повесть
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ: САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ
Эртеси кечке жайдакталган сары жоргону арабасынын артына коштоп, Жайнак станциядан алып келди.
III
– Эмне унчукпай калдыӊ, Толгонай?
– Ошол жылы дагы эмне болгондорду эстеп жатам. Айтор, кимди ким билсин, заман дароо эле кыйындап, элдин үрөйү уча түшпөдүбү. Алда кайда кыргын жүрүп, кан төгүлүп жатканда, биздин кармашканыбыз – иш болду. Касымдын айтканы туура келди: канчалык жапатырмак киришпесек да, согуштун кесепетинен эгин-тегиндин аягы, картөшкө кардын астында калды. Айылда күч берип иштеген эркектер оп тарткандай, улам суюлуп, аскерге кетип жатпадыбы. Калганыбыз эртеден-кечке колхоздо, согуш кантти экен деп кулак түрөбүз, анда кабарлар чеке жылытарлык эмес эле, жол караганыбыз – почточу болуп калды.
Касым жөнөп кеткенден кийин, көп кечикпей, Майсалбектен кат келген. Биринчи катында ал окуудагы өз катар курбуларым менен аскерге чакыртылдым, азырынча шаардын өзүндө элебиз, силер менен жүз көрүшүп коштошо албай калганыма кейибегиле, мындай болорун ким билиптир, жеңиштүү келсек – тилек ошондо дептир. Экинчи катында – Новосибирь деген шаардамын, командирлик окууга жиберилдим деп, сүрөтүн да салып жибериптир. Сүрөтүңдөн айланайыным, аскер форум кийип түшкөн экен, тимеле жарашыктуу, чачын артына кайрып, маңдайы кере карыш, кабагы саал бүркөөрөк тартып тиктеп турат. Түшүмө да эми ушундай кирет, сүрөтүндөгүдөй. Алиман Майсалбекти бир эле жолу көргөн эле да, жазында, Касым үйлөнгөндө, эки күнгө суранып келип кеткен болчу. Кайнисинин сүрөтүн карап, Алиман: «Биздин мугалим бала окшогон сулуу жигит турбайбы, эне. Карачы, баягыда көшөгөнүн артынан анча жакшы байкабай калыптырмын, тиктей бергенден уялгам. Эми аман-эсен кайтып келип, өзүндөй билимдүү, өзүндөй сулуу кыз алса, жарашып калар эле ээ, эне!» дээр эле.
Кыш киргенче ушинтип балдардан кат үзүлбөй санаам анча-мынча тынчып турган. Анткиче болбой, фронт тарапты бет алып, жөнөп калдык деп, Касымдан кабар келди. Эми кандай болор экен, бассам-турсам да көңүлдө ушул. Бул арада Субанкулду да кайта-кайта военкоматка чакырып, комиссиялап калды. Бригадирлик милдети бир жагында, тыным көрбөйт. Бул кандай болуп кетти, демек, Субанкулду да алып кетет турбайбы, анда канттик деп жүрсөм, бир күнү чын эле аскерге алынууга повестка келиптир. Аны укканда, санаам сай таппай, кырманда эгиндин калганын тазалап жатканбыз, айрынын сабын карманып ойлонуп турат элем, Субанкул чаап келип, аттан түштү да жүр үйгө, камданалы деди.
Учкаша жүрөйүн десем, жок, атты сен мингин, мен жаныңда басып сүйлөшөйүн деди. Андай учурда адам сөз да таппай калат окшойт, айтылчу сөздүн баары ичте болуп, унчукпай келе жаттык. Булангыр булуттар асманды түнөртүп, Сары-Жайыктын түзүнөн соккон муздак шамал кар учуруп, боорондотчудай, тына калып, демигип турду. Айланамды карасам, жан боордош дыйкан талаам, сен дагы жайдак калып, караан да жок, үн да жок, томсоруп жаткан экенсиң.
– Ооба, Толгонай. Кыш камап, денемди тоң алып келе жаткан. Суукка карайып, менин да жалгызсыраган капалуу күнүм эле.
