Бейшебай УСУБАЛИЕВ
Кол
– Бирдемең болсо, бир-экини таштап кетпейсиңби?
– Жанымда жок эле, анан келатканда…
– Мейли анда, анан болсо анан…
Көп өтпөй кекенгендей үнү кулакка шак этти:
– Арабдардан доллар менен алгыла! Алар силерди жеп атышат! Силер эмне кул бекенсиңер!..
Жүрөгү тыз дей түштү. Дайыма ушинтет. Жанынан өтүп бараткан кыргыз окутуучуларына такай ушинтип какшап калат. Бирөөнө зекип айтат, бирөөнө жан тарта айтат. Күн сайын уга берип Чолпонбек элес албай деле калган. Азыр негедир жүрөгү тыз дей түшкөнсүдү. Чын эле, жеп аткандыр!.. Бизчи?.. Кез-кезде көңүлү көтөрүңкү болгондо “ооба, доллар менен алабыз, биз эмне?..” деп койчу. Кара таштын долларыбы, кыргыз эле сому да! Аңгыча бакылдаган үн угулду: “Ушинтип конкурсубузду да өткөрүп алдык, буюрса. Ойдогудай. Ачык, калыс дегендей, азырынча демократиялуу дегендей…” селт эте түштү. Ордунан тура калды. Тигилер топурашып чыгып келаткандай туюлуп кетти. Жок. Дабыштары угулбай калды. Башка бөлмөгө кирип кетишти окшойт. Санаасы тынгандай ордуна отура кетти. Эмне деди эле, аа, конкурсту өткөрүп алдык деди да. Ойдогудай. Демократиялуу. Ректор айтты, ой, кайдагы ректор, мурунку ректор (муну Чолпонбек экс-ректор деп койчу көзү жокто, көзү барда мурункудай “Кайып Айдарбекович” деп кайрылар эле). Азыркы ректор минтпейт. Үңкүйүп үндөбөйт. Жайдаңдай чыгып жатпайбы үн. Демек, бул экс-ректор, азыр жөн эле профессор. Ошентсе да азыркы ректорду жандап жүргөнү жүргөн. Башын сылай кетти. Экс-ректор экөө дайыма баш сүзүштүрүп учурашышат. Бул экс-ректордун адаты, ал көбүнчө ушинтип саламдашат, өзгөчө арабдар менен. Экс-ректорду элестете кетти. Жайдаңдаганы, сырдуу жылмайганы, дайыма күлүп сүйлөгөнү. Анын жайдаңдаган элеси тартыла түшкөндө эле дагы бир үн кулагына кокусунан жаңырып кеткендей болду: “Какең эки жакка ойноп койчу эле, түбү саясатчы да…” экс-ректордун эң жакшы көргөн кишиси, оң колу ушинткен. Чолпонбек селт эткенин өзү да байкабай калган: “Чын эле ойноп койгондур… Жанагы төртөөнүн бирөө!.. – титирей кетти. – Демократиялуу деп коёт, демократиянын богун жейби! Тегерегиндегилерди карап көрчү, бүт жакындары: жердештери, кайындары, аяштары… Кайдан-жайдан таап келгенин билбей каласың. Бир күнү эле кимдир бирөөнү эле айга-күнгө теңеп мактап калат, “жараса ошол жарайт” дейт, “араң көндүрдүм” дейт. Кур мактабайт саясатчы да. Факт сымалдары менен, алган сыйлыктары менен… Анан анысы келип калат жыла басып. Адегенде билбейсиң, “бош орунга келген жан да” дейсиң, анан эле акыры ал бөлөсү, аяш баласы, же дагы бир балакети болуп чыга келет. Ошондо билесиң баягы мактоонун сырын. Билгенде эмне? Негедир кычуусу кангандай кыткылыктай кетти, жаны жыргай түшкөнсүдү: “Жадагалса жанагы короодогу ит да Какеңдин айылынан болсо керек…”. Кыткылыктап барып, тык токтоду да, “кандай ит эле! – деди суктангандай башын чайкай. – Короону айлана тынбай чуркап, чоочун бирөөнү көзү чалып калса, жаналакетке түшүп арылдап. Эмичи?.. Камакта. Уясынан чыкпайт, чыга албайт. Байкуш карыды, иттер заматта эле карыйт тура. Жатат шордуу, самогончу аялдын жугундусун күтүп коюп, үнүн да укпайсың, үргөндү унутуп калса керек, сыягы. Эч кимди тааныбайт, тааныгысы да келбейт. Иттин карыганы жаман болот тура…”. Чын дитинен аяп, башын ийкелеңдетип турду да, эсине бирдеме түшкөндөй ордунан обдула: “Баса! – деди үнү дирилдей, – бая күнү эле философ аялды, аялды эмес, келинди дейинчи, мактап жатпады беле, “Москвадан бүткөн, философияны чагат экен тим эле, кантсе да тектүү жердин кызы да, атасын билесиңер да…”. Атасы ким деди эле? – эстей албай койду, колун шилтеди. Маанайы чөгө түштү. Көп өтпөй, кызык, сүйүнүп кетти, “таптым” деди шыбырап, “демек, жанагы төртөөнүн бири…”. Кадимкидей