повесть

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ: САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ

повесть

Субанкулду да чоң жолдон узаттык. Өзү курдуу бир катар кишилер менен арабага түшүп, борошого аралаша кетти да калды. Ошондогу сууктун курчун ай, беттен алып, каарып турбадыбы.

– Ал күнү сен узатып кайра келе жатканда, кайта-кайта артыңа кылчактап катуу ыйладың, Толгонай.

– Ооба, Жер-Энем. Ошол күндөн тартып, башкармабыз Үсөнбай айткандай, белди бек бууп, атка миндим, бригадирлик жумушума кириштим. Эмки бригадирлердин да кызматы оңой эмес, ал кезде болсо тимеле бир тирүүлөй азап экен. Ишке жарамдуу эркектерден эч ким жок, тегиз кеткен, калгандары келин-кезек, жаш балдар, карыган кишилер. Тапкан-тергенибизди фронтко берип, арабалардын дөнгөлөгү жок, каамыт-шлиялар[7] жарамдан чыккан, устаканага деген көмүрдү сайдагы чычырканактарды өрттөп, көөрүктү эптеп жалмалатып турдук. Элдин турмушу да начарлагандан начарлап бара жатты. Ошентсе да колхоздун ишин токтотпой, кыймылдатып туруунун аракети болуп жатты. Азыр ойлосом, бирөөгө жакшы айтып, бирөөгө жаман айтып, колхоз деп жүрүп ар кандайлар баштан өткөн экен, бирок, эл үчүн, анын азып тозсо да ар качан эл болуп тура бергендиги үчүн садага кетиш керек. Ошондогу аялдар – бул кезде кемпир, жаш балдар – беш-алтынын атасы, баягы күндөрдү алар унутуп да калышкан чыгар, бирок, мен аларды көргөн сайын, көз алдыма өлбөс-өчпөстөй алардын ошондогусу элестелет, ач-жылаңач жүрүп колхоздо иштегендери, күткөн-самаганы – бардыгы ташка-тамга баскандай көкүрөгүмдө. Мен өзүм деле кандай абалда элем, антсе да, жыгылып-тыгылып бригадир болуп жүргөнүмө эч убакытта өкүнбөймүн. Таң азандан колхоздун сарайына жетип барып, ар кайсынысын жумушка чегип, ушуну менен кечке чейин аттан түшпөй, эл жаткыча контордо күндөлүк жыйналышта отуруп, көпчүлүктүн иши менен алаксып жүргөн экенмин. Мейли, кээ бирде жан карайганынан айрымдар тил албай мени сөккөн күндөрү да болду, андайда Алиман менен Жайнак өз балдарым эмеспи, аларга тыным бербей жумушка күнү-түнү айдай берчүмүн.

Анткениме да кейибейм, болбосо бизди не деген коркунучтуу ойлор басынта бермек. Бир үйдөн үч киши катары менен согушка кетип отурса, адам ойлонбой коёбу.

– Ырас, Толгонай. Сен ошондо мени менен сүйлөшкөндөн качкансып, дайым өтө чаап, алда кайда шашылып алдастап жүрөр элең.

– Антпеске айлам бар беле, сырдашым Жер-Эне фронтко бет алдым деген бойдон, бир жарым ай чамасы Касымдан эч кандай кабар болбой турбады беле. Арабасы менен станцияга каттап, Жайнак тентимишим үйдө жок эсе, ал эми Алиман экөобүздүкү эмне болсо да ичте. Касым жөнүндө сүйлөшүүдөн корккондой, көзүбүз чагыла түшкөндө, башка бир болор-болбос тиричиликти кеп кылып, жаш балача сооронууга шашабыз.

Кыш ортолоп, аяздуу күндөрдүн биринде, устаканада аттарды такалатып жүрөт элем, сизге шашылыш телеграмма келиптир деп, башкарма алакандай кагазды ала чаап келди. «Кой, кокуй ал эмнең?» – деп жибериптирмин. «Ой, Токон жеңай, коркпоңуз, жамандыктын түрү курсун, бул телеграмма Майсалбектен экен, Новосибирден жибериптир, бери басыңыз! – деди Үсөнбай. Азыр токтобой станцияга жөнөңүз, уулуңуз эки күндө биздин станциядан өтөт экен, жолугуп калайын дептир. Чөп-жем салдыртып, арабаны дайындатып койдум, Толгонай жеңе, кечикпей жөнөңүз!» – деп эле айтып калганы. Сүйүнгөнүмдөн эмне кыларымды билбей алдастап, устаканада нары жүгүрүп, бери жүгүрүп, анан түз эле үйдү көздөй жолго түштүм. Иштин жай-жуюн дагы да сураштырбай, бир билгеним: «Майсалбегим тоссун дептир! Майсалтайым келсин дептир! Сени тоспогондо кимди тосом, кагылып кетейин уулум. Тимеле учкан куштай жөө жүгүрүп отуруп барармын!» – деп эле өзүм менен өзүм сүйлөшүп, чыкыроон аязда алашала тердеп келе жаттым. А-а, кургур эне десе, ошондо ой токтотуп, Майсалбегим кай тарапты карай өтөт экен деп койбоптурмун. Нары-бери камына берип, Майсалбегим жолдоштору менен үйдүн оокатынан даам татып кетсин деп, боорсок, жупка, эт бышырып, ошол эле күнү Алиман экөөбүз арабага түшүп жөнөп калдык. Адегенде Жайнак менен барсамбы деп ойлонуп турдум. Ошентсем, Жайнак өзү эле: «Кой, апа. Алиман барсын, мен үйдө калайын. Мага караганда Алимандын барышы зарыл» – деп койду. Абдан туура кылган экен кичүү балам. Жаш болсо да, Жайнактын ошондой билгич жайы бар эле. Жеңесинин кандай думугуп, капа чеккенин сезип жүргөн турбайбы. Алиманды чөпканада иштеп жүргөн жеринен өзү чуркап барып чакырып келбедиби. Көптөн бери келинимдин минтип кабагы ачылганын көргөн жок элем. Тимеле жаш баладай сүйүнүп, менден бешбетер жетине албай: «Бол, эне кечигип калбайлы!» – деп, өпкөсү көөп алыптыр. Жолго чыкканда да ушул: арабаны тездете айдатып, кээде тизгин, камчыны арабакеч баладан тартып алып, өзү шамдагайланып, айдап келе жатты. Жол катары бир тегиз суук тартып, жабалактаган жумшак кар жаап турду. Ошол кар апапак болуп Алимандын жоолугуна, маңдай чачына, жакасына күрпөңдөлө жыйналып, анын жалтылдаган капкара көздөрүн, нурлана тамылжыган кызылдуу жүзүн ого бетер сулуу көрсөтүп, көрктөп келе жатты. Анан калса, барар-барганча оозу бир тынсачы келинимдин. Биринчи жолу тойго бара жаткан баладай, аны-мунуну эркелеп сүйлөп: Мугалим бала поюздан түшкөндө, сен унчукпай тур, эне. Мени тааныр бекен? – деп, анан туруп, – «жок, эне, мен артынан барып, мугалим баланын көзүн басып калайын, кантер экен, ой бул ким өзү деп, чочуп кетер бекен!» – деп күлүп жатты. Ай, Алиманым ай, ай келиним ай, сенчелик күйөөсүн сүйгөн аял болду бекен? Мени билбейт деп келе жаттыбы, өзү деле акыры сырын алдыртып койбодубу. Жанагыдай тамашалап келе жатып, бир убакытта муңдана түшүп, өзүнчө кобурап койду: «Мугалим бала Касымга аябай окшош, ээ?» – деп унчукпай калды. Анан туруп кайра көңүлү ачылды: «Айда аттарды, айда эртерээк!» – деп шашып жатты. Ушинтип отуруп, станцияга күн батарда жетип бардык. Станция турган капчыгайдын ичи, шамалдын уюткусу ошол жерде эмеспи, кар учуруп, ыркырап турган экен. Майсалбек азыр эле келип кала тургансып, арабадан түшөр замат, Алиман экөобүз түз эле темир жолдун боюна жетип бардык да, наржак-бержакты карап, эмне кыларыбызды билбей, жетимсиреп калдык. Эртеден берки желпинип дегдегенибиз сууй түштү. Тарам-тарам темир жолдун арасына жөө бурганак ойноп, кээде паровоз тоӊуп калгансыган вагондорду, калдырата козгоп коюп, зым карагайлар шамалга үндөшүп, ышкырып жатты. Бирде-экиде поезд тосуп көрбөгөн адам курусун. Качан келет, кай тараптан келет – сурамжалдап албай, тура бериптирбиз. Анткиче болбой, алыстан поезддин үнү чыгып, шакылдаганы угула берди эле: «Апа, келе жатат!» – деди Алиман. Буту-колум титиреп, жүрөгүм колкомо тыгыла түштү. Поезд улам жакындап келе берди, шашканымдан: «Ме, куржунду сен кармачы!» – дедим. Бурганак сапырып паровоз өтө чыкты да, поезд токтоду. Вагондордун ичи жык толгон жүргүнчүлөр экен, катын-балдары да бар, көбү солдат. Кимдер экенин, кайда бара жатканын кудай билсин, Майсалбек көрүнбөйт. Поездди жандай жүгүрүп, эшиктерден башпаккан кишилерден: «Субанкулов Майсалбек барбы? Айткылачы айланайындар, Субанкулов Майсалбек барбы? – десек, кай бирлери билбейбиз дешсе, кай бирлери унчукпай, кай бирлери күлүп да коюшту. Ушинткиче болбой поезд ордунан козголуп, жүрүп кетти. Бар болгону биздин станцияга үч эле минут токтойт экен. Колубуздан алдырган немедей, турдук да калдык. Поезд илгерилей түшкөндө, аны узатып жүргөн чолок кара тончон, орто жашап калган темир жолчу орус киши, бизди көрүп, силер кимди тосуп жүрөсүнөр деп сурады. Жайыбызды түшүндүрүп, ага Майсалбектин жиберген кагазын көрсөттүк. Ошентсек, көз айнегин кийип, окуп чыкты да, сиздин уулуңуз аскер эшелону менен келе жатыптыр. Ал эми кайсы эшелон экени, кайсы убакытта өтөрү белгисиз. Кечикпесе, бүгүн-эртеңден келип жетиш керек. А, балким, өтүп да кеткен чыгар, күнүнө нечен эшелондор өтөт, кээде токтобой да кетет, кайсынысы экенин ким билсин дегендей арсар айтты. Биздин бозоргон түрүбүздү көрүп, темир жолчу аяп кетти окшойт: «Эх, война, войиа! Баардыгын бүлдүрдү го», – деп башын чайкады да,«силер эми суукта турбай, тигиндей кирип отургула, улам поезд келерде алдын ала чыгып тоскула» – деди.

22.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.