повесть
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ: САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ
– Сен келгенде, Толгонай, экөөбүз көптү көргөн энелерче ичтен каңырык түтөтүп, унчукпай көрүштүк туурабы?
– Ооба, антпесек болобу. Мен ыйлап бошой берсем, келиним ого бетер турмуштан жерибейби. Билип жүрдүң го, күйөөсүнө антип күйгөн аялды турмушумда көргөн эмесмин. Мен эримден да, уулумдан да ажырап, күйүтүм андан аз эмес эле, ошентсе да менин жөнүм башка эле. Азбы, көппү Субанкул экөөбүз далай жыл бирге өмүр сүрүп, турмуштун ачуу-таттуусун татып калдык, балалуу-чакалуу болдук, тилегибизге жеттик. Согуштун каргашасы болбогондо бирге карып, буюрганын дагы көрөр элек. Ал эми Алиман менен Касым жаңыдан гана кошулуп, жаштыктын эң кызык чагында, сүйүүнүн эң ысык кезинде, балта менен кыя чабылгандай, экөө эки жакта кулап жыгылбадыбы. Өлгөндүн иши го өлгөн, бирок, Алимандын тирүү басып жүргөнү болбосо, түшүнгөн кишиге, аныкы деле өлгөнгө барабар эмес беле. Албетте, Алиман жаш болчу, кийин жүрө-бара, балким, дагы өз теңдүү кишисин табар беле. Алиман сыяктуу жесир калган көпчүлүк келиндер, айтор, согуштан кийин турмуш көрүп кетишти. Бир далайы багы ачылып, ушул кезде балалуу-чакалуу энелер. Ошолордуку туура иш. Бирок адамдын баары бирдей эмес экен да. Кээ бирөө мурункуну тез унутуп, жан-жараты бүтөлгөн соң, тез эле жаңы жолго түшөт. Ал эми Алиман, шоруна көрүнүп, андай болалбады. Башына түшкөн кырсыкка түк-түк көналбай, мурункусун эч бир унуталбай койду. Мында менин да кечирилгис күнөөм бар. Ооба, ушуга калганда боштук кылдым. Боштук деп да айтууга болбойт, келинимди аяп жүрүп, анын ички сырына кийлигише албай койгонумду эмне десем, боштукпу, же андан да жаман күнөөбү? Эсиңдеби, Жер, ошол эле жазда ушунда болгон иш?
– Баягыда келиниӊ мени бетке чапкандагыны айтасыңбы?
– Ооба, ошону айтам. Ошол жазда ажарыңды ачып, деги бир жайнаган кызгалдак, ушундан ары кызыр калган аңызда тээ чон жолго чейин кулпунуп жатпадыбы. Гүлдүн көрктүүсү кызгалдак эмеспи, чиркин!
Ал күнү биздин бригаттын эли баш арыкты чаап жүрүшкөн. Мен да ушул арада кошчуларга бир барып, кайра кетмен чапкандарга кайрылып, ат үстүндө жүргөм. Арыкты күн батпай эле, эрте чаап бүтүрүшүп, кишилер айылга таркап кетишти. Алиманга сен келиндер менен үйгө кете бергин, артыңан жете барам дедим да, бери жакта кошчулардын алачыгына кайрылып калдым. Бир аздан кийин аттанайын деп, бутумду үзөнгүгө сала бергенимде, Алиманды көрүп калдым. Ал үйгө кетпей эле, ушунда жалгыз калыптыр. Гүл терип жүргөн экен. Гүлдү өзү жакшы көрчү эмес беле. А-а, кайран Алиман, гүл сүйгөн, гүлдөй болгон келиним! Колунда кармаганы он чакты кызгалдак экен, ошону эркелете сылап, бетине тийгизип, кандайдыр бир терең ойго чөгүп турган болуш керек. Анын ошентип турганын көргөнүмдө, чекеме ысык тер жыбырай түштү. Баягыда орок тартып жүрүп, гүлкайыр жыйнап алгандагысы эсиме келе калды. Анда ал кызыл жоолук салынып, колунда кармаганы апапакай бүрдүү гүлкайыр эмес беле, азыр болсо башына салынганы кара жоолук, колундагысы кызыл