Эрнест Хемингуэй

Чал жана деңиз

Эрнест Хемингуэй

Повесть 

Чал жалгыз өзү кайыгына түшүп, Гольфстримде балык уулап жүрдү. Ал деңизге сексен төрт күн такай чыкса да, бир да балык кармай албады. Алгачкы кырк күнү аны менен бирге бала болду. Бирок күн артынан күндөр өтүп, балык карматпаган соң, эне-атасы ал балага: «Чал эми анык Salao», башкача айтканда, «жолу болбогон эң эле бир шордуу неме экен», сен деңизге мындан ары башка кайык менен чыгып жүр дешти. Чын эле, бала кеткен башка кайык биринчи эле жумада үч жакшы балык алып келди. Чалдын күндө куру кол кайтканына зээни кейиген бала чалдын балыкчылыкка керектүү шайман-аспаптарын же багорун[1], гарпунун[2] же болбосо мачтага оролгон парусун үйүнө чейин жеткиришип келүү үчүн жолун тосуп жээкке барчу. Таар жамаачы салынып тамтыгы калбаган парус оролгондо, согушта кыргынга учураган полктун туусуна окшоп калчу.

Чал арык жана жүдөө, желкесинин бырыштары тереңдеп, ал эми эки жаагын мелмилдеген тропик деңизинин бетине чагылышкан күндүн нурларынан пайда болгон коңур түстүү зыянсыз тери рагы каптаган. Жаактарынан желеленген темгилдери мойнуна чейин жеткен, чоң балыктарды суудан тартып жатканда жип кыйган колдорунун тырыктары көрүнүп турат. Бирок жаңы тырыктар жок эле. Бул эски тырыктар илгертен суусуз калган чөлдөгү жаракаларга окшоп кетет.Анын көзүнөн башкасынын баарында тең карылыктын белгиси бар, көзү болсо деңиз түстөнүп, эч нерсеге багынбаган кишинин көзүндөй ойноктоп турат.

– Сантьяго, – деди бала чалга, кайыкты жээкке байлап коюп, жол менен өйдө чыгып баратышканда, – эми мен сени менен деңизге кайтадан чыга алам. Биз эми анча-мынча акчалуу болуп калдык.

Балык кармоону чал үйрөткөндүктөн, бала аны жакшы көрчү.

– Жок, – деди чал, – сен жолдуу кайыкка туш болдуң. Ошо кайыкта жүрө бер.

– Баягында сен сексен жети күн деңизге чыгып жүрүп, бир да балык кармай албай койгонсуң, анан биз үч жума бою күнүгө бирден чоң балык алып келип турбадык беле, ошол эсиңдеби?

– Эсимде, – деди чал. – Сен менден мага ишенбегендигиңден кетпегениңди билем.

– Мени атам кыстабадыбы, мен азыр баламын да, тил алышым керек.

– Билем, – деди чал. – Антпесе болбойт.

– Ал сага көп ишене бербейт.

– Туура айтасың, – деди чал. – Сен экөөбүз ишенебиз. Чынбы?

– Чын. Террасадан пиво алып берейин, ичесиңби? Шаймандарды үйгө анан деле алып барабыз.

– Мейлиң, – деди чал. – Балыкчы балыкчыны сыйласа...

Алар Террасага келип олтурушканда, көп балыкчылар чалды шылдыңдагандай болушту, бирок чал аларга таарынган жок. Улгайган балыкчылар чалды аянычтуу карашты, бирок шек билдирбей, кайырмактарын кандай тереңдикке салышкандыгын, деңизден эмне көрүшкөндүгүн кеп кылышып, деңиз агымдары жана аба ырайы жөнүндө жайма-жай аңгемелешип олтурушту. Бүгүн жолу болгондор уудан небак кайтып келишиптир, марлиндеринин[3] ичеги-кардын алып, эки тактайдын үстүнө туурасынан таштап, эки киши тактайдын ар бир учунан кармап, балыкты балык складына көтөрүп алып барып жатышты. Андан ары балыкты рефрижераторлор[4] менен Гавананын базарына алып кетишет.

Акула кармаган балыкчылар аны кичинекей булуңдун аркы жээгиндеги акула сойгон заводго өткөрүштү; заводдо акулаларды блокторго илип коюп, боорун сууруп, канаттарын кесип алышты, терисин сыйрып, этин туздаш үчүн жука-жука тилип коюшту.

Шамал чыгыштан урганда, акула фабрикасынан сасык жытты Террасага айдап келчү, бирок бүгүн жыт дээрлик жок эле, анткени шамал которулуп, түндүктөн сокту да, анан басылып калды, азыр Террасага күн тийип, жыргатып турган учур эле.

– Сантьяго, – деди бала.

– И-и? – Чал пиво куюлган стаканын тиктеп, небак өткөн күндөрдү эстеп олтурган.

– Сага эртеңкиге сардина[5] кармап берейинби?

– Тим эле кой. Андан көрө бейсбол ойноп ал. Кайыкты өзүм деле айдай алам, торду Роджелио салат.

– Кой, андан көрө мен салайын. Сени менен балык кармашпасам да, сага кичине кол кабыш кылгым келет.

– Сен мага пиво алып бербедиңби, – деди чал. – Сен эми чоңоюп калдың.

30.12.2025

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.