Мухтар Ауэзов

КӨК ЖАЛ

Мухтар Ауэзов

(Аңгеме)

Кара-Адырга жакынкы чоң жар элсиз, ээн, бирок бул жар ошол айылдын чет жакасында жашаган ар бир койчуга аттын кашкасындай белгилүү боло турган. Анткени ал жар көп кайгылуу кырсыктарга себепкер болчу.

Кара-Адыр бүт жапырап өскөн караган-шактарга жана тобулгуга чүмкөнүп тургандыктан, баалуу аң терисинен жасалган тебетейге окшоп кетчү. Караган-шактардын уч жагы саргайыңкы тартып, назик көктөп, анан бүр ача турган. Жардын айланасына бүт бойдон ит мурун өсчү. Ошол үстү жагы сеңселген тикендүү караган-шак карышкырдын ийнин көрсөтпөй жаап кала турган.

Жар жактан соккон май айынын сыдырым шамалы бул аймактагы жаш чөптүн жана тоо пияздын аңкыган жытын алыска таратар эле. Калың бадалдар шыбырашкандай кургак шуудурап, түнт гана аркы-терки термелет.

Жаз аяктап калган кезде, ошол жардагы эски ийинге бир дөбөт, бир канчык карышкыр келди. Эски ийиндин ооз жагын суу жууп кеткендиктен, киши ийинге оңой эле сойлоп кирүүгө болор эле.

Ошондуктан карышкырлар эски ийинге жанаша жаңы, мурдагыга караганда ооз жагын тарыраак ийин казды, эки ийиндин төр жагын кошуп, бириктирип алды.

Жаңы казылган топуракты эки карышкыр аркы-терки өтүп, бат эле жигин билдирбей таптап салды. Ошентип канчык карышкыр толук түлөп бүтө электе, бул жерге бозомук түстүү көк карышкыр пайда болду.

Эртең мененки жымжырттык, канчык карышкыр шыпыргы сыяктуу бийик өсүмдүктүн түбүндөгү калың ат кулактын үстүндө күнөстөп жаткан. Бул жер шамал тийбес буйга болгондуктан, күндүн ысыгы аны ныксыратып жиберди. Жырткыч үргүлөгөн калыбында кез-кезде тунарган көзүн ачып, эки жагын кулак түрө карап коёт.

Бир жак бөйрөгү ичине тартылып, сүт толгон желиндери тирсиет. Жон териси дирт эте калып, желини тынымсыз бүлкүлдөйт.

Аңгыча бадал жактан акырын шытыраган дабыш угулду. Канчык карышкыр түлөгөн жүнүн сапырылтып, жаткан ордунан секирип турду. Азууларын арсайтып, күңүрт үн чыгарып, айбаттуу ырылдады. Бөлтүрүктөрү болсо төрт бутунун ортосунда чабалактады.

Ошол замат тосмо дубал сыяктуу жаш бадалдын арасынан чалажан жаш козу учуп келип канчык карышкырдын алдына былч дейт түштү. Артынан удаалаш куйругун чатына кыпчып, чоң дөбөт карышкыр шек билдирбей чыга келди. Кызылала кан болгон тумшугун күнөөлүү немедей салаңдатып, канчыкты жыттады, а канчык болсо ушунчалык ач көздөнө анын кан болгон жаактарын жалап-жуктап жиберди.

Козу али чала жан болчу. Дөбөт карышкыр канчыгы экөө көз ачып-жумгуча аны жара тартып, үзүп-жулкуп, жаш этти бурчамга келтирбей бүкүлү бойдон сугунуп коюшту. Каардуу көк жашыл көздөрүнөн от жана түштү.

Козу этинин эч нерсесин калтырбай жалмап, жутуп, анан экөө топ куурайдын үстүнө боюн сулк таштап жата кетишти. Бир аздан кийин экөө жеген эттерин алмак-салмак кулгуп жатты.

Бөлтүрүктөр бирин бири жөөлөшө этке карай боортоктоп, биринбири түрткүлөшө ырылдашып, туш-туштан тыткылап киришти. Эң кийин туулган эки бөлтүрүк али көзүн ача элек болгондуктан, аларды энеси бооруна тартып, желинине жакындатып койду.

Эртеси чак түштө канчык карышкыр аттуу адамдардын дүбүртүн, туяктан чыккан табышты алыстан эле билди. Ошол замат бөлтүрүктөрүн ийинге бекитип, өзү жашынуу үчүн бадалга кирип кетти.

Адамдардын сүйлөшкөнү, аттардын басыгы улам жакындап келатты. Аттуу кишилер ийиндин так өзүнө чейин келишип, аттарынан секирип түшүштү. Койчулардын узун союлунун учу жерге тийген сайын дүкүлдөгөн үн чыгып жатты.

Канчык карышкыр тилин салаңдатып, жардын буйга жериндеги ит мурунга далдаланып, кыймыл эткенди өз көзү менен көрүп, көз ирмебей карап турду.

Бул эки буттуу жаныбарлар караңгы ийиндин ичинен бөлтүрүктөрдү биринен сала экинчисин сыйыртмактап тартып алып жатышты. Алар беш бөлтүрүктү ошол эле замат өлтүрүп салышты.

Көзүн ача элек эки бөлтүрүктүн биринин арткы бутун жанчып туруп, козунун баш сөөгү жаткан жерге таштап коюшту. Жарадар бөлтүрүк боортоктоп сойлойт, каңшылайт, анан карышкырлар башка жакка алып кетет да, бул жерге кайрылып келбейт деп ойлошту. Эң кичинекейин өздөрү менен кошо алып кетишти.

Аттардын дүбүртү басылып, жар жак тынчып калды. Карышкырлар экөө эки жактан келип, боортоктоп жабыр тарткан бөлтүрүккө ырылдаша тиктеп алып, анан бирин бири айласы кеткенсип карашты. Ошол замат канчык карышкыр бөлтүрүгүн шап тиштеп, анан өргө карай жардан алыс секирди. Дөбөт карышкыр да тике секирип аны жандай жөнөдү. Ийин ээн калды.

24.12.2025

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.