Субанкул кайта-кайта чакмак чагып, тамеки түтөтүп келе жатты. Бир убакытта шамалдан калкалана берип, атка ыктады да, тамеки күйгүзүп жатып, менин колумду кармалап: «Үшүдүңбү?» – деди. Ал ошондо бир нерсе айткысы келди, балким, балдарыбыз тигинтип согушта, мына эми мен да кетип жатам, кандай болот, кандай коёт, көрүшөбүзбү, жокпу, ушунча жыл ысык-суугубузга күйүшүп бирге жашадык – ыраазы бол, тагдыр ушул экен, кантебиз, аманчылыкты тилейли дегиси келдиби, ким билет. Айтор, башын көтөрүп, мени аяп да, сүйүп да, эрдин тиштене карап алды. Мурутуна жаңыдан ак кирип келе жаткан экен, ошондо байкадым. О, касиеттүү талаам, менин башыма түшкон жакшылык, жамандыгымдын баарын көрдүң го...
– Ооба, Толгонай, сенин бүт өмүрүң ушунда өттү.
– Субанкул экөөбүздүн ушул талаада кошулуп, жыйырма эки жыл ушул жерде таман акы, маңдай терибиз менен агарып-көгөрүп. бирге өмүр сүргөнүбүз ошондо заматта көз алдыма келе калды. Түбөлүк шериктешимден минтип айрыларымды ойлодум беле. Кечээ эле орок түшкөн биринчи түнү так ушул жол менен учкашып бара жатканыбызды эстеп, айылдын кире беришинде жаштардын жаңы көчөсү башталган бойдон ташталып калганын көрүп, Касым менен Алимандын чарбагында үйүлүп жаткан кирпич менен ташты көрүп, ат жалына жыгылып, өксүп-өксүп ыйлап жибердим. Субанкулдун кайраты бек эле го. Менин эмне ойлоп келе жатканымды билип эле жатты. «Ыйласаң азыр ыйлап ал, Токон, бирок, мындан ары элдин көзүнчө бошой турган болбогун», – деди ал. – Сен, Токон, Алиман менен Жайнакка гана баш болбой, менин ордума бригадир болуп каласың, бул ишке сенден башка ылайыктуу эч ким калган жок айылда. «Ушундай саатта болбогон сөзүңдү койчу, Субанкул, кереги жок, бригадирлигиңди эмне кылам, мен кайсынын бригадири!» – деп ыйлай бердим. Антсем, кечинде чындап эле колхоздун мекемесине чакырып калышты. Фронттон колу жарадар болуп келген жаңы башкармабыз Үсөнбай, Субанкул дагы эки-үч аксакал кишилерибиз олтурушуптур. «Толгонай жеңе, кантсеңиз да белиңизди бек бууп, көпчүлүктүн милдетин мойнуңузга аласыз. Аял болсоңуз да, жер-суунун шартын, элдин шартын сизден жакшы билген эч ким жок. Мына, минтип мыкты бригадирибизди, ачуу чайнап, согушка жөнөтүп турганыбызда, анын ишенген кишисине, сизге, биз да ишенебиз. Замандын түрүн го өзүңүз көрүп турасыз. Эртеңден тартып ишке киришиңиз, Толгонай жеңе» – деп, Үсөнбай түз эле айтты. Берки аксакалдар да аркы-берки сүйлөшүп, койчу, кептин кыскасы – бригадир болууга көндүм. Көнбөгөндө кайда барат элем. Ошенткеним да бир чети дурус болуптур – Субанкулумдун эң акыркы өтүнүчү ошол эмеспи: кетер-кеткенче көптүн камын тарткан бечарам ай, түнү менен кош айдоого эмитен камдана бер, ат көлүктү тандап, жем-чөпкө байла, соко-шайманыңды түголдөп ремонттоткун, баланчанын үй-бүлөсү жашаялмет, беркилер кары-картаң, көз сала жүр, тигини андай кыл, муну мындай кыл деп, сүйлөп отурду. Таң атканча тынбай сыртта шамал уюлгуп, кар жаады.