ААЛЫ ТОКОМБАЕВ

КҮҮНҮН СЫРЫ

ААЛЫ ТОКОМБАЕВ

– Чек, балам. Чек – деди. Бирок чакчанын алкактай жез чагарагын шаркылдатып, насыбайды өзүнүн алаканына салды да, насыбайын чекпей туруп, чакчаны менин алдыма таштады. Мен насыбай чеккенче, өзү чалкалай түшүп оозуна кагып жиберип, баягы күүнү, дагы сыздатты.

Кымыз ичип, үйгө киргенче, жалгыз күүсүн карыя он чакты кайтарып чертти. Олтургандарга күүнүн кызыгы жокпу, же түшүнбөйбү? Ал тууралуу эч ким эчтеме деген жок. Күүнүн аягына чыкканда гана:

– Ии, балам! Элиңер эсен жатабы? Ии, балам! Бугу атууга даярданып жатасыңарбы? Ии, балам! Эмне өнөрүң бар? – деп коёт да, баягы күүнүн башынан түшөт. Карыянын нээти ошол гана күүнүн айланасында турган сыяктуу. Каш карарганда гана:

– Ии, балам! Үйгө кирелик? – деди карыя.

– Кой союлуп казанга түшкөнчө, карыя жалгыз күүсүн алда канча чертип жиберди.

– Аксакалдын бул күүсүнүн аты эмне? – дедим, жанымдагы кара сакал кишиден сурап.

– Билбеймин, муну эч ким да билбейт, – деди.

– Сиз ушул айылдансызбы? Эмне үчүн билбейсиз? – деп ал кишиден дагы сурадым.

– Ооба, иним, – деди жылмайып, – ушул эле айылданмын. Мен бул кишиден элүү жаш кичүүмүн, сураганга жооп бербейт. Сурап билгидей курбулары да жок. Ошондуктан, эч ким билбейт, – деди.

Бул кишинин сөзү мени ого бетер кызыктырды. Кандай болсо да бул күүнүн сырын чечейин деген ойго түштүм, карыя күтүп турган эмедей:

– Ии, балам! Комуз билесиңби? – деди комуздун кулагын бурап туруп: – Чертүүнү тагдыр мага берген эмес, карыя. Ошого абдан өкүнөм. Бирок угууга мени атайын жараткан, – дедим.

– Ии, балам! Ошондой, турмуш ошондой болот. Болом десе эле болуп калса, анда элдин баары эле олуя болуп албайбы. Анда муң болобу, анда кызыктар да туулбайт, – деди карыя, чертүүгө даярданып.

Мен чыдай алганым жок.

– Карыя, сизден бирдеме сурап алгым келет. Бир элдики экинчи элге таберик эмеспи. Бербей турган болсоңуз уят болбоюн, – дедим.

– Жок, балам! Конок – кут болот. Коноктон аяган, Кудайдан аяган менен тең болот. Сураганыңды ал – деп, комузунун билегинен кармай калды да, шыбыш байкаган бүркүттөй какая калды.

– Элге эр кымбат. Эрге эли менен жер кымбат. Анын баарына туюлбаган өнөр кымбат. Мен үчүн сиздин күүңүз туюлбаган өнөр, чечилбеген суроо сыяктуу. Сиз мукактанып чертип жатасыз, тарыхы караңгы. Мүмкүн, эчен жылы ушинтип черткендирсиз? Бирок эч ким билбейт. Сизге кыянат болбосо, күүнүн сырын чечип берсеңиз? – дедим.

– Олда, балам-ай, – деди карыя, – эми болбостур. Сураганыңды ал, – деп оозумдан да чыгып кетти. Бул сыр жетимиш жети жылдан бери чечилген эмес эле. Бул күүнүн башталганы жетимиш жети жыл болду. Анда мен он алтыга араң чыккан элем. Он мүчөлүмдө[8] айтмакчы элем, ушундай антым бар эле. Кантейин, антты арбактар кечирсин. Өлгөн арбактан коркуп, тирүү адамдын көңүлүн калтырбайын, – деп карыя сөзгө даярданды.

Сүйлөөдөн мурун чагарактуу чакчаны нөкөр өтүктүн апкытына шыкылдатып ургулап, шыкылдатып насыбайды алаканына салды да:

– Тос, балам, колуңду, – деп өз колундагы насыбайды мага берди да, унчукпай гана жерге үңүлүп, бир далайга чейин дагы олтурду. Качан мен насыбайды түкүргөндө, карыя сөзүн мындайча баштады.

– Аңгеме так ушул журттан башталат, анан ушул журттан бүтөт, балам, – деп карыя сөзүн созду.

Жайлоонун толгон кези, так ушул убак эле. Дайыма кулундарды агыткан кезде жылкыны булакка чейин өзүм айдап барчу элем. Дайым мингеним өзүмдүн жайдак кер кунаным болор эле. Бир күнү кулундарды агыткан кезде, жөө туман басып турган эле. Мен адатымча жылкыны булакка жеткирдим да, кер кунан менен кайта тарттым. Алдымдан кызыл буурул ат минген, алачыктай болгон кызыл жигит жолукту да:

– Айыл кимдики? – деди. Мен жооп бергенче кекилик алган бүркүтчө кунанымдан чеңгелдеп ала койду. Мен эчтемеден коркконум жок. Атамдын баатыр жолдоштору мени далай ошентип эркелеткен эле. Мен ошолордун бири го деп ойлодум. Бирок кармаган колу бүркүт апчыгандай болуп, сөөктөрүмдү сыздатып жиберди.

11.10.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.