Жек Лондон
Мартин Иден
Мартин өзү тапкан бул эрежелеринин күчүнө эч кандай шектенген жок, ал басма кызматкерлеринин талабын ушунчалык жакшы билип алгандыктан, алгачкы эки аңгемесин жиберип атып, алардын сөзсүз акча болуп кайтарына ишенди. Чынында эле Мартин он күндөн кийин ар бири төрт доллардан сегиз долларга эки чек алды.
Ал ортодо Мартин журналдарга тиешелүү жаңы бир жагымсыз ачылышты билди. «Трансконтинентал» журналы анын «Коңгуроонун дабышы» деген аңгемесин басып, бирок чегин жиберген жок. Мартин тыйынга өтө муктаж экенин айтып редакцияга кат жазып да жиберди. Болгону чек анан жиберилет, дагы бирдемелер болсо жиберип туруусун өтүнгөн жооп гана келди. Эки күн бою наар татпай, акырында велесепетин дагы карызга таштады. «Трансконтиненталга» өзүнүн ала турган беш долларын эстетип эки жолу кат жазып, жооп ала алган жок, кыязы биринчи келген жоопту кокусунан жиберишсе керек. Мартин бул журналдын бир нече жылдан бери эптеп-септеп күн көрүп келатканын, ага ит да жазылбасын, эч ким сатып да албасын, кайрымдуулук катары жарыяланган анча-мынча кулактандыруудан түшкөн тыйынга гана жан багарын кайдан билсин. Бул журнал басмакерлер менен редактордун жан баккан бирден бир киреше булагы экенин, бирок андай кирешени булар карызын башкаларга төлөбөй коюп гана табышаарын да билген жок. Мартин анын беш долларына редактор өзүнүн үйүн сырдап алганын кайдан билмек. Ал оңбогур редактор сырдагандын акысы кымбат деп битирленип, жанталаша өзү сырдаганы, каадалуу киши эмеспи, кожо көрсүнгө бирөөнү жалдамыш этти эле, анан анысын кимдир бирөө атайын тепкичтен кулатып ийип, бутун сындырып ооруканага кеткени Мартиндин түшүнө да кирмек эмес.
Чикаго гезитине кабыл алынган «Казына издегендер» деген очеркине ала турган он долларын да алган жок. Шаардык китепканадан журналды ачып көрүп, басылып чыкканын өз көзү менен көрдү, бирок басмакерлерден эч кандай жооп болбоду. Жазган каттары да жоопсуз калды. Дарегине так тийсин деп каттарды буйрутма кылып да жөнөттү. Майнап чыкпаган соң акыры Мартин бул таламандын тал тушундагы каракчылык деген чечимге келди. Ал ачкадан өзөрүп жүрсө, анын сатып, бир сындырым нан табам деген буюмун бирөөлөр уурдай качып атса кандай.
«Жаштык жана жеткинчектик» деген жума сайын чыгуучу журнал боло турган. Ал Мартиндин жыйырма бир миң сөздөн турган повестинин үчтөн эки бөлүгүн басып чыгаргандан кийин журнал эмнегедир чыкпай калды. Ошентип, Мартиндин 16 доллар алам деген үмүтү таш капкандай болду.
Какаганга муштаган болуп, эң мыкты деген аңгемеси «Казан» да дайынсыз жок болгону турду. Бул аңгемесин ал көп журналдардын даректерин караштарып атып, акыры аны Сан-Францискодогу «Толкун» деген журналга салып жиберди. Бул журналды тандап алганынын себеби, журналдын редакциясы жакын эле жерде — булуңдун тиги өйүзүндө жайгашкандыктан жооп да бат келер деп ойлоду. Арадан эки жума өткөн соң ал журналдын көрүнүктүү жерине сүрөттөр менен кошо басылган аңгемесин абдан кубанып калды. Жүрөгү өрөпкүгөн Мартин үйүнө кайткан соң басылып чыккан эң мыкты аңгемесине канча төлөйт болду экен деген ой менен алек болду. Басмакерлер эч кандай кабар бербесе да аны сүйүндүргөнү аңгеменин бат эле басылганы болду. Бир жума күттү дагы бир нече күн зуулдап өтүп кетти, бирок чектен кабар жок, Мартин эки жума төрт күн күтүп, акыры уят-сыйыттын баарын жыйыштырып коюп, «Толкундун» редакторуна кат жазды, анда өзүнүн кичинекей гонорары редакциянын башка маанилүү иштеринен улам унутулуп калганын эстетти.
«Эгерде бул аңгемеге жок дегенде беш доллар төлөсө, — деди санаасына байыган Мартин, — мен бул акчага новуя менен буурчак сатып алып, мындай аңгемелердин беш— алтысын жазып салмакмын».
Күтүп тажаганда бир күнү редактордон канын кайнатып, жанын кашайткан момундай бир бетпак жооп келди:
«Сиздин мыкты аңгемеңизге абдан кубанычтабыз. Редакциянын бардык жамааты рахаттана окуп чыгып, өзүңүз көргөндөй, журналдын көрүнүктүү бетине басып чыгардык. Биздин аңгемеге берген сүрөттөрүбүз сизге жаккандыр деп ойлойбуз.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.