повесть

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ: САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ

повесть

Айылга кайра тарттым. Аң бойлоп келе жатып, эсиме түштү: Жекшенкул деген бирөө аскерден качып келген имиш, жанында эки жолдошу бар, Сары-Жайыктагы казактардан имиш деген каңырт сөздөргө анча ишенген эмес элем. Кантип эле көпчүлүк фронтто өрт кечип, кармашып жатса, булар мында кара жанын ала качып, бекинип жүрсүн? Ал эмне деген жүзүкаралык: «Сен өлүп тур, мен жашайын дегениби? Ошол да кишиликпи?» – деп ойлоп жүргөм. Айылда ар кимдин сыры белгилүү эмеспи, мындай ишке бара турган эч ким жок болчу, андан калса үч жылкыны бирдей кайда батырат эле. Ууру тыштан тийди. Жанагыдай сырттап, тоо-ташты аралап жүргөндөр гана жашырын сиңирип кете алат деген пикирге такалдым. Жекшенкулдардын аскерден качып жүргөнү чын болсо, ошолордун колунан келди го деген шек туулду. Андай дейин десең, ууруну көзүң менен көрүп, колуң менен кармап алган жериң жок. Бирок Жекшенкулдар менен кийин өтө түшүп, беттешип калууга да туура келди. Ал иш жазында болду.

Чынын айтсам, колхоздун күндөлүк убаракерчилигинде жүрүп, бул окуя эстен да чыгып кеткен эле. Үч ат бир соконун күчү, эптеп кунан-пунандарды үйрөтүп, бригаттын соколорун түгөлдөдүк, айла канча. Ушуну менен кош айдоо кирип келди да, ууру эмес кудайды да унутарлык түйшүк башталды. Менин турмушумда эң оор жаз ошондо болду го. Эл кантсин, эл иштейин эле дейт, бирок ачарчылыктан кетмен шилтөөгө жарабай калгандар болду. Баштагыдай кубат жок, иштер кечиктирилип жатты. Анысы ал болсо, колхоздо үрөн аз, кампанын ичин шыпырып жатып, ар бир данды терип жатып, зор-зор менен бригадабызга берилген айдоо планын орундаттык. Ошол күндөрү элдин түрүн көрүп, катуу ойлондум. Эмгек күнгө эчтеке албаса, ичерине оокат болбосо, элди кырып алабызбы? Эмдиги жазда мындан беш бетер ачарчылыкка дуушар болобуз го. Жок, биздин минтишибиз жарабайт, кантсе да бир акылын табыш керек деп жүрүп, тээ жогору тоо этегинде, кысыр жаткан эски аңыз болор эле го, ошону буздуруп, эгин септирмек болдум. Башкармага кеңеш салдым, райкомго чейин бардым, түшүндүрдүм: муну биз пландан сырткары өз күчүбүз, өз аракетибиз менен элдин эмгек акысына деп атайын арнап айдайбыз. Стол кучактаган кимдир бирөө колхоздун сталиндик уставын бузасың дейт. «Уставың кара жерге кирсин!» – дедим. Бар, Сталинге айткын! Биз ачка жүргөндө, силерге ким оокат таап берет? «Оозуңа карап сүйлө, өлгөнү жүрөсүңбү!» – дейт. «Карабайм этпейм! Биз ишке жарабай калсак, фронттогу солдаттарга ким нан таап берет? Ушуну ойлобойсуңарбы?» Койчу, акыры макул болушту, бирок кеп башкада эле да – себе турган урук жок, колхоздун кампасында дан дегенден тимеле ырымга калбады го, кайдан алам. Айлам кеткенде, элди жыйналышка чакырып, өзүмчө кеӊеш курдум. Чыгып сүйлөдүм, чын сырымды айттым: «Кана, көпчүлүк, кеңешип кескен бармак оорубайт. Эмне кылабыз. Эмки жазда да ушинтип кезерип отурабызбы, же бир аракетибизди көрөбүзбү? Берки эгиндерден үмүт этпейли, жашырып кереги эмне, анын баары, үрөндөн башкасы, туташ фронттуку, согушта жүргөн аскердин азыгы. Ал эми урук тапсак, пландан сырткары эгин айдай турган чамабыз бар. Анын түшүмүн эмгек акыга, кары-картаң, жетим-жесирлерге бөлүштүрүп беребиз. Мага ишенсенер, милдетин мойнума алам. Сөздүн ток этери бул –  үйүңөрдө ичип отурган, баштыктардын түбүндө сактап отурган быдырыңарды бергиле, жерге себебиз. Мейли, азыр ичпесек жок, чыдайлы, эптеп ак ичип, бышыкчылыкка жетербиз. Өзүңөр үчүн, бала-бакыранар үчүн эрдик көрсөткүлө, айланайындар, аябагыла, оозуңардан кайра чыгарсаӊар да бергиле, убактысын өткөрбөй эгинди сээп калалы!” – дедим. Жыйналышта кишилер макул дешкени менен, иш жүзүнө келгенде, кыйын болду. Өзгөчө балалуу аялдар тимеле колуӊа өлүп берчу немедей тытынып, согушунду, турмушуңду, колхозуӊду каргап, сактап отурган буудай барбы, арпасы барбы балдарынан бөлүштүрүп берип жатышты. Арабаны көчөгө жүргүзүп коюп, үймө-үй кыдырып, бирөөгө жакшы, бирөөгө жаман айтып, тилдешип да кетип, алды жарым пуд буудай, арты бир пияладан сулуу берсе да, бергенин койбой жыйнап жүрдүм. Мейли, бир кочуш дан – ал да пайда, күзүндө ошол бир кочуштан бир пуд эгин алсак азыркынын эсесин кайтарып алганыбыз ошол болбойбу деген гана ойдомун. Антпесе мындайга барбайт элем го. Ошентсе да, эмне үчүн мынчалык катуулук кылдым экен ошондо? Оӊ карап күлүп, сол карап ыйлап, деги, эч кимди аяган жокмун го.Бир тобунун колунан эле тартып алгандай болдум. Бечара, Айша кошунамдын ошондогусун түк унутпаймын. Күйөөсүнөн эрте ажырап, Жаманбай согуштан мурун эле каза таппады беле, убайым тартып жүрүп, Айша кеселман болуп калбадыбы. Оӊоло калганда колхозго иштеп, огородунда иштеп, жалгыз уулу Бекташты эптеп чоңойтуп жүрдү. Анысы да кадимкидей ишке жарап, бир үйдү бага тургандай жетилип калган. Бекташка ошол күнү урук жыйнаган арабаны айдатып койгом. Алардын үйүнүн тушуна келгенде: «Бекташ, үйүңөрдө бир нерсе барбы?” – дедим. «Бар, бир аз» деди бала. – «Баштыкта, мештин артында». «Эмесе алып кел” – десем, «Жок, Токон-апа, өзүңүз барып алыңыз» – деди.

22.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.