Кеңеш Жусупов
Эне кудурети
АҢГЕМЕ
...Көрдүңүздөрбү, тигине, адатынча бүгүн да өрөөнгө кеткен жалгыз аяк жол менен Батма кыштакты көздөй келе жатат. Ат үстүндө сөөктөй катып, үн-сөздөн калган чүкөдөй кемпир... Ботом, чын эле эмне болгон Батмага? Өмүрүндө кабагын чытыбаган Батманы карагылачы!
Демейде Батма башкача эле го!.. Жол боюндагы саздын жээги оттуу боло турган. Аты дайыма өзү эле жолдон кайрылып чөптөн аймап кирчү. Батма «мейли байкуш» деп, атынын чалганына маашыр ала, шамал ыргаган чиелердин жапырылышын кунт коё карап, бир азга ойлончу. Шар суунун тынчыбаган шоокуму дайым Батманын эрмеги, жер үстүндө сансыз суу көп го, ошонун арасынан Батма бул өрөөндүн шоокумун жазбай таанучудай, суу боюна келгенде атын бура тартчу да, ичпесе да өжөрлөнүп сууну ортолой кечирип барып тура берүүчү, Карагер жок дегенде суунун шарын тумшугу менен жирей сүзүп, «ооз тийгенсип», жээктеги саргара элек чөптөрдү бурдап аймалачу.
А бүгүнчү? Жок, андай болбой калды. Батма бу сууга да токтогон жок. Аты да Батманын күйүтүн түшүндүбү, кечмеликке бурулбай, башын жерге салып, анда-санда бут таштайт.
Өмүрүндө Батма түйшүктү, болгондо да, такыр башкача кайгыны башынан биринчи өткөрүп жатты. Өзүнүн уулу, абышкасы каза болгондо да мынчалык чөккөн жок эле. Каардуу, ый-муңдуу күндөрдө, өз баласын узатканда эне бел байлаган. Анда мындай кайгырган эмес, «эл көргөндү көрөрмүн» деп чыйралган.
Батма адеп согуш башталган күндөрү айылга кат ташууну башка бир ылайыктуу кишиге өткөрүп берүүнү суранган. Эмне болсо да эгин оруп, машак терип, кемпирлердин катарында жүрсөмбү деп ойлогон. Анын үстүнө жүрөк бир коркунучтун, жаманчылыктын кабарын алдын ала сезгенсип, өзүн-өзү коргогон, оолактаган. Кыштакта ылайыктуу эч ким чыкпагандан кийин кайрадан: көнгөн жумуш эмеспи деп, моюн сунуп, жаман ою үчүн өзүн-өзү жемелеп, иштеп калган. Согуштун алгачкы күнүндө Батма согуш комиссариатынан келген кагаздарды ташып жүрдү. Адегенде кагаздын баары бирдей сезилчү. Кагаздар кубаныч, кайгы алып келерине Батманын иши жок эле. Кийин балдар согушка кетип, жумурай-журт алыстан тил катты, кичине болсо да эки ооз эле сөз чийилип уйпаланган кагазды самашты. Колго тийген катты өпкүлөшүп, чарчаган-чаалыккан уулдары ошол төрт бүктөм кагаздын арасынан боз ала болуп чыга калгансып, не кылсын ата-эне кургур, сагынган жүрөктөр кагаздан каниет алып, күдөрлөрүн үзбөй калышчу. О, ошондо Батма баарын түшүндү. Сагынычты да, коркунучту да, сүйүнүчтү да эне жүрөгү калетсиз билди.
Бөтөнчө алакандай кагазды алганда аялдар жашык эле. Ошондо Батманын күйбөгөн жери күл болуп, өзүнүн курбуларына өчөшө сүйлөөчү:
— Ай, аялдар, кат алганда кемшиңдегениңерди качан коёсуңар. Андан көрө бир эркектана чакыр. Угуп койгула, ой, силердин колуңарга кат бербейм.
Курбулары карагер атты жылоолоп бурчатышпайт. Батма тебелетсе-тебелетсин, асты уулунун катын берсе болду. Алыстагы уулун сагынган кандай экенин билген эне түтпөй кетеби, көптөн кийин эмнегедир жибип, айтор, берип коёт. Катты бала-бакырага окуткан аялдар уулдарынын жазгандарын укканда көз жаштарын сүртүнүшөт.
Ого бетер Батма атынын башын буруп сүйлөнө жолуна түшөт:
– Ок, жоругуңар жолдо калгырлар. Айтпадым беле, арам тамактар ушул үчүн силерге кат бербейм дейм. Эмнеге шолоктойсуңар? Деле өз башыбызга көрүнсүн, капыр. Карап эле тургула, экинчи кат берсем элеби? — Экинчи бирөөгө кат бергенге чейин ачуусу таркабай, сүйлөнгөнү сүйлөнгөн.— Бу катындар эмне мындайсыңар, бизге эле көз жашты берип коюптурбу? Бекер оштонбогула. Андан көрө, э, катыгүн... уулунун аманчылыгын тилебейби да, сүйүнбөйбү...
Өрөөн ичиндегилер Батманын үнүн угууга куштар, андан жагымдуу үн эч жерде жоктой. Кайсы убак болсо да Батманын заңкылдаган үнү көчөнүн башына жетип, айрыкча эркектери жок үйлөрдөн үйлөргө өтүп, жаңырып тургансыйт. Ал эми күйөөсүн күткөн аялдар күйөөлөрү сүйлөп жаткансып, алтымыш аттаган кемпирдин алыстан-алыстан дубай салам ала келгенсиген үнүнө бел байлашчу. Кемпирлер согушта эмне болуп жатканын Батма биле тургансып, жан-алын койбой терип-тепчип сурай беришчү. Ал да көп кармалбай, өзүнүн ичиндегисин жашырчу эмес: