Мурза Гапаров

Экөө ээн бакта

Мурза Гапаров

Экөө өбүшүп, жабышып калышты. Ай тийген жылаңач денелерине ала көлөкө түшүп турду. Туш-туштан жарганаттар шуулдап өтүп атышты. Жакындан байуулу улуду. Узактан сүтактын муңдуу үнү угулду…

Ай анча алыстаганда Акшам:

– Эми… – деп энтиге эс алды, – аңгемеңди улант.

Узартпа, уккум келбейт…

– Азыр, аз калды, – деди Актаң алдыга алдастай басып. – Алты айдан кийин айыбыбыз ачылды. Аялым акыры билип койду. Көптөн бери шектенип жүрсө керек, бир күнү колго түшүрдү, үстүбүздөн чыкты. Айкырыкты салып, бурхан-шархан түштү, байкушум. Апасы ант ичип актанганча, буркурап ыйлап, булкунуп чыгып кетти. Эки ойнош эмне кыларды билбей, эсибиз ооп отуруп калдык…

Кыйладан кийин эшиктен иттердин үргөнүн, элдин ызы-чуусун эшиттик. Кабатырланып, караңгы терезеге келдик. Терезеден кыштактын көчөсүз салынган таш-тамдары көрүнөт. Азыр алардын карааны гана карарат. А ээлери эшикте. Ар кайсы жактан ай-айлап айкырган адам. Адамдардын арасында кимдир бирөө куйруктуу жылдыздай жалындап күйүп барат. Аны көргөндө кайнэнем кан жутуп, какай албай катып калгансыды. Эсине келгенде: “Кызым! Кызым ада болду!” – деп эчкирип, эшикке атырылды. Аргасыз артынан түштүм мен. Экөөбүз энтигип элге жетсек, күйгөн киши менин аялым, эчак өртү өчүп, түтүнү түтөп жерде жатат…

Кайнэнем кызынын алдына чөк түшүп, боздоп калды. Мен болсо башым маң болуп, көпчүлүктүн көлөкөсүнө жашынып алдым, эңилишке эрким жетпеди. Бирок ичимен эзилип: “Эсил эркем… Эриң эрдей, энең энеңдей болсочу”, – деп кейип турдум. Адамдар ар кайсыны айтып, арман кылып атышты. “Жакшынын жаны тынды”, – деп койду жанымдагы бирөө.

“Жайы жаннатта болсун жаш неменин”, – деди экинчиси. Кокусунан:
“О кудагый! Кудай курутту го бизди! Эмнеден жаздык, айтсаң? Кыз-келиндин убалы кимге?”, – деген айбаттуу авазды уктум. Карасам, өз атам. Ана ошондо мен өзүмдүн тирүүлөй өлгөнүмдү түшүндүм. “Эми өлүгүңдү көрсөтпөй жогол, ит!”, – дедим өзүмө өзүм. Анан аста-секин элден бөлүнүп, караңгылыкка житип кеттим…

Алар Акшам айткан үңкүр үйгө келип калышкан эле.

– Куш келипсиң, – деди үй ээси. – Кана, ичкери кир.

– Экөөбүз батабызбы?

– Кадырың жам болсун. Актаң эңилип, эшиги жок астананы аттады.

– Коркпо, үстү эгиз.

– О терезең да бар турбайбы.

– Өзүм койгонмун.

Алакандай тешиктен айдын нуру түшүп, үңкүр үйдүн ичин күңүрт жарытып турат.

– Чын эле кең экен.

– Кембагалдын кепесиндей. Отур.

Экөө жанаша жайлашты. Алдыларында ачык эшик, айдың бак.

– Астыбызда эмне шыгырайт?

– Бариктер.

– Жыргал турмуш…

Бирпаска үндөбөй отурушту. Анан Акшам:

– Ырдап берейинби? – деп калды.

– Ырда, – деди Актаң.

– Кызыл-кызыл козунун көрпөсү элем, о-о-ой-дай…

Кыз да болсо бир үйдүн эркеси элем, о-о-ой-дай…

Актаң азилдешип, коштоп кетти:

– Эркеликке койгон жок, чалга сатты, о-о-ой-дай…

– Чалдын баласына.

– А-а, ошондойбу? Кана-кана…

– Чал элүү жашта, баласы он тогузда болчу. Эки жыл илгери… Атасы акылдуу, көрүнүшү көрктүү киши эле. А баласы энесин тартып, эси жок, эр болгончо эркеликке кана элек, балалыгы кала элек бир дөдөй. Айылда анын аты – Кемчонтой. Жамандын жарты өнөрү артык эмеспи: Кемчонтой кумар ойноочу. Ар күнү ашык алчыйт, ордо атат, короз уруштурат, ит талаштырат, ат чабыштырат… Баарысына акча саят. Утат, уттурат… Бир жолу капчыгы какталып, каңырыгы түтөгөндө: “Катынымды койдум!”, – деп, мени да уткуруп жибериптир, үйүң күйгүр. Кайнатам куткарбадыбы мени кумарпоздон.

Экөө тең куунак күлүп алышты.

– А сен ага кантип катын болуп жүрөсүң?

– А-а… Жыйырмага чыкканча эрге тийбей, кара далы аталып кеттим.

– Кантип? Ушундай көркүң мененби?

– Тандаган тазга жолугат. Гүлжигиттерди чанып отуруп, акыры Кемчонтойго кор болдум. Анын үстүнө өз атам куураган кедей, а кайнатам чириген бай эле. “Калыңыңды өзүң быч, каалаганыңды аласың”, – деди кайнатам, адатымча көктүгүмдү көрсөтсөм. А өз атам болсо көзүмдү карайт жалдырап. Аяп кеттим анан аны.

30.09.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.