гүл, айырмасы ошол. Алиман ошондо башын өйдө кылды да, көпкө чейин айлана-тегерегине көз жүгүртө карап, анан асманга тигилип, бир убакытта, мунун эми кимге канчалык кереги бар эле дегендей, кечиргин, жер, сени бетке ургандай, ачуу менен колундагы гүлдү чапты да, өзү жүз төмөнүнөн кулап башын басып, жатып калды. Мейли эми, ыйлап алсын деп, мен алачыктын далдасында жашынып турдум. Ангыча Алиман ордунан кайра ыргып турду да, бет алган жагына, чоӊ жолду көздөй атырылып жөнөдү. Эсим чыгып, атка мине чаап, артынан түштүм. Деги бир жеткирсечи. Алдымда кара жоолук салынып, кызыл төшөлгөн гүл менен келиним качып бара жатса, эмне кыларымды билбей: «Алиман! Алиман! Бул эмнең, кокуй! Токто! Токтогун!» – дей эле бериптирмин. Баягыда сары жоргонун артынан жүгүргөндөй, Алиман чоң жолго жете барып, кайра салып, мени көздөй бет алды. «Эне! Энеке! Айтпагын мага эчтекенди! Унчукпа! Айтпа!» – деп, колун жаңсап, жүгүрүп келди да, аттын жалын чеңгелдеп, башын менин тиземе жөлөп, шолоктоп ыйлады. Мен унчуккан жокмун, эмне дээр элем, ыйлап басылгыча күтүп турдум. Бир убакытта башын чулгуп алып, Алиман мени карады. Ой, ошондогу түрүн ай, бетинен ысык жаш төгүлүп, көздөрү көнөк. «Карачы, эне! – деди ал шолоктоп. – Күн минтип жаркырап турса, талаа минтип гүлдөп турса, ап-ачык асман минтип күлүп турса, Касым келбейт ээ? Эми эч качан келбейт ээ?» «Жок. Келбейт» – дедим мен. Алиман катуу үшкүрүп алды да: «Кечиргин, эне, – деди. – Касымдын артынан жүгүрүп барып кошо өлөйүн дедим эле». Ушинткенде мен да ыйладым. Ал эми мен киши болсом, көрөгөч эне болсом, ошондо эле көзүнө карабай туруп: «Сенин бул эмне кылганың, жаш бала болуп кеттиңби, мындан ары сага жашоонун кереги жок бекен! Сага окшогон канча келиндер жесир калып жатат. Сабыр кыл, Касымды акырындап унуткун, сендей келин жерде калабы. Өз теңинди дагы табарсың. Багың ачылар. Кой, минтпегин, жаман болосуң. Турмуштан безсең өзүңдүн эле шоруң. Кайрат кыл!» – дебейминби, ушинтип аны акылга салбаймынбы. Ал эми мен антип айталган жокмун, чындык болсо да – суук кеп экен. Кийин дагы нечен жолу ушул сөздүн кезеги келгенде, тилимдин учунда турса да, кетенчиктеп айталбадым. Буга ар кандай себептер болду, менден гана эмес, Алимандын өзүнөн да кетип калды. Кыскасы, сөздүн кызуу темирдей ийилчек булагы болот экен, андан өткөн соң, жаагы улам катуулап, улам оор тартып, улам айтууга кыйындап, эски оору өңдөнүп созулуп кетет экен. Бул кепти, мен мына азыр, заман тынчтанып, арадан канча мезгил өтүп, айтып отурам. Ал эми анда, ошол тополоңдуу жылдарда, колхоздун бүтпөгөн жумушу менен алпурушуп, бул ишти жай отуруп териштире терең ойлоого убакыт да, чолоо да болгон жок. Биздин баардык кылган аракетибиз, үмүтүбүз, тилегибиз, күткөнүбүз – эртерээк жеңиш келсе экен да, эртерээк согуш басылса экен. Андан кийинкинин баардыгы өзү менен өзү чечилип калчудай оңой көрүнүп жатты. Ал эми согуштун тузу ачуу саркындысы бүттү деп, азыр да айталбайбыз... Ооба, Жер, бүтпөгөн үчүн ушинтип баарын кайрадан эстеп, баарын кайрадан кансыраган жүрөктөн өткөрүп, сүйлөшүп отурбайбызбы.