повесть

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ: САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ

повесть

Балдар мени арабага салып, үйгө жеткиришип, эки-үч күн ооруп, төшөктө жаттым. Айылдагылар баары калбай, көңүл сурап, келип-кетип турушту. Элге рахмат, ыраазымын, ошондо эч ким эчтеке деп кекеткен жок мени. Ошентсе да көздөгөн ишим ордунан чыкпай, катуу кейидим. Айдалган аңыз куру калып, үрөн себилбей, каракчыларга жем болуп кеткенин эстеген сайын, жүрөгүм кансырап жатты.

– Аның, чын. Толгонай. Сен гана эмес, мен да аны сездим. Ошол жайдак калган аңыз менин денемде бүтөлбөгөн жараттай болуп, орду көпкө чейин сыздап жүрдү. Айдоого үрөн себилбесе, менин эң чоң жаратым ошол эмеспи, Толгонай. Согуштун айынан канча эгин себилбей, канча адамдын өмүрү түпкүрүнөн кыскарды. Менин барып турган душманым – согуш баштагандар, анткени алар эгин сеппейт.

– Туура айтасың, – согуш менен эгинчилик бири бирине карама-каршы нерселер эмеспи. Согушкан эгин айдабайт, демек ал баардык адамдардын насибине кол салат, демек ал баардык адамдардын душманы. Майсалбек, айланып кетейин кеменгер уулум, ал ушул жөнүндө катында жазбады беле. Эсиңдеби, Жер, Майсалбектин жазган каты?

– Мен аны жат билем, Толгонай.

– Ооба, сен экөөбүз аны жат билебиз. Бүгүн менин сыйынуу күнүм, бүгүн биз баарын кайрадан эскеребиз, Жер-Энем.

– Сүйлөй бер, Толгонай. Сенин бул айткандарың эскерүү гана эмес, ар дайым көкүрөктө турган нерсе. Майсалбегиңдин жазган катын дагы бир кайталап айтып берчи. Майсалбек сенин гана уулун эмес, ал менин да уулум, Жер уулу – Майсалбек!

– Мен ошондо үйдө ооруп жатканымда, айылдаштарым ал-жай сурап, ар кимиси жылуу сөздөрүн айтып, көңүл улап жүргөндөрүнүн дагы бир себеби бар турбайбы. Мен аны сезип да калгандай болдум элем бир чети.

Айша кошунам, бечара, өзү араӊ онтолоп жүрүп, кичинекей чөйчөккө каймак сызгырып келиптир. Ал үйгө кирип келгенде, өгүнкү кылганыма катуу уялдым. Сөз табалбай, унчукпадым. «Толгонай, сен оюңа эчтеке албагын, – деди Айша. Менин боштугумду кечирип кой. Сендей аял үчүн, керек болсо, жанымды аябаймын. Керек болсо, жалгыз уулум Бекташты да берем. Ал ансыз деле эки үйдүн ортосундагы бала болуп калды, сени менден артык көрбөсө, кем көрбөйт. Сен биз менен кишисиң, биз сени менен кишибиз. Ушуну түшүнүп койгун» – деди. «Рахмат, бул айтканыңа» – дедим мен да, анчейин оюндагысын айткан экен десем, анын да сөзүнүн астары[9] бар турбайбы.

Ошонун эртесинде белимдин ооруганы жеңилдеп, үйдө нары-бери кыймылдап, эшикке чыктым. Терезенин астына кийиз сальш, күнгө жылынып отурдум. Алиманды жумушка чыга бер десем, башкарма бүгүн дагы бир күн энеӊе каралашкын, үйдө бол деп уруксат берди деди. Короодо от жагып, Алиман кир жууп жаткан.

Эшик алдындагы жоон түп кары алма ошол жылы калың гүлдөп, кайра күч алып жашаргандай сеңселип, шамал тийгенде, бутактарынан аппак күкүм себелеп жатты. Алма гүлдөгөн кезде аба да көк кашка булактай тунукталып, эн бир таза болот эмеспи. Алыста жалтылдаган тоо мөңгүлөрү даана көрүнүп турду. Үшүнтүп отурганымда, көчөдөн почточу Темирчал кирип келди. «Арыба, Толгонай», деп анча сөзгө да келе бербей, шашылып, өзүнчө эле алда эмнеге сумсая, күрсүлдөп жөтөлүп, «суук тийип калыптыр, кургурдуку» – деп, сүйлөнүп жатып, сага кат бар беле дегендей, сумкасын аңтарып, кат берди. Анын бул камырабастыгына таарынып: «Жана эле айтпайсыңбы, зарыктырбай! Кимден экен?» –  десем, Майсалбектен көрүнөт деди. Сүйүнүп жүрөгүм аптыкканынан, демейде Майсалбектин каттары үч бурчтук болчу эле, бул жолу басма менен басылган төрт бурч, сырты калың атлес кагаз экенин да капарыма ала бербептирмин. Ушул учурда жарадар бутун сүйрөп балдакчан Бектурсун келип калды. Коңшубуз эле, эриккенде биздикине келип, кобурашып кете турган. Кат келген турбайбы, Майсалбектен го деп, өтө сабыр күтүп, кол алышты. «Колуң эмне калтырайт? Бери отуруп, окуп бере салчы» –  дедим. Ошентсем кийиздин четине отуруп жатып, кокуй бутум деп онтоп иреңи кубарып, тердеп кетти өзү. Катты колу калтырап араң ачты да, окуй баштады, А, кайран балам, кайран кат...

22.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.