаз, күн менен түн, өңү менен түшү, кым-куут болуп аралашып чаташат. Кемпир көзүн ачпай кичинекей секелек кыздын үнү алыстан чайга чакырганда гана башын бир аз көтөрөт да сөксөөлдөй болуп куурап калган колу менен ысык чай куюлган чыныны кармайт. Бирок алаканы ысыкты да, суукту да сезбейт. Көзүн ирмебей жалдырайт. Шуулдатып чайын ичет. Чынысына нандын жумшагын улам-улам салып отурган кызды да байкабаган сыяктуу. Кемпир чай менен кошо ичиндеги былжыраган жумшак нанды кошо ичип жатканын байкаган жок көрүнөт, колун алдыга сунду. Кыз үнсүз башын тозду эле, кагыраган кургак алаканы менен анын чачын сылап:

– Өзүң ичтиңби?

– Ичтим! – деди кыз.

– Атаң келдиби?

– Келди…

– Эмне алып келиптир?

– Чийки эт, таттуу бычаный.

– Кайра тоого кеттиби?

– Ооба. Коюн төмөн түшүрөт экен, комиссия келип санайт дейт.

– Бөрү жебесе, жут болбосо деле санай беришеби? -деп таенеси өзүнчө эле кобурай баштаганда, кыз жооп кайтарбайт.

– А, жанагы жаман энеңчи? – деди кемпир.

Мындай суроого жооп бериш керек, бирок кыз мостоюп тура берди.

– Энең кайда дейм? – кемпирдин үнү катуурак чыкты.

– Шаарда, -кыздын көзүнөн жаш кылгырды.

– И-и, шаардабы? Сен жүзү карасың деп, кат жаздыңбы энеңе? Азыр жаз! Карышкырдын канчыгы да көзүн ача элек бөлтүрүгүн талаага таштабайт. Ал эми сенин энең болсо барып турган шерменденин өзү! Өзүм эле жыргасам дейт. Боюма кара чаар жылан бүткөнүн билсем, тогуз ай көтөрүп убара болбой, ошондо өзүм эле мыкчып салбайт белем! Өлүгүңдү ит жегир! -деп каргады кемпир.

Кыз таенесинин бул сөздөрүн укмамыш болуп чыны– аяк, нандарды үкөккө салды.

– Шаарда тургусу келгенин кара, бейбактын! Көрөрмүн, шаардан жыргаганын! Башкасын кой, анда аккан сууга да акча төлөш керек… Ай, сексейген арам шүмшүк, мен өлгөндө ким менен каласың?

– Атам менен, -деди кыз.

– Атам менен деп коет, арам бейбак. Сен дагы кой багып тоо-таштын арасында жүрөсүңбү?

– Жүрөм, – деди кыз.

– А, шоордуум! Колуңду чор басат! Шыйрактарың ийрейип, чор таман болосуң! Анан сени жакшылыктуу эр да албайт! -деп күңкүлдөдү кемпир.

– Эрге тийбейм, – деп туйтуң этти кыз.

– А-а, өлүгүңдү ит жегир. Тийбейм деп коет деле. Бардык жандар жубу менен жашайт. Бала тууйт… Атаң азырынча айласын таппай далдырап жүрөт, акыры катын алат, ал катын сени өгөйлөйт, далыга түртүп сабайт, чачыңды жулат, шоруң ошондо катат. Менин көрдө жатып кыйкырганымды угат дейсиңби, өлүгүңдү ит жегир. О, шордуум! Кайсы гана кашайган күндө туулдуң экен, бейбагым…

Кыз сыртка чыгып, бир кучак отун, эки -үч көң алып келип, мештин жанына таштады.

– Үйдү өрттөгөнү жатасыңбы, кудай аткыр? – деп кемпир бери бурулду.

– Бороон болот экен, – деди кыз.

– Аны кайдан билдиң?

– Телевизордон айтты…

– Ким айтты?

– Сулуу эжей айтты.

– Сулуу эжей! Сулуулар алдамчы болот. Эрлеринин көзүнө чөп салышат. Сен азыр баласың, тазасың, бойго жеткенде сен да алдайсың…

– Алдабайм эле.

– Алдайсың. Кыздын баары эле жакшы, жаман катын кайдан чыгат.

Кемпир бүгүн демейдегисинен көбүрөөк сүйлөп калыптыр, ахвалы бир аз дурусураак окшойт. Сөзү түгөнбөчүдөй какылдайт. Кыз таенесинен аяктарын жылуу жууркан менен жапты.

– Эмне эле мени думбалап калгансың? Өлүгүңдү ит жегир! Мен короого чыкпайм! – деп күңкүлдөдү кемпир.

– Эшикти ачам. Меш тартпай жатат. Түтүн толуп кетти. Суук тиет! – деди кыз.

– Суук тийсе, батыраак өлөрмүн. Сени убара кылбай, – деди кемпир.

12.10.2025

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.