Бейшебай УСУБАЛИЕВ
Кол
– Нази, – деди негедир эркелете, – бизде кеңештин канча мүчөсү бар?
– Өзүңүз деле жакшы билесиз да, – деди кадр башчы ого бетер таңдана. – Кеңештин 13 мүчөсү бар эмеспи.
– Анда он үч кол тура.
– Кандайча кол?
– Аа, мен жөн эле…
Кол дегенди өзгөчө бир басым менен айткансыды, Чолпонбектин жүрөгү бир булкуп алды; 12:8 деген сандар куду тирүү жандардай элестеп кетти. Шарт бурулуп, жөнөп калды.
– Агай, – деди Назгүл шашкалактай, – личный листок?..
– Аа… – тык токтоду да, шаша-буша колуна кармата салды. Назгүл да шашкалактап ордуна коё койду да, күткөндөй туруп калды.
Чолпонбек жылмайымыш болуп, үндөбөстөн жөнөдү да, эшикти шарт ачты. Чыгып баратып күрсүнө кетти:
– Адам дегениң айбан экен да!..
Бейшебай Усубалиев
05.06.2026
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.