повесть

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ: САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ

повесть

Субанкул келип тамактанды да, түндөп айылга кеттик. Эртең менен мал-пулду көздөш керек эле, кечкисин го кошунам Айшага дайындап кеткем. Ал бечара оорукчан эмес беле, бир күнү оору, бир күн соо – жумушка чыгалбай кала турган.

Биз атка учкашып, бастырып келе жатканда, түн мемиреп, талаа бейкут жаткан кези эле. Желе-жорто жүргөн сыдырым, караңгыда шабыр-шубур этип, куурай баштарын жалмалап, ай шооласын кулпунта, чайпалган эгин үстүнө кыймыл жаратып, көлөкө ойнотуп жатты. Чарчаган жер уйкуга кетип, анын бешигин терметкендей, сайда ташкындаган суу алыстан шаркырап, буудайдын арасында чегирткелер үн алышып турушту. Табигаттын бул тынчтанган чагы кандайдыр бир өткөн-кеткенди эске салчудай, алда эмнелерди эңсетип, жүрөктү зарыктырды. Субанкулдун курун карманып, учкашып келе жатат элем. Ал мени алдыга отур десе болбой, дайыма ушинтип учкашып жүргөндү жакшы көрөр элем. Кээде үргүлөп кетип, кээде темине бастырып келе жаткан Субанкул унчукпаганы менен, анын ошентип сүйлөбөгөнү да, ээрде чарчап отурганы да – жаныма кымбат. «А-а, байкушум, акырындап карып келе жатабыз го. Мейли эми өмүрдү текке өткөргөн жокпуз окшойт. Мезгил деген экөөбүз кечээ эле кошулгандай болдук эле, карачы канча заман өттү. Ошентсе да, турмуш дале кызык, дале толуп жаткан үмүт түгөнбөйт» – деп ойлонуп келе жатып, башымды өйдө көтөрүп, асманга караганымда, жүрөгүм селт эте түштү: Саманчынын жолу куду баягыдай болуп, ааламдын бир четинен экинчи четине керилип жаткан экен. Чын эле, бүгүнкү жылдыздуу төбөдө кандайдыр бир алп дыйкан кырмандан толо кучак саман көтөрүп өткөнсүп, себеленип чууруп калгандай, топон көзгө даана көрүндү. Ал түгүл, чачылып калган саманга жел тийгенсип, жылдызданган майда учкундар жылт-жулт этип копшолуп, оодарылып жатты.

«Ой, тооба!» – деп жакамды кармандым. Баягы түн, баягы жаштык кез кылт этип, эске түштү. Көрсө, ошондо тилеген, самагандын баары келген турбайбы! Ооба, жер-суу элдин энчисине тийип, эл катары биз дагы кош айдап, эгин сээп, кырман бастырып тилегибизге жетип турбайбызбы. Заман минтип өзгөрүлүп, жаңы турмуш минтип келерин анда ким билсин, айтор, ак тилек кандайдыр болбосун көптүн тилегине үзөнгүлөшүп, жерде калбайт экен го дедим мен ичимден. Ушундай ойлорго берилип, эргип унчукпай келе жатканымда, Субанкул артын жалт карай: «Сен эмне уктап калдыңбы, Толгонай? Унчукпай эле келе жатасың, – деди. Мен да бүгүн аябай чарчадым. Азыр үйгө жетебиз. Же жаңы көчөгө кайрыла кетелиби?», «Кайрыла кетели», –  дедим мен.

Жаңы көчө дегенибиз айылга кире бериш жол боюнда эле го. Көчө деле жок болчу анда, там салуучу жаштарга деп, ошол жылы көктөмдө жаңыдан эле жер берилген. Касым менен Алиман да жаңы көчөнүн баш жагынан чарбак алышпады беле. Кирпичтерин жаздап-жайлап үчөөлөп куюп камдап, аларды кургатып жаткан болучу, жер пайы орнотор жайын да казып коюшкан, өткөн аптада эки күн сайдан таш терип, тамдын ордуна ташып келишкен эле. Биз ошону көрмөккө кайрылып калдык, анткени – мындан нары орок маалында оңой менен күндүзү кол бошобойт эмеспи. Үйүлүп жаткан чоң дөбө таштарды көрүп, Субанкул балдардын иштегендерине ыраазы болду: «Кош де, апасы, таш мол жетет экен, сарайлык таш артып да калар, – деди ал. Жыйын-теримди бүтүргөндөн кийин, жабыла дубалын тургузуп, үстүн жаап коёбуз да, калганын келерки жазда бүтүрөрбүз. Туура эмеспи, Токон?», «Туура, үстүн жапсак, калганы бүтөр, аманчылык болсо. Биздин Жайнак эле шашып, өпкөсү көөп алыптыр. Бул көчө Комсомол көчөсү деп аталсын деген токтом чыгардык деп жүрөт. Анда Алиман жеңеси аны шылдыңдап күлөт: «Ой, кичине бала туула элек балага ат койгонсубай, жайдак эле жерге көчөнүн атын издеп убара болгончо, элден мурун аял алсаңчы да, там-жай салып, көчө тургузсаңчы, көчөнүн аты эптеп табылар эле го. Антсе берки да болбойт, жок, сен туура түшүнбөй жатасың деп талаша кетет».

Субанкул менин бул сөзүмө күлүп койду: «Ал ургандын ошондой шашмасы бар, деген менен көчөнүн атын туура таап айткан экен. Мынабу башталган тамдардын баары эле жаштардыкы да, баары тең кийинки муун. Элдин канат-бутагынын өскөндүгү ушул: айлыбызга батпай жаңы кыштак куруп жатабыз. Ал эми көчө салынып бүтсүнчү, көрөрсүңөр менин уулумдуку эле туура чыгат...».

22.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.