Бейшебай УСУБАЛИЕВ

Кол

Бейшебай УСУБАЛИЕВ

Деги буга барды беле суранып, эгер мүчөсү болсо, анан… – Таппады. Ыргылжың боло түштү да, кимдир бирөө өзүнчө эле сүйлөнүп жаткандай туюлуп кетти. Ким сүйлөнүп жатат? Өзү сүйлөнүп жаткан тура. Ичинен, эч кимге угузбай. Сүйүнүп кетти? Адамга ушундай бир касиет бергенине сүйүндү. Эч кимге угузбай, өзүнчө ичинен сүйлөнүү. Ушунун баарын ачык кыйкырса!.. Корккондой башын чайкады. Кайра сүйүндү, адамдагы ушул касиетти, ичинен сүйлөнүүнү тапканына сүйүндү. Эгер таппаса!.. Жарылып… “Ошентсе да, – деди көп өтпөй, ындыны өчө. – Чекировго бардым беле?” Таппады, башын чайкады. Анан жанатан бери жыйналып жатып чокмороктошуп кеткен ойлор бир эле учурда ныгыра басып, жан айласын таппай калды. Мындан эптеп кутулгусу келди да, саноого өттү. Санай баштады, кеңештин мүчөлөрүн. Баарына эле баргандай болду эле го суранып. Албетте, адегенде аркы-беркини сурамыш болуп, анан акыры суранууга өткөн. Баары эле бир ооздон “оо, Чоке, сага бербегенде…” дешпедиби. (Атүгүл айрымдары “сага бербеген мобул колубуз кесилип калсын!” деп карганып да ийишкен). Алар кимдер эле? Алфавит менен баштайынчы деди. Баштады, бирок жаңылып кетти, чаржайыт болуп кетти. “Ушу он үч кишини санай албагандан кийин… – деп өзүнө кыжырданып алды да, – кой, – деди, – кафедра менен баштайынчы. Дагы жаңылды. Эсеби так чыкпай жатпайбы. Же ашып кетет, же кемип калат. Туталана баштады. Ушул маалда кылыйган бир көз караш элестелип кетти. Ооба. Ошол. Буларды (талапкерлерди дегеним) бирден кабыл алып жатканда ушинтип кылыя карабады беле? Ошол. Өзүнүн кафедрасында иштеген Айкүмүш Назарбаевна. Экөөнүн жылдыздары келишчү эмес негедир. Муну эмнеге кошушкан? Кеңешке мүчө эмес эле го? Жок, жок, мүчө болчу. Бир жолу “бүгүн сабак өтө албайм го, Чолпонбек Алымбаевич, кеңештин жыйыны болот экен” деген сыймыктангандай. “Өтөсүз!” деген ызырынгандай. “Жыйынды сабак учурунда коюуга эч кимдин акысы жок!”. Ушинткен. Ал ызалана чыгып кеткен. Чолпонбек аны узата карап, өзүнчө сүйлөнүп кала берген, “үнүңдү кичине катуу чыгарсаң эле бүттү, ыйлактайт да турат. Академиктин кызы эмес, балакеттин кызы болсоң да!”. Көп өтпөй телефондон “бүгүнкү жыйынга кеңештин бардык мүчөлөрү катышышы керек, өтө олуттуу маселе каралат” деген экс-ректордун өкүм үнү жаңырган. Экс-ректор тике маңдайында тургандай, лам деп ооз ача албай, башын ийкелеңдетип тим болгон. “Жетип барган экен да!” деген ызырына. Деги бул канчага келди ыя?! Деги кылыя караган ошол беле? Эңги-деңги абалда калды. “Деги” деген сөздөн бир эсе арданып, бир эсе селт этип кетти, “айттым беле буга, сурандым беле? “Билбейм” дегендей башын чайкады. Болуптур, ал чийип салыптыр дейли, калган үчөө ким? Кайрадан санап кирди. Санаган сайын эле жаңылышып туруп алды. Жакшы башталып келатып эле чатышып, башаламан болуп кетет. “Өттүм, болду да!.. Анан эмне эле кайра-кайра эстеп. Унутуш керек да! Кантип? Унутуу кандай жакшы! (Бул сөз оозунан зуу этип учуп чыгып кеткенин өзү билбей калды) – башын чайкады, акырын шыбырады. – Өтө оор экен!.. Ошентсе да…”. Өзүн жооткондой болду, көп өтпөй кимдир бирөөгө айтып жаткандай титиреди: “Ой, он экиси тең “ооба, ооба” дешпеди беле?.. Анан санай келсе эле төртөө…”. Кайрадан саноого өттү, элестетип санагысы келди. Мына кызык! Бир-экөөнүн эле ырай-пешенесин көз алдына тарта алды. Канчалык жанталашпасын, калгандарын элестете албай койду. Чер жазыша сүйлөшүшпөптүр да. Кездеше калышса, баш ийкешип өтүп кетишчү. “Эмнени сүйлөшмөк элем, – деди өзүн актай, – же жумушум болбосо…”. Аларды адам эмес, болгону член деп эсептечү экен да. “Ошентсе да төртөө…” – деп келатып, сөзүн улай албай туруп калды. Төртөө!.. Ушул сөз жүрөгүнө сайылып эле туруп алды. Жиндене ордунан ыргып турду. Жөнөп калды. Корпуска кирип баратыптыр. Үйгө кетип баратам деп ойлогон. Токтоп калды, кайда барам? Ээ!.. – деп алды да, экинчи кабатка башын бурду. Мына келди. Туруп калды. Ушул маалда кайсы бир эшик кыйч деп ачылды. Жалт бурулду. Кадрлар бөлүмүнүн башчысы экен. Санаасы тына түштү. Ал жароокер, жайдары Назгүл деген келин эле. Күлүп-жайнап, “мага келдиңизби, агай?” деди күтүп жаткандай. Эмне дээрин билбей, буйдалып калды. “Эми… – деди мукактана. – Сага десем да болот го?.. – дагы буйдала түштү да, бирөө оозуна сала бергендей, – мага тиги Айкүмүш Назарбаевнанын делосу керек болуп жатат”. Бул сөз да кантип чыгып кеткенин билбей калды, бирок ушундай жооп өзүнөн өзү табыла койгонуна сүйүндү. Тиги “эмнеге?” дегендей суроолуу карады да, “жүрүңүз” дегендей кабинетине башын жаңсады. “Айкүмүш Назарбаевна, – деди Чолпонбек үнүн чыгара, анан өзүнчө күбүрөп окуй кетти, – Айкүмүш Назарбаевна. Туулган жери: Фрунзе шаары. Туулган жылы: 1944-жыл”. Туулган жылы. 1944-жыл деген көзүнө кадала түштү. – Өзүнчө күбүрөдү “ошондо 67де экен да. 67… 67…”. Ушинтип күбүрөп, эки баракты алмак-салмак карай берди; “эмнени таба албай жатат?” дегендей суроолуу да, таңданып да карап. Назгүл кыймылсыз турду. Бир маалда эсине келгендей, башын шак көтөрүп:

05.06.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.