ААЛЫ ТОКОМБАЕВ

КҮҮНҮН СЫРЫ

ААЛЫ ТОКОМБАЕВ

– Байке далым ооруп кетти, – дедим. Ал тааныш немече:

– Эчтеме болбойт, – деп чапанынын өңүрүн көтөрүп, бөктөрүнчөгүнө отургузду да, кайта кумтуланып койду. Анын кумтуланганы менин өпкө-боорумду кысып жиберди. Жүрөгүм опколжуй түшкөндө:

– Атаке! – деп тыбырап бакырдым.

– Унчукпай жүр! – деп чапанынын эки өңүрүн такымына бегирээк бүктөдү да: – Сен ыйласаң өлтүрөм, унчукпа! – деди.

Жаагым жап боло түштү. Өзүмдүн туткун болгондугума ачык түшүндүм да:

– Байке, кайда алып барасың? – дедим, солуктаган бойдон.

– Менден эчтеке сураба. Оозуңду ачып сүйлөсөң өлөсүң, – деди.

Мен экинчи унчукканым жок. Солуктап гана жүрүп олтурдум. Ким алып бара жатканын жана кайсы жакка баратканымды көргөнүм да жок. Түн киргенде талаага түшөт. Куржундан тамак алып өзү жейт, мага берет. Бирок ооз ачып сүйлөбөйт.

Бир күнү эл орунга олтурганда калдайган калың айылга кез келдик. Ошол күнү мени чүмкөгөн эмес эле. Айылдын баш жагында жумурткадай аппак чоң үй турат. Жигит анын төмөн жагындагы кичирээк боз төбөл үйгө келди да, бирөөнү атынан чакырды. Үйдөгү кишинин үнү чыгып, өзү үйдөн чыга электе:

– Мына баягыңар! Алгыла, – деп мени тапшырып берип, өзү кете берди.

Мен түшкөн үй атактуу байдын коңшусу болуп чыкты. Тизеси оозуна тийген кара кемпир, жыртайган суз көзү менен бир далайга мени карап олтурду да:

– Балам, сен дагы бирөөнүн чырагыдырсың? Чочубай олтур. Сенин да энең бардыр? Энеге баладан кымбат эчтеме болбойт. Эне бала үчүн күйөт, балага кубанат. Бирок салт ушул, мен жашагандан берки салт ушул! – деп башымдан сылап, маңдайымдан өптү да: – Тамак ич, кулунум! Тамак ич, – деди кемпир.

Ошол эле күнү кулдуктун кебетеси башталды. Айылдагылар келип көрө башташты. Адегенде бөжөк сындуу корунуп олтурсам да, ар кимиси бир суроо берип жатышып, мени тилге киргизишти.

Эл жата баштады. Мага бөтөнчө шектенүү да болгон жок. Анткени менин качпай тургандыгым аларга белгилүү эле.

– Тетигил төөнүн комун салынып, тетигил кементайды жамынып жат, балам, – деди баягы кемпир. Ал үйдө андан артык төшөнчү да жок эле. Айла канча, жаттым. Уйкуда ар барбы? Кыялдын дарыясына канчалык аксам да, уйку багындырды.

– Ой, балам! Тур, – деген үн менен кошо көзүмдү ачтым. Таң атып калыптыр. Жубардай ак кыз эңкейип мени карап турат.

– Кайсы жерден келдиң? Кайсы элсиң? – деди кыз жылмайып.

– Билбеймин.

– Эчедесиң?

– Ондомун.

– Бир тууганың бар беле?

– Жалгызмын.

– Жүр, эмесе. Сен өзүмдүн өргөөмдө болосуң, – деди кыз. Кызды ээрчип келген эки келин бир ооз да унчугушкан жок. Кыздын арка чачтарын кармалашып, өздөрүнчө шыбыраша беришти.

Мен кийинип жатканда коңшунун кемпири:

– Кызым! Жалгыз жаның бар, кор кылбай жумша. Эне сүтү оозунан кете элек бирөөнүн жалгызы экен. Баладан бардыгын күтүүгө болот. Бала чегилбеген жумуртка менен бирдей. Жумурткадан карга да чыгат, шумкар да чыгат. Эр болсо элдин ырысы, ини кылып ал, кагылайын, – деди.

– Энеке – деди кыз жылмайып, – сиздин айтканыңызды аткарам, ини кылып алам. Жүдөп баратса, мага айтып туруңуз. Атың ким? – деп, ылдый карап турган мени ээгимден көтөрдү.

– Зарлык.

– Аа, айланайын... Бирөөнүн зарлап көргөн жалгызы тура. Ата-энең Зарлыгынын зарын тартып калгандыр? Өлбө балам, өлбө, – деп кемпир маңдайыман сылап, чекемден өптү да: – Бара гой, кулунум. Эжең менен бара гой, – деди.

Карыя сөзүнүн ушул жерине келгенде, самсаалаган буурул каштарын оң колу менен сылап-сылап койду. Сүйлөп жаткан сөзүн кокусунан унутуп кетти да, адат болуп калган күүсүн күңгүрөтүп жиберди.

– Чал, комузуңду коюп, сөзүңдү бүтүрбөйсүңбү? – деди карыянын байбичеси.

– Макул, макул! Сенин да уккуң келип калган экен, ээ, – деп карыя жылмайган болду да, комузун дайым жазбаган тизесине жөлөй салды.

– Бул балам болбосо, ушул сөзүң көрүңө кошо кетет эле, сүйлө, – деди алтымыштарга барган кемпир.

11.10.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.