жеңилдей түштү. Оозун кыбыратып, кыйлага турду да, башын чайкагылай кетти… “Кантип эле, – деди ошол тейде, – кантип эле… Өзү айтпады беле, “Чоке, сага бирөө гана атаандаш боло алат, ал жанагы философ аял, калгандары эмне, өтсөк өтөрбүз, өтпөсөк каларбыз, быякта өз жумуштарыбыз бар да деген эле жолбундар да! Сен ошол аялдан сак бол. Кол чогулткун, болбосо, аял дегениң…” дебеди беле! “Эмне кол, Каке?” деген аңырайып. “Ай, ата, орусча окуганың билинип турат, кол деген – голос, добуш, кол деген – Кремль, эч ким солк эттире албайт. Члендердин (негедир мүчө дегенди орусча өзгөчө басым менен айткан) ар бирине бар, суран, андан сенин бир жериң кемип калбайт, эч бир аянба… Баары эле өзүңдүн досторуң да, члендерди айтам, арабы деле, кыргызы деле, он жылдан бери чогуу иштешип жүрөсүңөр, анан кантип… Философ катын эмне, башчылыкка өтпөсө, доцент же профессор кылып коёбуз аны. Ошентсе да кол жыйна, Кремлиңди чыңда! Азыр башта, эртең кеч болуп калат” дебеди беле? “Ии, баса, меникин алдым деп коё бер, мен сенин жакшылыгыңды…” деген да. Анан… Ооба, чын, Чокеңдин жакшылыгын көп эле көрбөдүбү, орусча чала сабат кандай кагаз иштери болбосун, Чокең карап чыккандан кийин тим эле мизилдеп калар эле. Ошондо “сен болбосоң, Чоке, – дечү экс-ректор маңдайы жарыла, – бу университетибиздин күнү эмне болмок? Сен маңдайыбызга бүткөн шам чырагыбызсың да!” (Экс-ректор өтө эмоциялуу жан эле). Ии баса, баягы айтта продукт таратып жатканда (университетте айт сайын продукт берилер эле) экс-ректор жарданып турган элдин алдында Чолпонбектин кадырын бир көкөлөтүп койбоду беле! “Чоке, – деген үнүн эл уксун дегендей өкүм, бирок мээримдүү чыгарып. – Чоке, сен убара болбой, үйүңө бара бер, сизге (негедир сиз деп кайрылган) өздөрү жеткирип беришет”. Чолпонбек аң-таң боло, элди бир сыйра тегерете карап алып, кезектен чыгып кеткен. Чын эле өздөрү жеткирип беришкен. Болгондо да экс-ректордун карачечекей өз уулу. Анан… “Чоке, муну да өз колуң менен бир мизилдетип койчу. Сенден башкага ишенбей турам…”. Ушинткен, эки-үч күн өтпөй ушинткен. Докторлук диссертациясынын авторефераты экен. Чокең жаналакетке түшүп, мизилдетип чыккан. Окуп чыгып, бакырайган көздөрүн жалжылдата, колун улам-улам кыспады беле! Анан көп өтпөй эле Чокең бир болбогон сураныч менен эдиреңдеп кирип барса, “ушуну да мен чечмек белем, – деген Чолпонбекке атырыла, – өзүң билип туруп эле…”. Чокең шаабайы сууп кайткан. Чолпонбек негедир тишин кычырата кетти, “оңой эле чечмек, андайлардын далайын алеки заматта эле чечип жүрбөдү беле!..” Ыя?.. Чолпонбектин ою кайрадан токтоп калды. “Баары ачык болуш керек, демократиялуу!.. дечү эле го, – деди кыжана, токтоп калган оюн уланта, бир аздан кийин, – “мен силерден бирдеме жашырып жатамбы, кана айткыла!” дечү дайыма. Жашырчу, жашырганда да кандай! – кекене отургучту мыкчый кармай кетти. – Канча айлык аларын эч ким билчү эмес, анан ушул да демократиябы?! Көз көрүнө жашырып жатпайбы айлыгын. Бир жолу бухгалтерден атайы сурасам, “билбейм канча аларын, ал кишиники башка ведомость” деп койгон. Билчү да, билип туруп эле… Өз кишиси да! Эки жагын элеңдей карап койду да, “мурда” деди ого бетер шыбырай, анан негедир суктангандай башын чайкай, – СССР учурунда жетекчи элден айлыгын жашырып көрсүнчү, кокосун!.. Башы кетмек!.. – Демигип токтоп калды. Көп өтпөй. – Деги өз кишиси, командасы демократиябы ыя!? Бирдеме болсо эле “мен жеке өзүм чече албайм, урматтуу окутуучу-профессорлор (жолдоштор дегенден коркот окшойт, арабдарга жаман көрүнүп каламбы деп) өз командам менен биргелешип чечем, азыр демократиянын заманы” дечү. Өз командасы деген… – мукактана кетти, – өз командасы деген… Өз командасы деген – бул өз тууганы, же жакыны, же