Мурза Гапаров
Экөө ээн бакта

– Эки жалаптан?
– Биздин үйүрдө бир ак байтал бар болчу. Ал өз айгырын чанып, башка байдын үйүрүнө качып барып, анын айгыры менен ойноп келчү.
– Койчу?
– Жаныбар жакшы көргөн жагына жашырынып, жылга менен каттачу: барарда куйругун түйүп, күйүгүп чуркап отуруп, кайтарда шашылбай, бактылуу басып келчү.
– Укмушуң кур ургаачылар…
– Ак байталды мен аячумун. Экөөбүз ынак элек. Бирок башкаларга анын жоругу жакчу эмес. “Байым, жоготуңчу ушул уятсызды, элге шерменде кылды го бизди”, – деп калчу кайнэнем. Кайнатам деле арданчу ичинен. Анткен менен акылдуулук кылып: “Жөн кой, жаш неме ойноп алсын”, – деп күлүп кое турган.
Мына эми ошол байтал экөөбүздү кошо жазалашты. Мени эки билегимден байталдын куйругуна байлап, анан артыбыздан айгак салып, айылдан алыс айдап жиберишти. Ошентип, ак байтал менен Акшам, тагдырлаш эки шордуу бири-бирибизди сүйрөп, бежолмо бежол качып келаттык. Менин бети-колум аймалып, көйнөк-көкүрөгүм тилинди. Кудай жалгап, сойлогон жерим тегиз, көк шибер экен…
Акыры ак байтал арыдыбы же айгактаган адамдар артта калганын сездиби, акырын басып калды. А бир бейтааныш өзөндүн жээгине жеткенде такыр токтоп, оттоп кирди. Мен дагы эс ала түштүм. Эсиме келгенде эптеп кутулуштун амалын ойлодум. Карасам, алдымда кырлуу таш туруптур. Дароо билегимдеги жипти таштын кыры менен кыя баштадым. Эски жип экен, тез эле кыркылып кетти. Мен ак байталдан ажырап, асманды карап, талып жатып калдым. Ошол аквалда уктап кетиптирмин. Ойгонсом, жака-белде ак байталым көрүнбөйт. Өзөндүн боюнда өзүм жалгыз калыпмын. Эми эмне кыларымды билбей, кыйлага кыймылдабай отурдум. Кийин, кокус артымдан аңдып куугун келип жүрбөсүн деп коркуп, ордумдан туруп, бейтааныш жакка бет алдым…
– Тагдырыңа таң берем…
Актаң Акшамды өптү. Акшам ага жооп берди. Экөө алмашып жатып калышты…
Ошол бойдон экөө эки күн эшикке чыгышкан жок.
Үчүнчү күнү катуу күн күркүрөп, асман чартылдаган чагылгандардын согуш майданына айланды. Чагылгандардын жалындаган октору жерге жетип, бирөөсү Акшам менен Актаң жашаган чынарга келип тийди. Чынар чатырап өрттөнүп кетти. Өрт кечке чейин өчпөй койду. Кечке маал нөшөрлөп жамгыр жаап, жалын быкшыган көк түтүнгө өттү. А түтүн аста-секин тарап, акыры чынардын калган калдыгы – чычалага айланган өзөгү көрүндү. Өзөк өрттөнүп отуруп, кишинин боюнчалык гана бөлүгү калыптыр…
Жамгыр таң атканча жаады. Таң атканча чычаланын күйүндүлөрү күбүлүп түшүп, жалтылдаган жылма жыгачка айланыптыр. Өзөктүн өзү куду кучакташып турушкан эркек менен аялды элестетет. Эркек менен аялдын денелери аксаргыл, сылык, тунук. Экөө маңдайлары сүзүшүп, көкүрөктөрү тийишип, тизелери тирешип, тилсиз сүйлөшүп турушат…