повесть

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ: САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ

повесть

Баса, көп кечикпей келиндүү да болдук! Касым Кайыңдыда жүргөндө, бир-бирине көңүлдөрү туура келип калса керек, Алиманды ошол жактан алып келбедиби. Өңдүү-түстүү, бели буралган жаш кыз экен, адегенде эле ичим жылып, өз баламдай көрүп калдым. Келин эстүү болсо, өз бала эмей эмне, айырмасы кайсы. Чынын айтыш керек, келиним жаман чыккан жок. Ошонун өзү да үй-бүлөдө чоң ырыскы эмеспи. Азыр ойлоп карасам, адамдын башына чын дөөлөт келгенде, шатырата төккөн жайкы жаандай эмес, адамдын өз аракетинен, турмушка, элге кылган мамилесинен, бирине-бири жалганып, өнүп-өөрчүп, таалай болуп аталып келет экен го. Ошентип тапкан таалай кымбат турбайбы. Өз каныңдай – төгүлсө, жан берген менен барабар экен.

Алиман келген жылы – унутулгус жыл, эстен кеткис жай болду. Ошол жылы эгиндер эң эле эрте бышпадыбы. Сайдагы чоң суу дагы жылдагыдан эрте кирди. Тоого эки-үч күн катары менен жамгыр нөшөрлөп, мөңгүлөр тез эрип кетти окшойт: дайранын иреңи бузулуп, адегенде эле топон суудай ташкындап, каптап келди. Эчактан турган эски аралдарды бир эле түндө жалмап, жууп кетсе болобу.

Анткен менен аба ырайы оңуна алып, бир тегиз ысып турду. Тактадан[3] өткөн эгиндер улам саргара бөртүп, жер бетин бербей, алыскы кыйырда асман менен чектелип, бышып жатты. Кол орок тарткан биз ошондо эле ишке киришип калганбыз. Комбайн жүрчү жолду ачып, аңыздардын тегерегин оруп жүрдүк. «Эми келиниң менен кошо жарышпай эле, үйгө жыргап отурсаң болбойбу!» – дегендер да жок эмес эле. Андай сөздөргө мен терикчү эмесмин, колдон келсе, көпчүлүктөн калышпай иштегенге эмне жетсин. Келиним экөөбүз бирдей эле орок оруп жүрдүк. Ошондо байкаганым алиге көңүлдөн чыкпайт. Аңыздын четинде апапакай, кызгылтым бүр ачып өскөн гүлкайырларды Алиман жыйнап алып, бир убакытта, менден уялгансып, буудай арасы менен унчукпай кетип бара жатат. Бул эмнеси, колундагысын эмне кылар экен деп турсам, жол боюнда турган комбайндын жанына жетип барды да, гүлдестесин тепкичине коё салып, кайра жүгүрүп келди. Комбайнда киши-кара да жок болчу. Касым бир жакка кеткен. Эртең-бүрсүгүнү чабыкка киришебиз деп, комбайнын оңдоп даярдап койгон эле. Алимандын мунусуна ичим элжиреп, куда кааласа бул экөө жакшы жубай болушат экен деп, келиниме ыраазы болуп калдым. Алимандын ошондогу түрү али да көз алдымда: кызыл жоолук, ак көйнөк, кичинекей кара чыптамасы менен, колунда кармаганы гүлкайыр, өзү кара-торусунан келген, көздөрү моймолжуп бакырайган сулуу келинчек эмес беле. А-а, кайран келиним! Гүл сүйгөн келиним... Өзү деги гүл дегенге жакын эле, эрте жазда байчечекти кар астынан да таап келе турган... Баса, эмнени айтып келе жатат элем. Ии, ошонун эртесинде орок башталып калбадыбы.

Жыйын-теримдин биринчи күнү өзүнчө эле майрам эмеспи. Ушунча болуп, ал күнү кабагы суз адамды көрө албадым. Майрам деп ал күнү эч ким айтпаса да, кандайдыр ар кимдин үнү да шандуу, өзү да шаңдуу, айдаган арабасы, минген аты, кылган жумушу  баары тең шаңдуу. Чынын айтканда, орок түшкөн биринчи күнү эч ким деле иштеп кыйратпайт. Ал күнү күлкү, оюн, куудул сөздөн кол бошобойт окшойт. Өзгөчө, орокчулардын арасы кызык болор эле, анда көбүнчө жаштар, кыз-келиндер эмеспи. Тамаша ошолордо. МТСтен[4] сыйлыкка алган велосипедин минип, эртең менен Касым комбайнын көздөй кетип бара жатат эле, бир топ өктөм келиндер аны жолдон кармап алышты. «Сен эмне үчүн велосипедиңен түшө калып бизге салам бербейсиң? Сен көпкөн экенсиң! Орокчуларды көзгө илбей калган экенсиӊ» – дешип, Касымды туш-тушунан жаалашып, аны Алиманга жүгүнтүшсө болобу. Касым аны менен гана кутулган жок. «Кулдугум бар! Кулдугум бар!» – дегенине болбой, сен эми бизди велосипедиңе өңөрүп, тигил орустун кыздарындай алып жүргүн дешип, бирин-бири велосипедге көтөрө мингизишип, артынан кыйкырык, сүрөөн менен кошо жүгүрүшүп, Касымды аябай убара кылышты. Анда да велосипедде жөн отурушпай ойдолошуп: «Кокуй, апамдын баласы, өлдүм эле өлдүм, жыгылдым, кокуй!» – дешсе, беркилери кыраан катып: «Өлсөң өл, өлсөң да мойнунан кучактай жыгыл!» – дешип, талааны жаңырта күлүшөт. Ошентип отуруп Касымдын шайын кетиришти. Ал өзү да күлкүгө мас болуп, эми болду го, – деп улам бирин өңөрүп келсе, анда дагы бирөө жагалдана асылып: «И, менин элден эмнем кем экен? Мурдум бучук, көзүм кыйшык бекен?» – дешип кыйнашат. Койчу, акыры Касымдын да жини келди: «Ой, силер кутуруп кеткенсиңерби? Ач кенедей жабышасыңар да! Болду эми. Тамаша кылганы келдиңерби, же жумуш иштейсиңерби?» Шойкон келиндер анда да сөз беришпейт го: «Тигини! Жумушту сен иштейсиң, өкүмөт комбайнды эмнеге чыгарган экен!» – дешет.

22.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.