Жек Лондон
Мартин Иден
XXVIII ГЛАВА
Ийгилик кайрадан Мартиндин дарегин жоготту, баягы келип аткандардын аягы суюлуп, эшигин какпай калды. Жыйырма беш күн бою, жекшемби, майрамдарга карабай, Мартин дээрлик отуз миң сөздөн турган “Күндүн осолдугу” деп аталган чоң макаланын үстүндө көшөрүп иштеди. Бул Метерлинктин мистицизм мектебине каршы уюштурулган, позитивдүү билимдин чебинен сурулуп чыгып, кереметтер туурасында кылданган фантазерлорго карата чабуулу эле. Макалада бир топ сонун, кереметтүү нерселер болгону менен алардын баары чындык менен гана коошуп турду. Бул чоң макаласына Мартин кийинчерек “Укмуштарга берилгендер” жана “Биздин “менибиздин” чени” аттуу дагы эки чакан очеркти кошту. Кичинекей жана чоң макалалар болуп булар да редакцияларга саякаттап кетти.
Жыйырма беш күнүн сарптап «Күндүн осолдугун» жазып атып, жанагы “кирешелүү” деген майда-барат чыгармаларын Мартин алты жарым долларга сатты. Бирине элүү цент алса, юмористикалык жумалыкка жиберген дагы биринен бүтүндөй бир доллар тапты. Андан тышкары дагы эки куйкум тамашалуу ырын, бирөөн эки, беркисин үч долларга пулдады. Болбой эле алган насыясы (дүкөнчү аны беш долларга чейин көбөйтсө да) тамам болгон соң пальтосу менен велесепетин кайрадан ломабардка алып барып тапшырууга аргасыз болду. Жаза турган машинкенин акчасын да бир ай алдына төлөйм деп келишим кылгансың дешип кыстап киришти.
Бирин –экин майда –барат чыгармасын сатканына шыктана түшкөн Мартин башты оорутпай биротоло эле ушуну “өнөр” кылып алсамбы деп да калды. Ушинтип эптеп, жанын бакса болчудай экен. Столунун астында жаткан басмаканалардан жолу болбогон жыйырма чакты чакан аңгемелери бар эле. Мартин аларды кайталап окуп чыгып, гезитке жарай турган аңгемелерди кантип жазыш керек экенин билгиси, ошону менен жаңы ыкка кантип түшүү зарыл экенин издеди. Ошентип отуруп, гезитке чыкчу аңгеменин акыры жакшылык менен аякташы керектигин, тили деле анчалык ашепке кооз эмес, айта турган ою ачык жана так, сезими болсо баёо болушу керек экенин түшүндү. Бирок аңгемеде дегенде баары бир сезим деген болушу керек деди Мартин, жок дегенде, бир кезде галеркада отуруп алып өзү алаканын аянбай чапкан «Кедей болсо да чынчыл» деген сыяктуу пьесалардагыдай сезим болууга тийиш деп чечти.
Мунун баарын тактап алган соң өзү иштеп чыккан эреже боюнча аңгеме жазганга киришти Мартин. Эреже үч бөлүктөн турмак болду: 1) эки сүйүшкөн түгөй бөлүнүп кетүүгө тийиш; 2) кандайдыр бир окуянын жардамы менен алар кайра кошулууга тийиш; 3) акырында үйлөнүү тоюнун салтанаты. Бул эреженин үчүнчү бөлүгү башкы эсептелип, калган биринчи, экинчи бөлүгүн каалагандай аласалдырып өзгөртүп берсе болот. Сүйүшкөн түгөйлөрдү каргашалуу жаңылыштык, кыстаган кырдаал, кызганычы башынан ашкан атаандаштар, ырайымсыз ата-энелер, митаам ортомчулар ж.б.у.с. ажыраштырып жиберүүсү мүмкүн, ал эми сүйүшкөн түгөйлөрдүн бири-бирине кайрадан кошулуусуна жигит менен кыздын чечкиндүү аракеттери, ата-энелердин же каралашкан адамдардын аргасыз макулдугу же болбосо кандайдыр бир укмуш сырдын күтүлбөгөн жерден ачылып чыга келиши ж. б. у. с. себепкер болуп, окуяны чексиз уланта берсе болот. Бул теманы иштеп жатып, Мартин кээде кызды өзү сүйүп калган кишисине биринчи болуп өзү кадам жасоого мажбурлаган жана башка ушундай окурманды кыйла кызыктыруучу кытмыр айла-амалдарды ойлоп тапты. Бирок аңгемесинде бир гана нерсени өз каалоосуна жараша таптакыр жасай албай койду — асман көңтөрүлүп, жер жарылып кетсе да аңгеменин аягы үйлөнүү тоюу менен бүтүшү керек болчу. Аңгеменин көлөмү да так аныкталды: эң көп дегенде — бир аңгеме бир жарым миң сөздөн ашпагандай жана эң эле аз дегенде, бир миң эки жүз сөздөн кем болбошу керек.
Бул сыяктуу аңгемелерди жазуунун ыкмаларын толук үйрөнгөнгө чейин Мартин беш-алты схема түзүп алып, жазган учурда ар дайым ушуларга карап жаза турган болду. Мунусу математиктер пайдаланган таблица сыяктуу бирде өйдө, бирде ылдый карай, оңдон солго, солдон оңго карай окулуп, эч кандай мээ күчүн чарчатпай туруп эле, дайыма бирдей, туура жана так, каалаган комбинацияны түзүп алууга мүмкүн болчу. Бул схемалар боюнча Мартин жарым сааттын ичинде он чакты сюжетти түзүп таштап коюп, анан аларды бош убакты болгондо иштеп кирчү. Бул ишти ал көбүнчө жатар алдында, күндүзгү оор жумуштан кийин гана аткара турган. Кийинчерээк ал Руфка бул сыяктуу аңгемелерди түшүндө да жазганын айтты. Башкысы — схема түзүп алса болду, калган иш оңой эле иштелет.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.