Мухтар Ауэзов
КӨК ЖАЛ
Көксерек Курмаштан коркчу эмес, анын көзүнчө тартынбай берген тамагын ичүүчү. Качан Курмаш бөлтүрүккө эт сунганда ал албай, четинен тиштеп үзүп ала турган. Курмаш бир да жолу бөлтүрүгүн башка иттерге окшотуп уруп көрө элек. Бала бөлтүрүктүн эч кимге жагынбаганын, кашкөйлүгүн, күн санап өсүп, желке жүнү карайып сүрдүү көрүнө баштаганын өз ичинен жактырар эле, өзүнүн бул сүйгүнчүгүн Көксерек деп атоочу.
Жай ортологондо Көксерек айылдагы иттерге анча-мынча гана окшоп калды. Шыйрагы торпоктукундай узун, мойну өгүздүкүндөй быкжыгый келип, баарынан чоң. Баарынан да итке окшоп куйругун көтөрбөй түшүрүп жүргөнү аны ого бетер бийик көрсөтүп, жону, кежигеси дүңкүйүп жааны элестетет.
Азыр ал карала дөбөттөн коркпой калгандыктан, айылдагы башка иттер да коркуп, ага даай албай калышкан. Ал араң бурулат да, таштай катуу көк тумшугун тырыштыра, азуусун көрсөтүп ырсайганда, иттер алды-алдынан тарап жок болот. Эгер иттер Көксеректи алыстан көрүп калса, бир коркунучту сезгендей баары чогула түшөт. Алар дайым бири-бирине сактануу менен мамиле кылышат.
Карышкырдын айыл ичинде ойногонун ушул убакка чейин эч ким көрө да, байкай да элек. Ал эң жакын кишиси Курмаш менен да ойнобойт. Өз атын жакшы билет, ошондо да Курмаш же анын чоң энеси чакырса гана жүгүрүп келет. Бирок жүгүргөндө түк шашылбастан, эрингенден жортуп келет да, куйругун эч убакта шыйпаңдатып, ээсине кошоматтанып жагынбайт.
Иттерге өзү атайлап тийишпейт, ага үрүп жатса көңүл бурбайт, ошондой эле качкан иттин да артынан куубайт. Дайым жашылданган көзүн көңүлсүз жумуп, кулагын тикчийтип, үйдүн көлөкөсүндө жатканы жаткан.
Курмаш коңшуларынын ити Көксерек тап бергенде коркконунан катуу качам деп мүдүрүлүп жер сүзгөнүн көргөндө, өзүнчө көңүлдүү каткырып, жашыл көздүү, унчукпас жырткычы менен сыймыктанып калар эле. Чынын айтканда, Курмаш ошол кезде Көксеректен өзү да корко турган, бирок бул сырын ичине сактап, сүйүктүү чоң энесинен да жашыруучу.
Карала дөбөттүн ээси минтип мактанчу:
– Ушу сенин салпаң куйрук күчүгүңдү мага угузбачы! Эгер менин Караламдын колуна тийсинчи, бир булккандан чыкмак эмес. Адамдар ажыратып койбосо, сенин Көксерегиңди капкачан муунтуп өлтүрмөк.
Ал ошентти да кызыкчылык үчүн байкап көргүсү келип, Караланы тукуруп койду. Тиги ит ошону гана күтүп тургансып ырылдап, атырылган бойдон бир тийип, далысынан тиштеп туруп булкуп өттү.
Дагы кайрылып моюндан бурдамакчы болуп жаза тиштеп калды. Карышкыр да буйт берип, ит кайрылып тиш салгыча жанына жуутпай силкип жиберип, артынан секирип барып желкеден алды да, бурчамга келтирбей жерге чапты. Килейген дөбөт чала мууздалган койдой дөңдөн ары ала салып, тоголонуп кетти. Көксерек экинчи жолу бурдаганда чала сермеп калды, болбосо шордуу Караланын кекиртегин жулуп алмак.
Курмаш жүгүрүп барып Көксеректи өзүнө чакырып алды, ээси болсо караланы кууп жиберди.
Каш карайып, түн киргенде эки карышкыр күтүүсүздөн айылдын жака-белинде жуушап жаткан койлорго тийди.
Чабан болсо чуу көтөрүп, кыйкырып, ышкырып жатты. Айыл ичи дүрбөп, тестиер балдар, чоң кишилер атка мине чапкылап жөнөштү.
Айылдагы иттер да бардыгы бир добуштан чуу көтөрө үрүп, атчандарга кошулду. Алардан калбай Көксерек да кетти.
Карышкырлар талааны карай жеткирбей качып кетишти. Эч ким алардын артынан кууп жете алган жок. Кыр түбүндөгү дөңсөөгө жеткенде атчандар да, иттер да токтоду. Тиги Кара-Адырдын кырынан кылактап көгүш эки караан ашып кетти. Тиги эки карышкырдын изи менен тумшугун жерден албай, желип-жортуп Көксерек да баратканын көптүн ичинен жалгыз Курмаш гана байкап калды.
Курмаш элден кийин өзү жалгыз калып, коркпостон КараАдырдын так түбүнө чейин барды да, көпкө чейин үнүн созо:
– Көксерек, Көксерек! – деп чакырды. Бирок Көксерек баланын чакырыгына кайрылып келген жок.
Түн кирип, эл жатар маал болгондо Көксерек айылга кайтып келди. Бирок үйгө келбей обочо, көрүнөө жерге туруп алып, кайтакайта буту менен жер чаңытып, жинденет. Кез-кез жылдыз толгон асманды карап, күздүн салкын абасына тумшугун тосуп, Кара-Адыр жактан бир нерсенин жытын алгандай искегилейт.