повесть
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ: САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ
Ошону кылган менин уулум Майсалбек болуптур. Мен да анын бул эрдигине сыймыктанам. Антсе да, менин оюма койсо, согуш чыкпаганда, мен анын башка иштери менен сыймыктансам, бактылуу болор элем, өзү айткандай, балдарды окутуп, окуткан жаштар өзүнөн мыкты, өзүнөн билимдүү чыгып, ар түркүн иш, ар түркүн илимде даңкталышса, Майсалбегимдин даңкы да ошол болор эле. Адам баласына эң оболу так ошондой даңк керек. Ал эми согушта көрсөткөн баатырдык – зор эрдик экенинде талаш жок, аны үчүн башымды ийип, уулума жүгүнөм, бирок ошончолук өкүнүп, тирүү жүргөнүнө эчтеке ыраа көрбөйм...
Согуштан эзелде эч ким жакшылык көргөн эмес...
V
– Ырас, Толгонай, согушту жеңген күндө да, анын күйүтү кубанычынан аз болбойт турбайбы. Ошол жылы, жеңиш келген жазда, силердин аскер тосконуңарды али да унутпаймын, Толгонай. Ошондогунун кайсынысы сүйүнүч, кайсынысы арман экенин али да айталбаймын...
– Мен да айталбаймын – кубанычыбыз көп беле, же күйүтүбүз көп беле... Душман жеңилип, согуш аяктаганда, алдастаган дүйнө тымтырс боло түштү да, мурда согуштун кызуусу менен анча байкалбаган нерселер ошондо элдин жүрөгүн дагы бир сыйра кансыратып алды. Анткени, жеңиш олжо алып, майрам болуп келген жок, ал бизге согуштан аман калган жоокердин сүрдүү кейпинде, нечен жолдор басып таманы жешилген солдат өтүгүн кийип келди.
Ошол күнү бизге коштун кезеги тийип, өгүз соко менен огородду айдап, жүгөрү сепкени жатканбыз. Көчөдө кандайдыр бир дабыштар чыгып, жүгүрүшкөн кишилерди көргөндө, Алиман билип келе коёюн деп, чуркап кетти да, кайра шашылып жетип келди: «Эне, элдин баары аскерлерди тоскону кетип бара жатышат, айылда эч ким калбай жөнөштү. Жүр, эне, эртерээк, бол!» – деди. Сокону, өгүздөрдү бороздого таштаган бойдон жөнөдүк. Чын эле – көчө кым-куут. Кыз-келиндер, бала-бакыра, ал түгүл, кедеңдеген кемпир-чал калбай, аттуу, жөө кишилер баары теӊ жол тоскону кетип бара жатышыптыр. Бул кабар кайдан чыкканын ким билсин, фронттон бошонуп келе жаткан бир солдат. Күмүштак деген жогорку айылдын баласы дешти, «аскердин баары үй-үйлөрүнө кайтып келе жатат» деп, жолуккан бироөгө айтып кеткен имиш. Станцияга эки эшелон аскер келип токтогон имиш, бүгүн түштө барып калабыз деп, кабар айттырышкан имиш. Айтор, мына ушундай сүйүнүчтүү имиш сөздөр! Эл жарыктык ушул эле кабарды эңсеп турган экен, аныгын эч ким билбесе да, күмөн санаган жан жок, бир да киши калбай тегиз тосуп чыктык. Согуш чыгар жылы жаштар сала баштаган жаңы көчөнүн ордуна, айылды этектеп чогулуп күтүп турбадыкпы. Ал кезде ошол ташталган чала көчө, чала тамдарга үйрөнүп бүтсөк керек, майдандан жеңиштүү келе жаткан эр-азамат жоокерлерибизди кандай касиеттүү, кандай армандуу жерде күтүп турганыбызды ойлобоптурбуз. Тилегибиз – аскерлерди айылга кире бериштен жалпыбыз менен тосуп алмакта эле. Улгайгандар арыктын кашатына бийигирээк жарданып, аттуулар ат үстүнөн, балдар ураган тамдардын дубалдарына чыгып, шамдагайлары ал түгүл, бутактарга чыгып кетишиптир. Ана келет, мына келеттин арасында түш көргөн, аян көргөндөрүбүздү сүйлөп, жолдон таштарды жыйнай салып, төлгө тартып, түш, аян, төлгөнүн баарын жакшылыкка жоруп, чоң жолдон көзүбүздү айрыбай, тигилип карап турдук. Азыр ойлоп турсам, дүйнөдөгү адам баласынын баары ушундай бир тилекте, бир ниетте, бирине бири жакшылык жоруп, өз уул-балдарын ушунчалык сүйүшсө, ушунчалык күтүшсө, балким, согуш болбос беле дейм.
Чогулган көпчүлүк кээде демин ичине катып, унчукпай, сөз сүйлөбөй да турду. Ар ким өзүнчө ой жүгүртүп турган болуш керек. Анткени, беш жыл кандуу согушту башынан өткөрүп, эми жеңишке жеткенде, согуштун эң аяккы көрүнүшүнөн эл сүрдөп да турган болчу. Кимиси келип, кимиси келбейт деген суроо ар кимдин оюнда бар эле, ушундан тартып ар кимдин тагдыры, ар кимдин үмүтү ар кандайча чечилмек. Ушундан тартып ар кимде жаңы турмуш башталмак.
Бактын башына чыгып отурган балдардын бири бир кезде! «Келе жатат!» – деп кыйкырганда, комуздун чыйралган кылына кол тийгендей, баарыбыз тең селт этип, бир ооздон «келе жатат» деп кайталап, селейип туруп калдык. Бир оокумга топ ичинде, чымын учса угулчудай, жымжырт боло түштү да, ошол замат: «Кана? Кайда келе жатат? Кана?» – деген үндөр чыгып, ошол замат кайра басыла калышты. Алдыда, чоң жолдун үстүндө жалгыз арабадан башка эчтеке көрүнбөдү. Айылга айрылышкан жолдун тушуна араба токтоду да, арабадан секирип түшкөн жалгыз солдат, баштыгын, шинелин ийнине арта салып, арабакеч менен коштошуп, бери басып жөнөдү. Биздин арабызда эч ким эчтеке деген жок, турган элдин баары унчукпай, таң калып карап турушту. Солдат улам жакындап келе берди, бирок бир да киши ордунан козголгон жок. Кишилердин апкаарыган жүздөрүндө дале бир нерсе күткөндөй үмүт сезилип турду. Анткени биздин күткөнүбүз жалгыз солдат эмес, жолго батпай кылкылдап согушка жөнөгөнү сыяктуу калың аскердин тобу менен кайтып келиши эле.