дагы бир балакети дегендик эмес да! – тапканына сүйүнгөндөй бир жылмайып алды. Кайра селт эте. – Ушунуң студенттердин ичинен да өз командасын курап алганбы дейм, болбосо, сабактагы окуяларды, кимдер сабак өтпөй эле гезит окуп отурарын, кимдер сабактан канча мүнөт эрте чыгып кеткенин кайдан билмек?.. Мына, демократия дегениң жадагалса студенттерди да өзүнө тартып, бөлүп-жарып… – Кичине тынып алды да, – мунуң деле доллар менен алып жүрсө керек, болбосо эки жыл айланбай эки кабат үйдү ким кура алат азыр! – муунуп, дагы унутуп калды, эмнени айткысы келип жатканын. Ойлуу туруп калды да, эсине бир нерсе түштүбү, колун силке: “Жок! – деди чечкиндүү. – Бул төртөөнүн ичине кирбейт. Ошондо, кол жөнүндө айтканда, “Чоке, мен сага бир чоң иш менен кайрылам” дебеди беле? Анан… Экс-ректордун “бир чоң иш менен кайрылам” деп айтып жаткандагы элеси көз алдына тартыла түштү да, негедир ал аянычтуу көрүнүп кетти. “Балким, чын эле өзү жалгыз чече албас, – деди өз сөзүнө өзү ишенип-ишенбей, – балким, айлыкты кандай аларын жашырындыр, аны ачык айтууга арабдар тыюу салып койгондур? Чын эле, баарын эле ачык айткансып жатчу эмес беле?.. Мага болсо жөн эле ыраазылык билдирип койгусу келгендир, баягы продуктыларды үйгө жеткирип бергендечи… Мага жакшылык кылса, мен ага… – кандай да болсо экс-ректорду актагысы келди, бирок канчалык актабасын, жүрөгүн бир нерсе кыжып туруп алды. Башы айланып калды, кайсы ою туура экенин таба албай, кайсалактап калгансыды. Анан туруп-туруп эле анын өз кишилерине асыла кетти, – көзү барда бөйпөңдөшөт тимеле, жокто шыбашат да турушат. “Өзүнүн айлыгын олчойто коюп алыптыр, а биз болсо жүрөбүз болбогон бир акча үчүн темселеп… Дагы… дагы!.. – кыжырдана күрсүндү. – Андай болсо, айтпайсыңарбы бетине… Айтпайсыңар, туурасы, айта албайсыңар, – табалагандай кыткылыктап, – айтып көргүлөчү, эртеси эле өз кишилери болбой, талаада каласыңар…”. Булардын эмне дымы чыкпайт ыя? – деди бир нерседен шектенгендей, кулагын түрүп, – эч кимиси чыга элек. Тамакка киришкен го. Ии, ооба, жана Чекиров баратпадыбы беле жалмаңдап. Какең эки жакка тең ойноп коёт дейт, өзүчү, – кыткылыктай күлө кетти. Бир жолу орозо маалында ооз ачып жатканда ушу Чекировуң ордунан ыргып туруп, какайып туруп калбаспы, жүрөгүбүз оозубузга тыгылган, эмне болуп кетти деп. Бир маалда экс-ректор жаныбыздан өтүп кетти, бизге назар деле бурган жок, ал өтүп кетери менен Чекировуң ордуна шак отура калды. Ошондо Жаныш айтпадыбы, “ой, Кайып Айдарбекович ректор болбой калган” деп. Чекировуң ошондо өңү кубара түшүп, “ыя” деп алды да, ордунан кайра туруп, кайра отурду. Көрсө, унутуп калыптыр да түшкөнүн. Кошоматчы! Эки жакка ойнойт деп коёт, өзүңчү, канча жакка ойноп жүрөсүң: же математик эмес, же саясатчы эмес, же жөн эле киши эмес. (“Жөн эле киши деген ким?” деп ойлоп койду). Эки күндүн биринде эле же теледе, же радиодо жүрөт, өлкөдөгү саясый же экономикалык кырдаал жөнүндө маек куруп. Конкреттүү эч нерсеси жок, бүт жалпы сөздөр. Анчалык эле кыйын экен математикадагы ачылыштарды айтпайбы! Деги мунуң сабакка даярданабы, баарынан да сабак өтөбү? Деги муну ким алып келген? – ушу жерден Чолпонбек дагы бир жолу туюкка камала түштү, селт этти. – Какем да, Кайып Айдарбекович да! “Атасынын үйүнөн далай даам сыздым эле, бай киши эле…” деп суктана бирөөгө айтып жатканын кулагы чалып калбады беле. Өз кишиси. Мына, демократия! Тык токтоду. Жанагы төртөөнүн бири ушу Чекиров экен да, – башын чайкады. – Кеңештин мүчөсү эмес да. Жок! Мүчөсү да, кафедра башчысы болсо, анан мүчөсү да. Ошон үчүн кайра баратат да жалмаңдап, эрте чу коюп кетиптир деп айтышпасын деп коркуп… – бир силкинип алды.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.